Меню
Тесты
Тесты  /  Начальные классы  /  Прочее  /  ОшМУ 050303 - “Башталгыч класстарда англис тилин окутуучу мугалим” багытындагы күндүзгү бөлүмдүн студенттери үчүн

ОшМУ 050303 - “Башталгыч класстарда англис тилин окутуучу мугалим” багытындагы күндүзгү бөлүмдүн студенттери үчүн

Avatar
08.01.2022. Тест. Начальные классы, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
“Педагогикалык чеберчиликтин негиздери” дисциплина боюнча тесттик суроолор

Список вопросов теста

Вопрос 1

......– жеке адамга тиешелүү болгон, башкалардан айырмаланган өзгөчөлүк.

Варианты ответов
  • Жекече өзгөчөлүк
  • Жалпы өзгөчөлүк
  • Чыгармачылык жекече өзгөчөлүк
  • Педагогдун жеке өзгөчөлүгү
Вопрос 2

...... – жеке идеяларга, чыгармачылыкка бай, мотивацияга, жөндөмдүүлүккө, ой жүгүртүүгө, ички активдүүлүккө ээ болгон  инсандык мүнөз.

Варианты ответов
  • Жекече өзгөчөлүк
  • Жалпы өзгөчөлүк
  • Чыгармачылык жекече өзгөчөлүк
  • Педагогдун жеке өзгөчөлүгү
Вопрос 3

....... – окуучуларга болгон мамиленин мүнөзү жана мазмуну; кесиптик ишмердүүлүктү аткаруунун  жекече жолдору; окутуудагы методикалык ыкмалардын, приемдордун, техникалардын оригиналдуу кайталангыс өзгөчөлүгү; билим берүүнүн жаны технологияларын ойлоп табуу, окутуу ыкмаларын чыгармачылык менен өзгөртүп колдоно билүү.

Варианты ответов
  • Жекече өзгөчөлүк
  • Жалпы өзгөчөлүк
  • Чыгармачылык жекече өзгөчөлүк
  • Педагогдун жеке чыгармачылыгы
Вопрос 4

Педчеберчиликтин структурасы (түзүмү) эмнелерден турат?

Варианты ответов
  • Педагогикалык гумандуулук, педагогикалык жөндөмдүүлүк, кесиптик билимдүүлүк, педагогикалык техника.
  • педагогикалык жөндөмдүүлүк, педагогикалык чыгармачылык, педагогикалык такт.
  • педагогикалык техника, кесиптик билимдүүлүк, шыктуулук, активдүүлүк
  • шыктуулук, активдүүлүк, педагогикалык гумандуулук, педагогикалык жөндөмдүүлүк
Вопрос 5

. .... – бул белгилүү бир жумушту (кызматты) аткаруудагы билим, билгичтиктиктердин жыйындысы (тизмеги).

Варианты ответов
  • компетенция
  • конкуренция
  • коррекция
  • компетенттүүлүк
Вопрос 6

..... –  инсандын кайсы бир иш аракеттин багыты боюнча  ишмердүүлүктү сапаттуу аткаруу үчүн билим  билгичтик,  көндүмдөргө ээ болуусу жана сапаттуу колдоно билүүсү

Варианты ответов
  • компетенттүүлүк
  • кесипкөйлүк
  • чыгармачылык
  • жөндөмдүүлүк
Вопрос 7

.... - бул  адистин белгилүү бир жумуш ордунда  кызмат  аткаруу үчүн ээ болуучу кесиптик даярдыктын түрү жана деңгээли (даражасы).

Варианты ответов
  • квалификация
  • мотивация
  • профессия
  • компетенция
Вопрос 8

. ... – бул адистин кайсы бир кесип боюнча билимдерге ээ болуу менен чектелбестен, алган билимдерди иш жүзүндө сапаттуу колдонуу аркылуу белгилүү бир  натыйжага жетишүүсү

Варианты ответов
  • кесиптик активдүүлүк
  • кесиптик компетенттүүлүк
  • кесиптик чыгармачылык
  • кесиптик жөндөмдүүлүк
Вопрос 9

Педагогдун компетенттүүлүгүнүн негизги багыттары кайсылар?

