Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  7 класс  /  PISA тест

PISA тест

Avatar
28.05.2024. Тест. Физика, 7 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Саламатсыңарбы окуучулар.Бир гана жолу кире аласыңар.Жообун өзүңөр жазасыңар.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Төмөнкү жакта жайгашкан тексти окугула. Тапшырма 1. Таблица менен таанышкандан кийин, эмне үчүн сүт канчалык майлуу болсо, тыгыздыгы ошончолук төмөн боло тургандыгын түшүндрүп жазгыла? Сүттүн түрү Тыгыздыктын мааниси, кг/м3 Ынак сүт 1027-1032 Майсыздандырылган сүт 1033-1035 Камкаймак 1005-1020 Көрсөтмө: кенен (толук) жооп жазгыла.

Текст: Сүттүн майлуулугун аныктоо Амирдин ата-энеси уй багып, сүттү ортомчу сатуучуга өткөрүшчү. Сатуучу уйдун сүтүндө майлуулугу төмөнкү пайызга ээ экенин дайыма айтып, ал алынган сүт үчүн эң төмөнкү бааны төлөп берчү. Амир апасына уйдун сүтүнүн майлуу экендигин далилдегенге жардам берүүнү чечти. Бул үчүн ал сүттүн тыгыздыгы анын майлуулугу менен кандай байланышта экенин изилдей баштады?

Вопрос 2

Төмөнкү жакта жайгашкан тексти окугула. Тапшырма 2. Ареометр эки түрдүү идишке ырааттуу түрдө чөмүлдүрүлөт (2- сүрөт). Идиштерге спирт жана майлуу сүт куюлганы белгилүү. Көрсөтмө: суюктуктар менен алар куюлган идиштерди дал келтирип, таблицаны цифра менен толтургула.

Текст: Спирт Майлуу сүт Сүттүн майлуулугун аныктоо Суюктуктун тыгыздыгын ченөө үчүн ареометр – куралы (сүрөт - а, б) колдонулат. Курал айнек түтүктөн (2) турат, анын астыңкы бөлүгү майда бөлүкчүлүр (4) менен толтурулган , анын жогорку бөлүгүндө суюктуктун тыгыздыгын көрсөткөн калибрленген шкала (1) жайгашкан. Ареометр суюктуктун тыгыздыгына жараша аздыр-көптүр суюктукка чөмүлдүрүүчү сүзгүч сыяктуу иштейт.

Вопрос 3

Төмөнкү жакта жайгашкан тексти окугула. Тапшырма 3. Ареометрлердин кайсынысы менен сүттүн тыгыздыгын эң чоң тактык менен ченөөгө боло тургандыгын түшүндүрүп жазгыла? Көрсөтмө: кенен (толук) жооп жазгыла

Текст: Сүттүн майлуулугун аныктоо Амир ар кандай суюктуктарды тыгыздыгы боюнча салыштырууну чечти. Бул үчүн ал ареометрлердин түрлөрүн, суюктуктун тыгыздыгын ченөөчү приборлорду изилдей баштады. Таблицада арометрлердин төрт түрү үчүн мүнөздөмөлөр берилген. Ченөө катасы арометрдин бөлүгүнүн маанисине барабар.

Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике 7 класс
0
298

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт