Сода
Список вопросов теста
Вопрос 1
СОДА
Байыркы убактардан бери, сода адамдарга белгилүү жана дарылык максаттарда колдонулат. Сода - көмүртек кислотасынын натрий туздары(NaHCO3). Азыркы учурда дүйнѳдѳ соданы ѳнѳр жай ѳндүрүшүндѳ бир нече миллион тонналап ѳндүрүлѳт.Сода көп тармакта колдонулгандыктан, аны универсалдуу зат деп атоого болот. Сода боёк жана тиричилик химияларын өндүрүүдѳ колдонулат. Медицинада көптөгөн ооруларды дарылоо жана ар кандай патологиялык жана физиологиялык абалдарда нормалдаштыруу үчүн пайдаланылат. Аш содасы антацид катары колдонулат (Антацид – кислотаны нейтралдаштыруучу дары). Ал туз кислотасын камтыган ашказан ширесинин кычкылдуулугун азайтат. Бирок антацид катары соданы колдонуу зыяндуу заттын пайда болушуна алып келет. Тамак-аш өнөр жайында - нан бышырууда, кондитердик азыктарды чыгарууда, суусундуктарды даярдоодо колдонулат.
Сода көмүр кычкыл газдуу өрт өчүргүчтөрдө толтургуч катары колдонулат. Анда химиялык реакция жүрүп, анын натыйжасында түссүз жана жытсыз, абадан оор, күйүүнү азайтуучу, сууда эрүүчү газ чыгат
Текстти окуп чыгып, суроого жооп бергиле.
Тапшырма 1. Соданын түзүмүнѳ (составына) кандай химиялык элементтер (аты) кирет?
Жообуӊарды жазгыла._______________________________________________________________________________________________________
Вопрос 2
Сода
Тапшырма 3.
Аш содасы менен ашкана тузунун окшош касиеттерин салыштыргыла. Силер туура деп эсептеген бир жооп вариантын тандоо керек.
Окшош касиеттери Ж Жооптор
Даам Ооба Жок
Кристаллдык катуу заттар Ооба Жок
Түсү ак (түссүз кристаллдар) Ооба Жок
Сууда жакшы эрийт Ооба Жок
Ар кандай кислота калдыктары Ооба Жок
Жыты жок Ооба Жок
Аш тузу уксус кислотасы менен реакцияга кирбейт, ал эми сода реакцияга кирет Ооба Жок Курамында натрийдин атомдору бар Ооба Жок
Варианты ответов
- Даам
- Кристаллдык катуу заттар
- Түсү ак
- Сууда жакшы ээрийт
- Ар кандай кислота калдыктары
- Жыты жок
- Аш тузу уксус кислотасы менен реакцияга кирбейт, ал эми сода реакцияга кирет
- Курамында натрийдин атомдору бар
Вопрос 3
Сода
Тапшырма 4. Окуучуга химиялык лабораторияда өрт өчүргүчтүн үлгүсүн жасоо тапшырмасы берилди. Окуучу өрт өчүргүчтүн моделин жасоо үчүн кандай реагенттерди ала алат? Кандай газ бѳлүнүп чыгат?
Жообуӊарды жазгыла.
Варианты ответов
- Сода
- көмүр кычкыл газы
- кислота
Вопрос 4
Сода
Медицинада көптөгөн ооруларды дарылоо жана ар кандай патологиялык жана физиологиялык абалдарда нормалдаштыруу үчүн пайдаланылат. Аш содасы антацид катары колдонулат (Антацид – кислотаны нейтралдаштыруучу дары). Ал туз кислотасын камтыган ашказан ширесинин кычкылдуулугун азайтат. Бирок антацид катары соданы колдонуу зыяндуу заттын пайда болушуна алып келет.
Тапшырма 5.
Аш содасын медицинада антацид катары колдонуунун натыйжасында зыяндуу зат пайда болот. Бул заттын формуласын белгилегиле.
Варианты ответов
- NaHCO3
- CO2
- HCl
- NaCl


