Меню
Тесты
Тесты  /  Биология  /  7 класс  /  Сүт эмүүчүлөр классын жыйынтыктоочу тесттик иш

Сүт эмүүчүлөр классын жыйынтыктоочу тесттик иш

Avatar
18.05.2026. Тест. Биология, 7 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
12-бөлүм: Сүт эмүүчүлөр классын жыйынтыктоочу тесттик иш

Список вопросов теста

Вопрос 1

Сүт эмүүчүлөрдүн канаттуулардан айырмаланган, көкүрөк жана курсак көңдөйүн бөлүп турган өзгөчө булчуңу бар. Бул булчуң дем алууда да чоң роль ойнойт. Ал эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Трахея
  • Боор эт (диафрагма)
  • Кекиртек
  • Бронхтор
Вопрос 2

Эгерде археологдор казып алуу учурунда азуу тиштери жакшы өнүккөн, ал эми кашка тиштери майда жаныбардын баш сөөгүн табышса, бул жаныбардын азыктануу рациону кандай болгон деп божомолдоого болот?

Варианты ответов
  • Бир гана өсүмдүктөр менен азыктанган
  • Эт менен азыктанган жырткыч болгон
  • Суудагы майда балыктарды гана жеген
  • Курт-кумурскалар менен азыктанган
Вопрос 3

Сүт эмүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн түйүлдүгү энесинин жатынында өрчүйт. Түйүлдүктү эненин организми менен байланыштырып, азык зат жана кычкылтек менен камсыз кылуучу орган кайсы?

Варианты ответов
  • Жумурткалык
  • Плацента (тон)
  • Суу чели
  • Жүрөгү
Вопрос 4

Кээ бир сүт эмүүчүлөр (мисалы, суурлар, аюулар) кышкысын чээнге киришет. Бул көрүнүш организмдин кайсы көйгөйүн чечүүгө багытталган?

Варианты ответов
  • Жырткычтардан жашынып, көбөйүү үчүн коопсуздукту камсыз кылуу
  • Азык жок мезгилде энергияны үнөмдөө жана зат алмашууну жайлатуу
  • Кышкысын денесиндеги мителерден тазалануу
  • Жазга чейин булчуң массасын чоңойтуу үчүн эс алуу
Вопрос 5

Жарганаттар — учууга жөндөмдүү жалгыз сүт эмүүчүлөр. Алар караңгыда эч нерсеге урунбай, майда курт-кумурскаларды кармай алышат. Буга алардын кайсы жөндөмү жардам берет?

Варианты ответов
  • Абдан курч көрүүсү
  • Жыт сезүү рецепторлорунун күчтүүлүгү
  • Ультраүндүү эхолокацияны колдонуусу
  • Канаттарындагы сезгич түктөрү.
Вопрос 6

Сүт эмүүчүлөр менен канаттууларды бириктирип турган жалпы физиологиялык окшоштук (адаптация) кайсы?

Варианты ответов
  • Денесинин жүн менен капталышы
  • Эки кан айлануу тегереги жана туруктуу дене температурасы (жылуу кандуулук)
  • Тиштеринин жоктугу
  • Диафрагмасынын болушу
Вопрос 7

Кыргызстандын бийик тоолуу шарттарына ылайыкташкан, сүтү майлуу, эти даамдуу жана жүк ташуучу катары колдонулган бакма сүт эмүүчү кайсы?

Варианты ответов
  • Төө
  • Меринос кою
  • Чочко
  • Топоз
Вопрос 8

Эволюциялык өнүгүүдө сүт эмүүчүлөрдүн нерв системасында (мээсинде) кандай чоң өзгөрүү болгон? Бул алардын жүрүм-турумун татаалдаштырган.

Варианты ответов
  • Мээченин өлчөмүнүн кичирейиши
  • Мээнин чоң жарым шарларынын кыртышынын (кора) пайда болушу жана андагы бырыштардын көбөйүшү
  • Узун сүйрү мээнин жоголуп кетиши
  • Омуртка жүлүнүнүн кыскарышы.
Вопрос 9

 Бакма мал чарбачылыгында (уй, кой) жасалма уруктандырууну колдонуунун эң негизги экономикалык жана биологиялык пайдасы эмнеде?

Варианты ответов
  • Жалпы малдын санын азайтып, жайыттарды сактоо
  • Бир мыкты породалуу эркек малдын генин миңдеген ургаачы малга таратып, породаны тез жакшыртуу
  • Малдын жапайы жаратылышка көнүүсүн камсыз кылуу
  • Малдын тамакка болгон табитин төмөндөтүү
Вопрос 10

Биоценоздо карышкырлардын санын кескин кыскартуу (атып жок кылуу) баштапкы этапта туяктуу жаныбарлардын (мисалы, элик, аркар) санынын өсүшүнө алып келет. Бирок бир нече жылдан кийин туяктуулардын арасында массалык кырылуу башталышы мүмкүн. Мунун логикалык себеби эмнеде?
(азык чынжыры)

Варианты ответов
  • Туяктуулар өсүмдүктөрдү толук жеп жок кылып, ачка калышат жана оорулар тез тарайт
  • Карышкыр жок болсо, туяктууларды башка канаттуулар жеп баштайт
  • Туяктуулар миграция жасай албай калышат
  • Климаттын кескин өзгөрүшү башталат
Вопрос 11

«Ак илбирс — Кыргызстандын тоолорунун символу» деп айтылат. Анын тамандарынын кең жана жүндүү болушунун негизги себеби эмнеде?

Варианты ответов
  • Ташка басканда үн чыгарбоо үчүн гана
  • Калың карда баткакка окшоп батып кетпөөсү жана таманын сууктан коргоо үчүн
  • Душмандарына сүрдүү көрүнүү үчүн
  • Дарактарга оңой чыгуу үчүн
Вопрос 12

Олуя-Ата уй породасы кайсы породанын букасы менен аргындаштыруу аркылуу алынган?

Варианты ответов
  • Англия
  • Индия
  • Монгол
  • Голландия
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт