Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного
использования.
Администрация сайта не
проверяет возможные ошибки,
которые могут встретиться в тестах.
1960-жылдардын акырында “кыргыз керемети” аталган тасмалар кыргыз элин дүйнө
коомчулугуна тааныткан. Ал кездин эң мыкты тасмалары Сүймөнкул Чокморовсуз болгон
эмес. “Кыргыз өңү - Чокморовдун өңүндөй” деп айтылгандай, Чокморов кыргыздын улуттук
мүнөздөгү бардык мыкты жана укмуштуу нерселердин жандуу образы болуп калган. Улуу
актёрдун жашоосундагы кызыктуу фактыларды төмөнкү макалалардан табасыз.
Сүймөнкул Чокморов Аяз ата болгондо
Сүймөнкул Чокморов Кыргыз ССРинин
Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп
турганда жаңы жылдык балатыда Аяз
атанын ролун аткарган кездерин көптөрү
билбесе керек. Анткен менен, ал ошол кезде
болжол менен 5-6 жаштагы балдардын эсинде
калган.
"Азыр баамдасам, Сүрөтчүлөр союзунун
имаратынын экинчи кабатындагы холл экен.
Толук эмес, арыкчырай Аяз атаны көрдүм.
Балаты салтанаты башталганга чейин эле
Бактыгул (анын уулу) атасынын ролун айтып
салды (ата-энем Чокморовдор менен үйбүлөлүк катышта болгондуктан, балдары
бири-бирибизди таанычубуз). Жомок дүйнөм
бырын-чырын чыгып кеткендей болду. Аяз ата
деген башка жактан келет да, деп ичим
ачышты. Мага окшогон бир топ бөбөктөр
жаңы жылдык майрамга жасанып келишкен.
Ал бирден чакырып жатты. Кезек мага келди.
Тизесине отургузуп, Аяз атанын "Кана эми,
Аленушка ырыңды айтып берчи" деген жоон
үндү угуп, чын эле кадимки эле Аяз ата бар
экенине ишенип, ал тургай жаттаган ырымды
такылдап саймедиредим. Себеби мен билген
Сүймөнкулдун үнү таптакыр башка болчу.
"Чыпчын эле Аяз ата турбайбы" деген ынануу
пайда болду окшойт. Азыр эстесем, андан
кийин деле бир канча жылга чейин Аяз атага
ишенип жүрдүм. Ошентип ал кишинин
артисттик чеберчилиги менен жомок дүйнөм
өз калыбында калган", - деп эскерди бала чагын
медиаэксперт, окутуучу Елена Воронина.
Хеопстон эстелик
“Адамзат колунан жаралган, нечендеген доорлордун
элдерин тамшандырган, көрсөм дегендерди ак эткенден
так эттирген, төбөсү булут
челген Хеопстун түбүндө
туруп, ишенесиңби, өзүмдү
ушунчалык бактылуу сезип,
пирамиданын муздак бооруна
кол тийгиздим да, "эми өлүп
кетсем арманым жок, ээ" деп
жиберипмин. Жанымдагылар
таштан-ташка секирип, пирамидаң тепкич-тепкич болот
экен, өйдө чыгып кетишти,
мен ылдыйда калдым, ооруп
жатсам менде дарман-ал
болобу? Утуру мизилдетип
шыпырып-сыйрып турушат,
анан кадам сайын бирден
сакчы. Көздөрүн ирмеп
койбойт. Карындан май
кескендей кесип, кынаптап
тизген чулу таштарды
кыркалатып, зор усталык
менен төшөп чыккан убалы
жок кулдардын кара күчүнө
айран калып басып жүрсөм,
ушул сенин колуңдагы ак
кесек мындай жерде жатат.
Арбап, бура бастырбайт.
Эңкейсем эле эки кадам нары
жакта турган сакчы шекшигидей. А кесек көздү бир
күйгүзөт. Айла куруганда, бет
аарчымды түшүрүп жиберимиш болуп, көздү кычыштырган Хеопстун ак кесегин
кошо илип кеттим. Менин
ордумда актёрдук өнөрдөн
алыс жүргөн адам болсо,
сакчынын колуна түшүп,
көздөрүн жалдыратып турмак…", - деп айтып бериптир
улуу актёр.Сүймөнкул Чокморовдун кыялындагы ролдор
Чокморовдун Манастын ролун жаратсам деген изги тилеги болгон. Актёр Манастын
образын Саякбай Каралаевден улам таанып-билгендиги айтылып келет. Ал "XX кылымдын
Гомеринин" портретин тарткан сайын, эпосту тереңирээк билип, анын көңүлүндө аздектеп,
жан дүйнөсүнө жакын алган.
Экинчи образ – Чыңгызхандын ролу эле. Тарыхый бул адам тууралуу китептерди,
материалдарды чогултуп, аларды окуп, өзүнүн ички дүйнөсүндө жашатып, акыл элегинен
өткөрүп келген. Актёрдун ак эткенден так этип, эңсеген кыялын билген тааныштары чет
өлкөгө чыкканда ал тууралуу китептерди ала келип беришчү экен.
Экранда жаратсам деген дагы бир образы - тарыхый адамдардын бири кубалык Че
Гевара болуптур."Эрки күчтүү, дүйнөсү бай, Куба элинин жалындуу уулу Че Гевара мени ар
дайым кызыктырып келет. Андыктан биздин элдин алдына мына ушул Че Геварадай
азаматын ойносом дегенде эки көзүм төрт.", - деген экен мындан 47 жыл мурда берген
маегинде.