Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Термодинамика - 4

Термодинамика - 4

Avatar
17.12.2023. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Жылуулук кыймылдаткычтарынын иштөө принциби. Жылуулук кыймылдаткычтарынын ПАК жана анын максималдык мааниси. Жылуулук кыймылдаткычтары жана жаратылышты коргоо темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

ПАК 40% болгон жылуулук машинасы бир циклда муздаткычка        

12 кДж жылуулукту берет. Бир циклда бул машина ысыткычтан канча жылуулукту алат? Жообун кДж менен бергиле.

Варианты ответов
  • 20
  • 30
  • 40
  • 50
  • 60
Вопрос 2

Автобустун кыймылдаткычынын кубаттуулугу 35 кВт  жана 1 саат ичинде  10 кг дизелдик отун пайдаланат. Кыймылдаткычтын ПАКин тапкыла. Дизелдик отундун салыштырма күйүү жылуулугу 42 МДж/кг. Жообун % менен бергиле.

Варианты ответов
  • 15
  • 25
  • 30
  • 4
  • 4,5
Вопрос 3

ПАК 20% болгон жылуулук кыймылдаткычы бир циклда ысыткычтан  5 кДж жылуулук алат. Бир циклда бул машина муздаткычка канча жылуулук санын берет? Жообун кДж менен бергиле.

Варианты ответов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 4,5
Вопрос 4

Спирт күйгөндөгү жылуулуктун  21%  массасы  5 кг болгон сууну 200С ден 800С ка ысытууга кетсе, канча спирт күйгүзүш керек? Суунун салыштырма жылуулук сыйымдуулугу 4200 Дж/кг0С, спирттин күйүү жылуулугу 30 МДж/кг. Жообун грамм менен бергиле.

Варианты ответов
  • 50
  • 100
  • 150
  • 200
  • 250
Вопрос 5

Жылуулук кыймылдаткычынын ПАК 60%га барабар. Машинанын бир циклда ысыткычтан алган жылуулугу, муздаткычка берген жылуулуктан канча эсе көп?

Варианты ответов
  • 1,5
  • 2
  • 2,5
  • 3
  • 4
Вопрос 6

Автобус турактуу 60 км/саат ылдамдык менен 300 км жолду басып өттү.  Автобустун 40% ПАК менен иштеген кыймылдаткычы кубаттуулугун 70 кВт ка жеткирди. Жолду басып өтүүдө канча кг дизелдик отун сарп кылынган? Дизелдик отундун салыштырма күйүү жылуулугу 42 МДж/кг.

Варианты ответов
  • 50
  • 75
  • 100
  • 125
  • 150
Вопрос 7

Кыймылдаткычынын кубаттуулугу 28 кВт болгон автомобиль           

72 км/саат ылдамдык менен кыймылдап, 36 км жолго 4 кг дизелдик отунду сарптады. Эгерде дизелдик отундун күйүү жылуулугу 42 МДж/кг болсо, кыймылдаткычтын ПАКи кандай? Жообун % менен бергиле.

Варианты ответов
  • 15
  • 20
  • 25
  • 30
  • 40
Вопрос 8

ПАК 30% болгон жылуулук кыймылдаткычы  10 минутада 1 кг дизелдик отунду пайдаланат. Кыймылдаткычтын кубаттуулугу кандай? Дизелдик отундун күйүү жылуулугу  42 МДж/кг. Жообун кВт менен бергиле.

Варианты ответов
  • 7
  • 14
  • 21
  • 28
  • 35
Вопрос 9

Мылтыктан атылган октун ылдамдыгы 500 м/с. Октун массасы, дүрмөттүн массасынан 6 эсе чоң. Эгерде дүрмөттүн күйүү жылуулугу

3 МДж/кг болсо, октун ПАКин тапкыла? Жообун % менен бергиле.

Варианты ответов
  • 10
  • 25
  • 30
  • 35
  • 40
Вопрос 10

 Идеал жылуулук машинасында ысыткычтан алган ар бир кДж энергиянын эсебинен 600 Дж жумуш аткарылат. Эгерде муздаткычынын температурасы 300 К болсо, анда ысыткычтын абсолюттук температурасы кандай?

Варианты ответов
  • 450
  • 500
  • 600
  • 750
  • 900
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт