Санариптик практикум
Список вопросов теста
Вопрос 1
Санариптик лаборатория – бул...
Варианты ответов
- компьютер жана санариптик датчиктер уланган кадимки (чыныгы) жабдууларды пайдалануу менен лабораториялык иштерди, демонстрацияларды жана изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүргүзүүгө арналган түзүлүш
- түрдүү физикалык чоңдуктарды каттап, санариптик форматта көрсөтүп берүүчү датчиктердин жыйындысы
- эксперименталдык изилдөөлөрдүн натыйжаларын иштеп чыгууга багытталган атайын компьютердик программа
- акыркы жылдары өндүрүштөн чыгарылган ар кандай жаңы лабораториялык курал-жарактар, өлчөөчү приборлор
Вопрос 2
Санариптик лабораторияны физиканы окутуунун практикасына киргизүүнүн түпкү максаты болуп ... эсептелет.
Варианты ответов
- - окуучуда эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн жана анын натыйжаларын иштеп чыгуунун жаңы маданиятын калыптандыруу
- - физика мугалиминин ишин автоматташтыруу, жаңы деңгээлге чыгаруу
- - окуучунун ишин жеңилдетүү, “татаал” жумуштарды компьютерге өткөрүп берүү
- - мектептин окуу лабораторияларын заманбап жасалгалоо
Вопрос 3
“Радуга” санариптик лабораториясынын датчиктеринин түрлөрү, техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматты кайдан алып таанышса болот?
Варианты ответов
- - www.uchtehpribor.ru сайтынан
- - Датчиктердин техникалык паспортторунан
- - Санариптик лабораториянын Digital lab интерфейсинен
- - Физика окуу китебинен
- - Лаборанттан
Вопрос 4
Төмөнкү тизмедеги санариптик лабораториялардын кайсылары Кыргызстанда жасалган?
Варианты ответов
- - Архимед
- - Эйнштейн
- - Научные развлечения
- - Паско
- - Радуга
- - Туура жообу жок
Вопрос 5
Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин санариптик лабораториялар менен алгылыктуу камсыздалбай жатышынын негизги себептери кайсылар?
Варианты ответов
- - Бул лабораториялардын баасынын кымбаттыгы
- - Лабораториялар жана алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтын жетишсиздиги
- - Мекеме жетекчилигинин, мугалимдердин кайдыгерлиги, кызыкпагандыгы
- - Аларды билим берүү процессинде пайдалануу татаал болуп, мугалимдерге ашыкча түйшүк жаратышы
- - Окутуунун заманбап технологияларын изденип, колдонууга аракет жасабай туруп эле “билим берүү, документ алуу” мүмкүнчүлүгү
Вопрос 6
Радуга санариптик лабораториясынын Digital lab интерфейси бир мезгилде канча датчикти чогуу тейлей алат?
Варианты ответов
- - 1
- - 2
- - 3
- - 4
- - Каалаган сандагы
Вопрос 7
Радуга санариптик лабораториясынын программасын иштетип, керектүү датчиктерди “тааныгандан” кийинки “Проведение измерений” кнопкасынын түсү эмнени билдирет ?
1.
жашыл түс -
2.
кызыл түс -
Варианты ответов
- ал кнопканы басып, өлчөөлөрдү баштоого өтө бер
- алгач датчиктерди өлчөөгө даярда (керектүү параметрлерди тандап кой)
Вопрос 8
Радуга санариптик лабораториясынын курамындагы датчиктердин кирген сигналдарды өлчөөлөрдү убакыт боюнча дискреттештирүү жыштыгын кайсы интервалдарда өзгөртүүгө болот ?
Варианты ответов
- - 1 канал 25 кГц ке чейин
- - 2 канал 10 кГц ке чейин
- - 3 же 4 канал 5 кГц ке чейин
- - Өзгөрбөйт, 1000 кГц
- - бир мезгилде компьютерге кошулуп иштеп жаткан датчиктердин санына жараша ар түрдүү интервалдарда өзгөртүлөт
Вопрос 9
Радуга санариптик лабораториясы өлчөнгөн маалыматты кандай форматтарда сактоого мүмкүндүк берет ?
Варианты ответов
- - .out
- - .xls
- - .txt
- - .docx
Вопрос 10
Радуга санариптик лабораториясынын жардамында тиешелүү өлчөөлөрдү жүргүзүп бүткөндөн кийин программанын жумушчу талаасындагы “обзор” кнопкасын басуу ...
Варианты ответов
- - Масштабды өзгөртүп, бардык өлчөөлөрдүн натыйжасын экрандын бир барагына чогултуп көрсөтөт
- - Графиктин тандап алынган участогун чоңойтот
- - Экранды жаңы өлчөөлөргө даярдайт
- - Өлчөөлөрдүн натыйжасын компьютердин эстутумуна сактайт
Вопрос 11
Digital lab интерфейсинин жумушчу талаасындагы графикти компьютердин экранын бойлото жылдыруу үчүн ...
Варианты ответов
- - Сол клавишасын басуу менен чычканды керектүү багытка жылдыруу
- - Оң клавишасын басуу менен чычканды керектүү багытка жылдыруу
- - Ортоңку клавишасын басуу менен чычканды керектүү багытка жылдыруу
- - Масштабды өзгөртүүчү жебелерди басуу керек.
Вопрос 12
Радуга санариптик лабораториясынын жардамында жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн ийрисинин (графигинин) кайсы бир бөлүгүн экранда чоңойтуп көрсөтүү үчүн ...
Варианты ответов
- - Чычкандын оң клавишасын басып жылдыруу жана бөлүп алуу
- - Чычкандын сол клавишасын басып жылдыруу жана бөлүп алуу
- - Масштабды өзгөртүү
- - Дискреттештирүү жыштыгын чоңойтуу зарыл
Вопрос 13
Сигнал деп өзүнө маалыматты камтуучу ар кандай физикалык процессти түшүнөбүз. Сигналдардын мисалдары ...
Варианты ответов
- - Температуранын графиги
- - Электрокардиограмма
- - Адамдын сүйлөгөн сөзү
- - Санариптик сүрөттөлүш
Вопрос 14
Сигналдарды тариздөө (обработка) – бул ...
Варианты ответов
- - анын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү же андан маалымат алуу максатында сигналдын үстүнөн кандайдыр-бир аракеттерди жүргүзүү
- - презентациялоо максатында сигналды жасалгалоо
- - басылмага (журналга, китепке ж.б.) жайгаштыруу үчүн атайын формага келтирүү
- - талдоо үчүн татаал сигналды жөнөкөй сигналдарга ажыратуу
Вопрос 15
Сигналдарды тариздөө (обработка) ... жардамында жүргүзүлөт.
Варианты ответов
- - компьютердин
- - атайын микросхемалардын
- - аналогдук электр чынжырларынын
- - дизайнерлердин
Вопрос 16
Сигналдарды санариптик тариздөө (обработка) – бул ...
Варианты ответов
- - санариптик эсептөө техникасын колдонуу менен сандык методдордун негизинде жүргүзүлүүчү сигналдарды тариздөө жолу, ыкмасы
- - аналогдук сигналды санариптик форматка өзгөртүп түзүү
- - ар кандай сигналды санариптик куралдардын жардамында каттап, таратуу
- - сигналдарды изилдөөнүн заманбап жолу
Вопрос 17
Сигналды санариптик тариздөө системасынын жалпыланган схемасын пайдаланып, анда аткарылуучу операцияларды ирети менен жайгаштыргыла:

Варианты ответов
- - Аналогдук үзгүлтүксүз сигнал системага кирет
- - Кирген сигнал АСӨ нүн жардамында санариптик форматка өткөрүлөт
- - Санариптик сигнал санариптик жол менен таризделет (өзгөртүлөт)
- - Өзгөртүлгөн санариптик сигнал САӨ нүн жардамында аналогдук сигналга айландырылат
- - Аналогдук сигнал системадан чыгарылат
Вопрос 18
Сигналды аналогдук көрүнүштөн санариптик форматка өзгөртүп түзгүчтө (АСӨ) жүрүүчү процесстерди ирети менен санагыла:

Варианты ответов
- - Аналогдук үзгүлтүксүз сигнал АСӨгө кирет
- - Дискреттелет
- - Квантталат
- - Санариптик форматта (код аркылуу) жазылат
Вопрос 19
Ар кандай физикалык практикумду (өлчөөлөрдү, изилдөөнү) уюштуруп, аткаруу төмөнкүдөй тартипте иреттелген этаптарды өз ичине камтыйт:
Варианты ответов
- - Изилденүүчү (аныкталуучу, өлчөнүүчү, чечилүүчү) маселенин коюлушу
- - Маселени чечүүнүн жолдорун тайпада чогуу талкуулоо
- - Эксперимент жүргүзүүнүн алгоритмин иштеп чыгуу, негиздөө
- - Эксперимент жүргүзүү
- - Алынган маалыматтарды талдоо, тариздөө жана тыянак жасоо
- - Өзүн-өзү текшерүү
Вопрос 20
Абанын басымынын бийиктикке жараша өзгөрүшүн эксперименталдык жол менен аныктоодо кайсы өлчөөчү куралдар колдонулат?
Варианты ответов
- - Абсолюттук басымдын датчиги
- - Салыштырма басымдын датчиги
- - Барометр-анероид
- - Суюктук манометри
- - Температуранын датчиги
Вопрос 21
Суунун "катуулугун" өлчөөчү санариптик куралдын аталышы -
Варианты ответов
- TDS-метр
- pH-метр
- нитратметр
- люксметр
Вопрос 22
pH-метр кандай чоңдуктарды, көрсөткүчтөрдү аныктоо үчүн колдонулат?
Варианты ответов
-
Суунун "катуулугун"
-
Суунун кычкылдуулугун
-
Суу эритмелеринин кычкылдуулугун
-
Жер кыртыштарынын (топурактын) кычкылдуулугун
-
Эритмелердеги суутектин иондорунун концентрациясын
Вопрос 23
Радиациянын деңгээлин көзөмөлдөөчү куралдын жалпы аталышы кандай?
Варианты ответов
- TDS-метр
- pH-метр
- нитратометр
- люксметр
- дозиметр
Вопрос 24
Санариптик пульсоксиметр кандай чоңдуктарды өлчөөгө арналган?
Варианты ответов
- абанын абсолюттук басымын
- артериалдык басымды
- өпкөнүн кычкылтекке каныгуу деңгээлин
- бир минута ичиндеги жүрөктүн кагууларынын санын
- дененин температурасын
Вопрос 25
Санариптик өлчөөчү куралдар төмөнкү тармактардын кайсыларында колдонулбайт?
Варианты ответов
- билим берүүдө
- айыл чарбасында
- медицинада
- транспортто
- туура жообу жок


