Меню
Тесты
Тесты  /  Химия  /  8 класс  /  PISA тест сентябрь

PISA тест сентябрь

Avatar
30.05.2024. Тест. Химия, 8 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Саламатсыңарбы окуучулар.Баардыгы 4 суроо.Жообун кенен (толук) жазгыла.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Тапшырма 1. Төмөнкү жактагы жайгашкан тексти окуп чыгып, суроого жооп бергиле. Д.И. Менделеевдин химиялык элементтердин мезгилдик системасындагы йод металл эмессинин жайгашкан ордун колдонуу менен, йод эмне үчүн катуу жана металлдык жалтырактыкка ээ экенин түшүндүргүлѳ. Жообуӊарды жазгыла.

Тест: ЙОД  – металлдык жылтырактыкка ээ болгон кара боз түстөгү кристаллдык зат. Анын укмуштуудай касиети бар: ысытканда, эрибей, б.а. суюк абалга өтпѳй, газ абалына өтөт. Йоддун буусу кескин жыттуу жана кызгылт кѳк түскө ээ. Эркин зат түрүндө ал уулуу болот: йоддун буусу менен дем алуу баш ооруну, жөтөлдү, мурундун агышын жана өпкө шишигин пайда кылышы мүмкүн. Анализдѳѳнүн заманбап ыкмаларын колдонуу менен топуракта, сууда, өсүмдүктөрдө жана жаныбарлардын организмдеринде йоддун аз болсо да саны бар экендигин аныктоого болот. Деӊиз балырлары йодду топтошот. Йод адамдын жана жаныбарлардын жашоосунда өзгөчө роль ойнойт. Малдын тоютуна аз өлчөмдө йод кошуу уйлардын сүттүүлүгүн жогорулатат, койлордун жүнүнүн өсүшүн тездетет, тооктордун жумурткасын көбөйтөт. Йоддун жетишсиздигинен адамдын интеллекти начарлап, гормондун иштебей калышынан жана калкан безинин иштешинин бузулушунан пайда болгон базедов оорусу пайда болот. Йод этил спиртинде жакшы эрийт. Йоддун 5% -түү спирт эритмеси микробго каршы, дүүлүктүрүүчү, алаксытуучу таасирге ээ, жарааттын айыгышын тездетет. Териге колдонууда препараттан патогендик зыяндуу микроорганизмдерге терс таасирин тийгизүүчү активдүү йод жай жана бир калыпта бөлүнүп чыгат. Т

Вопрос 2

Тапшырма 2. Өлкөбүздүн көптөгөн аймактарында адамдардын тамак-ашында жана мал азыгында йоддун өлчөмү жетишсиз экендиги белгилүү. Текстти колдонуп, бул маселени чечүү үчүн эмне кылуу керектигин жазгыла.

Текст: ЙОД - адамдын жана жаныбарлардын жашоосунда өзгөчө роль ойнойт. Малдын тоютуна аз өлчөмдө йод кошуу уйлардын сүттүүлүгүн жогорулатат, койлордун жүнүнүн өсүшүн тездетет, тооктордун жумурткасын көбөйтөт. Йоддун жетишсиздигинен адамдын интеллекти начарлап, гормондун иштебей калышынан жана калкан безинин иштешинин бузулушунан пайда болгон базедов оорусу пайда болот.

Вопрос 3

Тапшырма 3. Тексттен берилген үзүндүдө кандай кубулуш баяндалган? Жообуӊарды түшүндүрүп жазгыла.

Текст: ЙОД  – металлдык жылтырактыкка ээ болгон кара боз түстөгү кристаллдык зат. Анын укмуштуудай касиети бар: ысытканда, эрибей, б.а. суюк абалга өтпѳй, газ абалына өтөт

Вопрос 4

Тапшырма 4. Төмөнкү жактагы жайгашкан тексти окуп чыгып, суроого жооп бергиле. Йоддун спирт эритмесин көгөргөн (жанчылган) жерге колдонуунун - “Йод торчосунун” таасири эмнеге негизделген? Жообуӊарды жазгыла.

Текст: Йод этил спиртинде жакшы эрийт. Йоддун 5% -түү спирт эритмеси микробго каршы, дүүлүктүрүүчү, алаксытуучу таасирге ээ, жарааттын айыгышын тездетет. Териге колдонууда препараттан патогендик зыяндуу микроорганизмдерге терс таасирин тийгизүүчү активдүү йод жай жана бир калыпта бөлүнүп чыгат.

Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по химии 8 класс
0
212

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт