Тест для студентов
Список вопросов теста
Вопрос 1
– Кинотеатрлардын ичинен “Ала-Тоого” көбүрөөк барып жүрөм. А сизге кайсы кинотеатр жагат?
–...................................
Варианты ответов
- – А мен болсо “Семетейди” жактырам.
- – “Кыргызстан” кинотеатры 1960-жылы курулган
- – “Манас” кинотеатры жакында оңдолгон.
- – Мен “Ала-Тоо” аянтына барганды жактырам.
Вопрос 2
Сүйлөмдүн бөлүгүнө синоним конструкцияларды тапкыла.
Табият менен таттуу мамилени бузуп, адам баласы жер бетинде экологиялык татаал кырдаалды түзүп алды.
Варианты ответов
- Табият менен таттуу мамилени бузгандыктан
- Эгерде табият менен таттуу мамилени бузса
- Табият менен таттуу мамилени бузганына карабай
- Табият менен таттуу мамилеси бузулуп
Вопрос 3
Бир өңчөй мүчөлөр жана жалпылагыч сөз катышкан сүйлөмдү белгиле.
Варианты ответов
- Кыргызстандын аймагы кен байлыктарга өтө бай.
- Өлкө көмүрдүн запасы боюнча Орто Азияда алдыңкы орунду ээлейт.
- Кыргызстандын аймагындагы темир, жез, коргошун, цинк, молибден, боксит, висмут, сымап, сурма, калай жана баалуу металлдар – баары өнөр жайлык мааниге ээ.
- Ош областынын аймагында 1985-жылдын 1-январына чейин жүздөй кен чалгындалып, мамлекеттин балансына өткөн.
Вопрос 4
Туура (орфографиялык жактан) жазылган катарды белгиле.
Варианты ответов
- аёо, коюу, булгаары, педагогго, Калининградда, Салиевдин.
- айоо, койу, булгары, педагогго, Калининградда, Салиевдин.
- аёоо, коюуу, булгаары, педагогко, Калининградда, Салиевдин.
- аёо, коюу, булгары, педагогго, Калининградда, Салиевтин.
Вопрос 5
Сүйлөмдөрдүн ичинен бөтөн сөзгө тыныш белгилердин туура коюлганын белгилегиле.
Варианты ответов
- “2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” - деп жарыялады КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков.
- 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы”, деп жарыялады КРдин Президенти С.Ш.Жээнбеков.
- 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылы деп жарыялады КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков.
- “2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы”, - деп жарыялады КРдин Президенти С.Ш.Жээнбеков.
Вопрос 6
Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусун закон жүзүндө белгилөөгө, кыргыз тилин жана кыргыз элинин улуттук маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө негиз түзгөн...
Варианты ответов
- мамлекеттик тил мыйзамы
- кош тилдүүлүк мыйзамы
- мамлекеттик тил статусу
- расмий тил мыйзамы
Вопрос 7
Чыгармалардын аттары кандай жазылат?
Варианты ответов
- «Ашырбай драмасы», «Мөлмөлүм ыры»;
- «Сынган кылыч» романы, «Кыргыз кызы» сүрөтү;
- Ак кеме көркөм фильми, Революциянын каармандары монименти;
- «Кел-Кел романы, Боз салкын көркөм фильми»
Вопрос 8
Кой үстүнө торгой ……..заман. Фразеологиялык ширешмени толуктагыла.
Варианты ответов
- тууган
- конгон
- уялаган
- жумурткалаган
Вопрос 9
Төмөндөгү сүйлөмдө кепке коюлуучу кайсы талап бузулду. Биздин отделениеде 15 постоянныйсотрудник бар.
Варианты ответов
- кептин орундуулугу
- кептин көркөмдүүлүгү
- кептин тазалыгы
- кептин тактыгы
Вопрос 10
Эл аралык, улуттук, кесиптик майрамдардын туура жазылган вариантын тап.
Варианты ответов
- 8-Март –Аялдардын Эл аралык майрамы, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү, жаңы жыл майрамы;
- 8-Март –аялдардын эл аралык майрамы, Кыргыз республикасынын эгемендүүлүк күнү, Жаңы жыл майрамы;
- 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү, Жаңы жыл майрамы;
- 8-март – аялдардын эл аралык майрамы, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү, Жаңы жыл майрамы;