Себеп жана максат багыныңкы сүйлөмдөр
Автор скрыт
23.04.2020.
Тест. Родной язык и литература, 9 класс
Бүгүнкү өтүлгөн темага байланыштуу берилген тесттерди ойлонуп, туура белгилөө
Система оценки:
5 балльная
Список вопросов теста
Вопрос 1
1. Багыныңкы сүйлөмдүн канча түрү бар?
Варианты ответов
- 4
- 6
- 9
Вопрос 2
2. Себеп багыныңкы сүйлөмдү тап
Варианты ответов
- Ынтымак болбой,иш оңолбойт.
- Токой өрттөнүп кетпеш үчүн,отту кемеге жасап жактык.
- Таң атса да,чырактар өчкөн жок.
Вопрос 3
3. Себеп багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочунун формалары
Варианты ответов
- -ган+дай
- -ган+дыктан
- -ганча
Вопрос 4
4. Багыныңкы сүйлөмдүн түрүн белгиле
Эшик бек болгондуктан,биз кире албадык.
Варианты ответов
- Максат
- Мезгил
- Себеп
Вопрос 5
5. Эмне үчүн? эмнеликтен? деген суроого жооп берген сүйлөм... багыныңкы сүйлөм деп аталат.
Варианты ответов
- Максат
- Себеп
- Карама-каршы
Вопрос 6
6. Багыныңкы сүйлөмдүн түрүн белгиле
Такшалган мыкты геолог болуп чыгыш үчүн, Керимбек жердин сырын жакшы өздөштүргөн.
Варианты ответов
- Салыштырма
- Максат
- Мезгил
Вопрос 7
7. Максат багыныңкы сүйлөмдү тап
Варианты ответов
- Тартип кайда болсо, жеңиш да ошол жерде.
- Сен келбей, иш бүтпөй калды.
- Шаарга эрте жетейин деп,мен бүгүн жолго эрте чыктым.
Вопрос 8
8. Максат багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочунун формалары
Варианты ответов
- -сын үчүн, -са деп
- -ба+сын,-ганы менен
- -ган соң,-ган үчүн
Вопрос 9
9. Максат багыныңкы сүйлөмгө кайсы суроолор берилет?
Варианты ответов
- Качан? качантан бери?
- Эмне үчүн? эмнеге?
- Кантип? эмне болгонсуп?
Вопрос 10
10. Сүйлөмдү толукта
...,эч кимге айтпадык.
Варианты ответов
- Алар туюп калбасын деп
- Ашым калса да
- Качан жакындап барганда
Вопрос 11
11. Сүйлөмдү толукта
... алмалар күбүлүп түштү.
Варианты ответов
- Күн чайыттай ачылса да
- Кар жаап тургандай
- Бороон катуу болгондуктан
Вопрос 12
12. Тиешелүү мүчөнү коюп, сүйлөмдү түз
Күн жылыган ...,жаз эрте келди.
Варианты ответов
- -да
- -дуктан
- -дыктан
Получите комплекты видеоуроков + онлайн версии
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по родному языку и литературе 9 класс
0
846
Нравится
0


