Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  8 класс  /  Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби боюнча кайтарым байланыш

Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби боюнча кайтарым байланыш

Avatar
15.05.2020. Тест. Родной язык и литература, 8 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
10 суроо 15 мүнөт убакыт. Ойлонуп туура жооп бергиле. Ийгилик!

Список вопросов теста

Вопрос 1

Эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөрдө: 

Варианты ответов
  • Аныктоочтун тобу жана баяндоочтун тобу болот.
  • Ээнин тобу жана баяндоочтун тобу болот.
  • Ээнин тобу жана бышыктоочтун тобу болот.
Вопрос 2

Кара сөз менен жазылган чыгармаларда ээнин тобу кандай орун алат?

Варианты ответов
  • Ар кандай орун алышы мүмкүн.
  • Баяндоочтун тобунан кийин орун алат
  • Баяндоочтун тобунан мурда орун алат
Вопрос 3

Түз орун тартип деген эмне?

Варианты ответов
  • Сүйлөмдөгү сөздөрдүн түптүз жайгашуусу
  • Сүйлөм мүчөлөрүнүн тилде калыптанган, көндүм болгон, адатка айланган орду.
  • А дегенде баяндооч, андан кийин ээнин орун алышы
Вопрос 4

Түз орун тартип боюнча сүйлөм мүчөлөрү  кандай багытта жайгашат?

Варианты ответов
  • А дегенде толуктооч, андан кийин толукталгыч (баяндооч)
  • А дегенде аныктооч андан кийин аныкталгыч
  • А дегенде сүйлөмдүн ээси, андан кийин аягында баяндооч
  • Жогорудагы варианттардын баары туура
Вопрос 5

Бүгүнкү бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба! Сүйлөм кандай орун тартипте жайгашты

Варианты ответов
  • Терс
  • Түз
  • Ар кандай
Вопрос 6

Терс орун тартип деген эмне?

Варианты ответов
  • Сүйлөмдөгү терс маанидеги сөздөрдүн орун алышы.
  • Сүйлөм мүчөлөрүнүн тилде калыптанган, адатка айланган орду.
  • Сүйлөмдүн кандайдыр бир мүчөсү өзүнүн демейки түз ордун өзгөртүп жайгашуусу.
Вопрос 7

Билбеген адам баарына макул болот. Сүйлөмдө логикалык басым кайсы сөзгө түштү тактап айтканда. кайсы сөз көтөрүңкү,  күчтүү үн менен өзгөчөлөнүп айтылды? 

Варианты ответов
  • билбеген адам
  • баарына
  • макул болот
Вопрос 8

Инверсия деген эмне?

Варианты ответов
  • Сүйлөм мүчөлөрүнүн көнүмүш орун тартибинин бузулушу
  • Түз орун тартиптеги сүйлөмдөр
  • Ыр түрүндөгү жана кара сөз түрүндөгү сүйлөмдөр
Вопрос 9

Терс орун тартипте жайгашкан сүйлөмдү белгиле.

Варианты ответов
  • Өз колуңдан келген ишти башкага тапшырба!
  • Учурунда оңдолбогон майда кемчилик бара-бара чоң кемчиликке алып барат.
  • Чыныгы жазуучу башкалардан айкын көрүп турууга тийиш бардыгын.
Вопрос 10

Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби көбүнчө кандай чыгармаларда эркин  өзгөрүлүп айтылат?  

Варианты ответов
  • поэзиялык чыгармаларда
  • кара сөз түрүндөгү чыгармаларда
  • жайынча баяндалган чыгармаларда
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт