Меню
Тесты

Тест

Avatar
11.04.2024. Тест. Родной язык и литература, 2 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кыргыз графикасынын өзгөчөлүктөрү: 1) Кыргыз графикасында көпчүлүк тыбыштар бир тамга менен белгиленет: а, б, в, д, з, и, й, л, м, н, ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ц, ш, щ, ч, ы, э. 2) Созулма үндүүлөр кыска үндүү тамгалардын эки кайталанып жазылышы аркылуу туюнтулат: аа, ээ, оо, өө, уу, үү. З) Бир эле [э] үндүү тыбышы сөз башында ортосунда жана аягында эки түрдүү тамга менен э, е белгиленет: эне, эреже, эрке ж.б. 4) Алфавиттеги к, г, ж тамгалары экиден тыбышты билдирет. Сездө ичке же жоон үндүү менен келгендигине карай - 2 тыбышты билдирсе да, алфавитте бир гана тамгасы бар. 5) Йоттошкон я (йа), е (йе), ё (йо), ю (йу) тамгалар эки фонеманы берет: таяк, коен, чие, уюм, ж.б. 6) Эгер й тыбышынан кийин оо, уу созулмалары келсе, йоттошкон тамга (е, ю) жана кыска о, у тамгалары менен катар жазылат: аюу, коюу, баео, союу ж.б. 7) Үнсүз в, ф, х, ц, щ тамгалары, ь, ъ белгилери дээрлик орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө гана колдонулат: фонарь, химия, цирк, щётка, лагерь, объект, вагон ж.б.

Список вопросов теста

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт