Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Салыштырмалуулук теориясынын элементтери

Салыштырмалуулук теориясынын элементтери

Avatar
24.12.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясынын принциптери. Жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы - сигналды таратуунун пределдик ылдамдыгы катары. Масса менен энергиянын байланышы темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Төмөнкү келтирилген тыянактардын кайсылары салыштырмалуулуктун атайын теориясынын постулаттары болот?

Варианты ответов
  • физикалык кубулуштардын баары ар түрдүү инерциалдык эсептөө системаларда бирдей өтөт
  • жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы инерциалдык эсептөө системалардын баардыгы үчүн бирдей
  • механиканын закондору инерциалдык эсептөө системалардын баарында бирдей жазылат
  • физикалык процесстер инерциалдык эсептөө системалардын баарында бирдей эмес өтөт
  • жарыктын ылдамдыгы - салыштырмалуу чоңдук
Вопрос 2

Төмөнкү келтирилген чоңдуктардын кайсынысы салыштырмалуулуктун атайын теориясында  абсолюттук чоңдук болот?

Варианты ответов
  • убакыт
  • узундук
  • убакыт аралыктары
  • телонун массасы
  • жарыктын ылдамдыгы
Вопрос 3

Космостук кораблдин өздүк узундугу 10 м. Байкоочуга салыштырмалуу корабль 0,6 с  ылдамдык менен кыймылга келсе, байкоочу аны кандай  узундукта көрөт?

Варианты ответов
  • 6 м
  • 8 м
  • 10 м
  • 12 м
  • 14 м
Вопрос 4

Жерде турган байкоочу үчүн космостук кораблдин сызыктуу өлчөмдөрү  кыймыл багыты  боюнча 2 эсе азайды. Кораблдеги саат байкоочунун саатына салыштырмалуу канча эсе жайыраак жүрөт?

Варианты ответов
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
Вопрос 5

Эки бөлүкчө кыймылсыз байкоочуга салыштырмалуу \(\upsilon_1=0,5\cdotс\)   жана     \(\upsilon_2=0,6\cdotс\) ылдамдыктары  менен бири-бирин көздөй кыймылдайт. Жакындоонун ылдамдыгын аныктагыла.

Варианты ответов
  • \(\approx\)0,5с

  • \(\approx\)0,6с

  •  \(\approx\)0,7с

  •  \(\approx\)0,85с

  •  \(\approx\)0,95с

Вопрос 6

Тынч абалдагы массасы 10 кг болгон телонун толук энергиясын аныктагыла.

Варианты ответов
  • 9∙1017 Дж

  • 8∙1017 Дж

  • 9∙1016 Дж

  • 8∙1016 Дж

  • 1010 Дж

Вопрос 7

5,4 1018Дж  энергиясы кайсы массага эквиваленттүү?

Варианты ответов
  • 40 кг
  • 60 кг
  • 50 кг
  • 70 кг
  • 100 кг
Вопрос 8

Эгерде телого 9 1014Дж  кошумча энергия берилсе, анын массасы канчага көбөйөт?

Варианты ответов
  • 0,1 кг
  • 0,01 кг
  • 0,05 кг
  • 0,0001 кг
  • 0,9 кг
Вопрос 9

Кыймылдагы электрондун массасы анын тынч абалдагы массасынан          2 эсеге чоң. Электрондун кинетикалык  энергиясын аныктагыла.

Варианты ответов
  • 2 Дж
  • 0,05 Дж
  • 3∙10-10 Дж

  • 8,19∙10-14 Дж

  • 3∙10-16 Дж

Вопрос 10

0,6с ылдамдык менен кыймылдаган, тынч абалдагы массасы  10-30кг болгон  бөлүкчө кандай импульска ээ болот?

Варианты ответов
  • 10-22 \(кг\cdotм/с\)

  • 2,25\(\cdot\)10-22 \(кг\cdotм/с\)

  • \(10^{-20}\ кг\cdotм/с\)

  • 2,25∙10-20 кг\(\cdotм/с\)

  • 10-16 кг\(\cdotм/с\)

Вопрос 11

Бөлүкчө  \(\upsilon=\) 0,4с  ылдамдык менен кыймылга келет. Кыймылдагы бөлүкчөнүн массасы анын тынч  абалдагы массасынан канча эсе чоң?

Варианты ответов
  • ≈3 эсе
  • ≈2 эсе
  • ≈ 1,1 эсе
  • ≈1,5 эсе
  • ≈4 эсе
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт