Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  9 класс  /  Өтүлгөндөр боюнча кайталоо

Өтүлгөндөр боюнча кайталоо

Avatar
26.05.2020. Тест. Родной язык и литература, 9 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
окуучулар жылдык өтүлгөн темаларды эске салышат, билишет

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кайсы сүйлөмдө түшүндүрмө мүчө катышты?

Варианты ответов
  • Кыз көгөргөн көлгө, керилген тоолорго суктана карайт
  • Шамбетке Чаргын чапжаак ыраазы.
  • Биз,айылдын жаштары, быйыл өзүбүздүн айылга электр станциясын курабыз
Вопрос 2

Төмөнкү сүйлөмдөн түшүндүрмө мүчөнү тап: Силер,мугалимдер,жаш өспүрүмдөргө таалим-тарбия берүүдө баа жеткис эмгек сиңирдиңер.

Варианты ответов
  • силер
  • мугалимдер
  • жаш өспүрүмдөргө
Вопрос 3

Каратма сөз катышкансүйлөмдү көрсөт

Варианты ответов
  • Таятамдын жомогу көп:кайгылуусу да, коркунучтуусу да бар.
  • Баарынан жакшы көргөнүм-жанагы мүйүздүү Бугу эне жөнүндөгү жомок
  • Сен ал жомокту билесиңби, ата?
Вопрос 4

Татаал сүйлөмдүн кандай түрлөрү бар?

Варианты ответов
  • тең байланыштагы жана багыныңкы байланыштагы
  • жөнөкөй жана татаал
  • бир тутумдуу жана эки тутумдуу
Вопрос 5

Киринди сөз катышкан сүйлөмдү тап

Варианты ответов
  • Бектурган таң куланөөк болгондо эшикте болду
  • Адам, чынын айтканда, бактыга тойбойт
  • Эки гүлдүн ортосуна кандай тикенек чыкканы мага белгисиз
Вопрос 6

Сырдык сөз катышкан сүйлөмдү тап

Варианты ответов
  • Албетте. биз эң алдыңкы окуучуларбыз
  • Катыгүн, бул эмнең?
  • Балам, кечээги алып келген китебиңди берип жибер.
Вопрос 7

Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөрдү көрсөт

Варианты ответов
  • каратма, киринди, сырдык сөздөр
  • атоочтук, чакчыл, кыймыл атоочтор
  • тууранды, тактооч, модалдык сөздөр
Вопрос 8

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдү тап

Варианты ответов
  • Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт.
  • Мыскал баштан өткөргөн окуясын Камкага сүйлөп жатканда, Сатай менен Салмоорбек көчөнү жаңыртып, чуркап келишти.
  • Күзүндө жамгыр болбосо, күлгүн чөп кайдан бүрдөсүн.
Вопрос 9

Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм кандай сүйлөмдөрдөн түзүлөт?

Варианты ответов
  • тең укуктагы жөнөкөй сүйлөмдөрдөн
  • баш жана багыныңкы сүйлөмдөрдөн
  • толук жана кемтик
Вопрос 10

Мезгил багыныңкы сүйлөмдү тап.

Варианты ответов
  • Арабанан ыргып түшүп, Алиман жаныма жетип келди.
  • Оор барскандар күрсүлдөп, устакана керемет
  • Шамбет майданга кеткенден кийин, күтүлбөгөн жерден Чаргын башкарма болду
Вопрос 11

Сыпат багыныңкы сүйлөмдү көрсөт

Варианты ответов
  • Эне тил болбой, эл болбойт.
  • Бетинен нуру чачырап, толкундап Сырга кубанды.
  • Айылдан эртең менен чыгып, станцияга түш оой барабыз.
Вопрос 12

Шарттуу багыныңкы сүйлөмдү тап.

Варианты ответов
  • Күндүн нуру болбосо, суу күркүрөп көбөйбөйт.
  • Бардыгына күн себеп, бардыгына күн керек.
  • Бекендин сөзү катуу тийсе да, Садыр унчукпай тура берди.
Вопрос 13

Максат багыныңкы сүйлөмдү тап.

Варианты ответов
  • Балдар окусун деп, Дүйшөн бизди мектепке ээрчитип келди.
  • Дүйшөн өзү жол баштап, анын артынан балдар чыйырга түштү.
  • Балдар чогулгандан кийин,Дүйшөн күндөгүдөй от жаккан жок.
Вопрос 14

Багыныңкы сүйлөмдүн канча түрү бар?

Варианты ответов
  • 7
  • 8
  • 9
Вопрос 15

Көп багыныңкылуу татаал сүйлөмдү көрсөт.

Варианты ответов
  • Чынында, турмуш өзү сонун турбайбы, үтүрөйгөн кайгы дарбазаны ачканча, кош кубаныч кирип келди.
  • Дагы эшик ачылды, үйгө Зарыл менен Касейин кирди, Касейиндин колунда комузу бар.
  • өстөн казылса, станция тургузулса, ар бир үйдө өчпөс шамдар жанат.
Вопрос 16

Аралаш татаал сүйлөмдү тап.

Варианты ответов
  • М ылтык тарс этти, мен карай калсам, Жапаркул жерде сулап жатыптыр.
  • Эл чогулуп калды, мен Жапаркулдун башын жөлөдүм, ыйлап жибердим.
  • Күн бүркөлдү,туман түштү, борошолоп кар жаады.
Вопрос 17

Салыштырма багыныңкы сүйлөмдү тап.

Варианты ответов
  • Бириндеп булут көрүнсө, күндүн көзү ачылат.
  • Мактанчаак менен жалкоону элдин баары билишет, бирок өзүлөрү өлгүчө билишпейт.
  • Тоого чыккан адам алысты көргөндөй, окуган адам дүйнөнү кең тааныйт.
Вопрос 18

Татаал сүйлөмдүн курамында биринчи бөлүгү жайылма, экинчи бөлүгү жалаң сүйлөмдөн түзүлгөн татаал сүйлөмдү белгиле.

Варианты ответов
  • Байлыктын атасы-эмгек, энеси-жер.
  • Акыл-тозбос тон, билим-түгөнбөс кенч.
  • Күч кетет, билим кетпейт
Вопрос 19

Кандай учурда төл жана бөтөн сөздөрдө кош чекит коюлат?

Варианты ответов
  • тике сөз төл сөздөн мурда келгенде
  • тике сөз төл сөздөн кийин келгенде
  • тике сөз төл сөздүн ортосуна келгенде
Вопрос 20

Кайсы учурда тике сөз катышкан сүйлөмдө суроо жана сызыкча белгилери коюлат?

Варианты ответов
  • тике сөз төл сөздөн мурда келсе
  • суроолуу сүйлөмдүн маанисиндеги тике сөз төл сөздөн мурда келсе
  • тике сөз кыйыр сөз түрүндө колдонулса
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт