Тест
Кожоев Амантур Усманович
24.09.2025.
Тест. Физика, 10 класс
Ньтондун 1-закону жана Инерттүүлүк боюнча түзүлгөн тест
Система оценки:
5 балльная
Список вопросов теста
Вопрос 1
1. Ньютондун 1-закону эмнени түшүндүрөт?
Варианты ответов
- Дененин ылдамдыгынын ар дайым өсүшүн
- Денеге күч таасир этпесе, ал түз сызык боюнча бир калыпта кыймылдайт же тынч абалда калат
- Күчтүн таасири ар дайым тездикти өзгөртөт
- Дененин массасы чоң болсо, күчтүн таасири көбөйөт
Вопрос 2
2. Ньютондун 1-закону дагы кандай ат менен белгилүү?
Варианты ответов
- Ааламдык тартылуу закону
- Инерттүүлүк закону
- Кыймылдын салыштырмалуулук закону
- Кыймылдын теңдемеси
Вопрос 3
3.Күчтүн өлчөө бирдиги?
Варианты ответов
- Джоуль (Дж)
- Ватт (В)
- Ньютон (Н)
- Паскаль (Па)
Вопрос 4
4. 1 Ньютон күч кандайча аныкталат?
Варианты ответов
- 1 кг денеге 10 м/с² ылдамдануу берүүчү күч
- 1 г денеге 1 м/с² ылдамдануу берүүчү күч
- 1 кг денеге 1 м/с² ылдамдануу берүүчү күч
- 1 кг денеге 9,8 м/с² ылдамдануу берүүчү күч
Вопрос 5
5. Массанын физикалык мааниси эмнеде?
Варианты ответов
- Дененин көлөмүн аныктайт
- Дененин инерттүүлүгүнүн өлчөмү
- Дененин узундугун көрсөтөт
- Дененин тыгыздыгын аныктайт
Вопрос 6
6. Кайсы абалда дене инерттүүлүккө ээ?
Варианты ответов
- Тынч турганда гана
- Бир калыпта кыймылдаганда гана
- Ар дайым – тынчтыкта да, кыймылда да
- Ылдамдануу болгондо гана
Вопрос 7
7. "Күч" деген эмне?
Варианты ответов
- Дененин абалы
- Дененин инерттүүлүгү
- Денелердин өз ара аракеттенүүсүн мүнөздөгөн вектордук чоңдук
- Ылдамдыктын өзгөрүү ылдамдыгы
Вопрос 8
8. Кайсы мисал Ньютондун 1-законуна туура келет?
Варианты ответов
- Машина тормозду басканда токтоп калат
- Топко тепкенде ал учуп кетет
- Муз үстүндө түртүлгөн дене көпкө чейин жылып кете берет
- Жер бетине таш түшөт
Вопрос 9
9. Кайсы шартта денеге жыйынтык күч таасир этпейт?
Варианты ответов
- Дененин ылдамдыгы ар дайым өзгөрөт
- Дененин ылдамдыгы туруктуу же ал тынч абалда болот
- Денеге чоң масса таасир этет
- Дененин багыты өзгөрөт
Вопрос 10
10. Массанын өлчөө бирдиги?
Варианты ответов
- Ньютон (Н)
- Джоуль (Дж)
- Паскаль (Па)
- Килограмм (кг)
Получите комплекты видеоуроков + онлайн версии
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике 10 класс
0
63
Нравится
0


