ПИЗАга карата 7-класстардын тести
Список вопросов теста
Вопрос 1
Атмосфералык басым.
Эмне үчүн тоого чыкканда дем алуу кыйындайт? Дем алуу ушунчалык табигый процесс болгондуктан, биз аны байкабай көнүп калганбыз. Бирок аны менен болгон кандайдыр бир көйгөйлөр дароо дүрбөлөңгө салат. Дем алуу кыйын болуп калышынын көптөгөн себептери бар, бирок алардын баары ден соолукка коркунучтуу эмес. Мисалы, Жердин атмосферасында көптөгөн түрдүү: туруктуу жана өзгөрмөлүү компоненттер бар.Туруктуу компоненттерге жер атмосферасынын негизги элементтери болгон азот жана кычкылтек кирет, алар жалпы көлөмдүн 99% ээлейт, ошондой эле суутек, аргон, неон, гелий, криптон, ксенон, радон. Өзгөрмөлүү компоненттер - көмүр кычкыл газы, озон, суу. Ошондой эле туш келди компоненттери бар - күкүрт, чаң, түтүн, туз, өсүмдүк чаңчасы, аммиак ж.б.
Тапшырма 1. Жогору жакта жайгашкан тексти окугула.
Көрсөтмө: Бардык туура тастыктоолорду тандагыла:
Варианты ответов
- 6 км бийиктикте атмосфералык басым деңиз деңгээлиндеги басымга салыштырмалуу 2 эседен ашык төмөндөйт.
- Бийиктик өскөн сайын атмосфералык абадагы кычкылтектин пайызы өзгөрөт.
- Жер бетинде азот атмосфералык абанын ¾ төн көбүн түзөт.
- Абадагы туш келди компоненттердин мазмуну техногендик кырсыктардан көз каранды.
- Бийиктик өскөн сайын атмосфералык абадагы кычкылтектин пайызы азаят.
Вопрос 2
Атмосфералык басым.
Чоң бийиктикте абадагы кычкылтектин пайызы төмөнкү бийиктиктеги бойдон калат. Бирок ошол эле учурда өпкөнүн дубалдарына кычкылтектин басым күчү азайып, кандагы кычкылтектин концентрациясы төмөндөйт. Ошентип, кандагы кычкылтектин саны азаят.
Жогору жактагы жайгашкан тексти окугула.
Тапшырма 2.
Көрсөтмө: Маселени чыгаргыла, туура жоопту тандагыла. Бийиктиги 5895 м болгон Килиминжаро тоосунун чокусундагы альпинистке таасир этүүчү аба басымынын күчүн аныктагыла. Анын этегиндеги аба басымы 100 кПа, ал эми альпинисттин денесинин бетинин аянты 190 дм2 экенин эске алгыла. 1 мм сым. мам. = 133Па жана деңиз деңгээлинен бийиктиктин ар бир 12 м жогорулашы менен басым 1 мм.сым.мам. төмөндөй тургандыгын эске алгыла.
Варианты ответов
- 65,5 кПа
- 60 кПа
- 34,6 кПа
- 65,7 кН
- 50 кН
Вопрос 3
Атмосфералык басым.
Бирок, бир гана негизги себеп: биздин денебиз мындай шарттарда жашоого ыңгайлашкан эмес. Тоонун чокусуна жакындаган сайын дем алуу кыйындай берет.
Жогору жакта жайгашкан тексти окугула.
Тапшырма 3. Суроого жоопту түшүндүрмөсү менен бергиле. Эмне үчүн тоого чыкканда дем алуу кыйындайт?
Көрсөтмө: Туура жоопторду белгилегиле..
Варианты ответов
- Себеби тоого чыкканда чарчап каласын
- Себеби тоого жаан көп жаайт
- Себеби абанын тыгыздыгы төмөндөйт
- Себеби абанын тыгыздыгы жогорулайт
- Себеби тоодо суук болот
- Себеби тоодо ысык болот
- Себеби тоодо кычкылтек жетишсиз болуп калат.
- Себеби бийиктиктин жогорулашы менен атмосфера сейрек боло баштайт.
- Себеби тоодо кычкылтектин концентрациясы азаят.
Вопрос 4
Атмосфералык басым.
Айгерим деңиз деңгээлинен 36 м бийиктиктеги тоонун чокусуна чыкканда, андан кийин бул чокудан 2 эсе жогору чыкканда атмосфералык басымдын өзгөрүшүн иликтөөнү чечти. Ченөө катасы аспаптын шкала бөлүгүнө барабар.
Жогору жакта жайгашкан тексти окугула.
Тапшырма 4. Суроого жоопту түшүндүрмөсү менен бергиле. Айгерим жыйынтыктуу изилдөө жүргүзө алабы?
Көрсөтмө: туура деп санаган жоопту белгилегиле.
Варианты ответов
- Жок жүргүзө албайт. Ченөө катасы 1 мм. сым. мам. болуп саналат. Бийиктиктин 12 м ге өзгөрүшү менен атмосфералык басымдын өзгөрүүсү 1 мм. сым. мам.на өзгөрөт, ошондуктан болжол менен 72 м. бийиктикте басымдын өзгөрүүсү 6 мм. сым. мам. Түзөт.
- Ооба жүргүзө алат. Ченөө катасы 1 мм. сым. мам. болуп саналат. Бийиктиктин 12 м ге өзгөрүшү менен атмосфералык басымдын өзгөрүүсү 1 мм. сым. мам.на өзгөрөт, ошондуктан болжол менен 72 м. бийиктикте басымдын өзгөрүүсү 6 мм. сым. мам. Түзөт.
- Билбейм.