Варианты ответов
  • жалпы инсандык, социалдык-коммуникативдик, атайын кесиптик, кесипттик-маалыматтык компетенттүүлүк;
  • инсандык, социалдык, кесиптик, маалыматтык компетенттүүлүк;
  • информациялык-компьютердик, педагогикалык-методикалык, жалпы инсандык компетенттүүлүк;
  • жеке инсандык, окуу-методикалык, информациялык-компьютердик компетенттүүлүк;
Вопрос 10

......... - бул кесиптик миссияны түшүнүү, кесиптик ой жүгүртүү, адистик боюнча атайын билим, билгичтиктерге ээ болуу жана аларды практикада натыйжалуу колдоно билүү жөндөмүн мүнөздөйт

Варианты ответов
  • адистик боюнча атайын кесиптик компетенттүүлүк
  • социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк
  • инсандык кесиптик компетенттүүлүк
  • кесиптик-маалыматтык компетенттүүлүк
Вопрос 11

.... - адистин кесиптештер, балдар, ата-энелер жана коомчулук менен мамиле түзө билүү, кызматташуу, биргелешкен иш аракеттерди алып баруу көндүмдөрүнө ээ болуусун мүнөздөйт

Варианты ответов
  • адистик боюнча атайын кесиптик компетенттүүлүк
  • социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк
  • инсандык кесиптик компетенттүүлүк
  • кесиптик-маалыматтык компетенттүүлүк
Вопрос 12

. .... - өзүн-өзү жөнгө салуу, өз алдынча чечимдерди кабыл алуу, ар кандай кырдаалда өзүн башкара билүү, кесипке болгон кызыгуу, шыктануу, кесиптик ишмердиктен ырахат алуу, жасаган ишине ыраазы болуу, тынымсыз окуп-үйрөнүүгө аракеттенүү сапаттарынын калыптануусу

Варианты ответов
  • адистик боюнча атайын кесиптик компетенттүүлүк
  • социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк
  • инсандык кесиптик компетенттүүлүк
  • кесиптик-маалыматтык компетенттүүлүк
Вопрос 13

. ... компьютердик сабаттуулук, маалыматтарды  кабыл алуу, топтоо жана талдай билүү, электрондук жана интернет технологияларын колдоно билүү,  сабакта жана сабактан тышкаркы иштерде ИКТны колдоно билүү.

А) адистик боюнча атайын кесиптик компетенттүүлүк

Варианты ответов
  • адистик боюнча атайын кесиптик компетенттүүлүк
  • социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк
  • инсандык кесиптик компетенттүүлүк
  • кесиптик-маалыматтык компетенттүүлүк
Вопрос 14

. ... – мугалимдин өз педагогикалык ишмердигинде, окуучулар, балдар менен болгон мамиледе ченем принцибин сакташы, окуу-тарбия ишинде балдарга ыгын таап туура мамиле жасай билүү, кылдаттык менен табылган педагогикалык каражат-ыкмалар аркылуу окуучуларга таасир көрсөтүү чеберчилиги.

Варианты ответов
  • педагогикалык такт
  • педагогикалык жөндөм
  • педагогикалык техника
  • педагогикалык стил
Вопрос 15

Мугалимдин класстын ичинде жана класстан тышкаркы иштеринде өзүнө карата сын көз караш менен карап, анализдөө, жаңы билим, маалымат жана ойлорго ачык болуу чеберчилиги ...

Варианты ответов
  • өзүн-өзү балоо
  • өзүн-өзү башкаруу
  • өзүн-өзү жөнгө салуу
  • өзүн-өзүкөзөмөлдөө
Вопрос 16

Монтессори педагогикасынын негизги принциби эмнеде

Варианты ответов
  • чондордун баланын өз алдынча өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүсү
  • балага үй-бүлөдө таалим-тарбия берүү, өнүктүрүүгө шарт түзүү
  • балага карата мугалимдин гумандуу мамилесин камсыздоо
  • балага өзүн-өзү өнүктүрүүгө, өзүн-өзү тарбиялоого жана өз алдынча билим алууга түрткү берүү
Вопрос 17

Монтессори педагогикасындагы үч кит?

Варианты ответов
  • окуучу, мугалим, өнүктүрүүчү чөйрө
  • окуучу, ата-эне, мугалим
  • окуучу, мугалим, мектеп
  • окуучу, ата-эне, өнүктүрүүчү чөйрө
Вопрос 18

Монтессори педагогикасындагы окуучулар үчүн эркин өнүгүү чөйрөсүн түзүү чеберчилигинин мааниси эмнеде?

Варианты ответов
  • эркин, өз алдынча, өзүн-өзү башкара билген, жоопкерчиликти сезген балдарды тарбиялоо
  • баланын эркин өнүгүүсүн камсыздоо, өз алдынчалыкка тарбиялоо
  • балага үй-бүлөдө таалим-тарбия берүү, өнүктүрүүгө шарт түзүү
  • чондордун баланын өз алдынча өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүсү
Вопрос 19

Монтессори педагогикасындагы окутуунун негизги формасы кандай?

Варианты ответов
  • А) активдүүлүк борборлорунда сабак өтүү
  • Б) өнүктүрүү борборлорун уюштуруу
  • В) интерактивдүү ыкмалар менен сабак өтүү
  • Г) топтордо сабак өтүү
Вопрос 20

Балдарды окутуудагы “билим берүү маршруту” кайсы педагогикага таандык?

Варианты ответов
  • А) Монтессори педагогикасына
  • Б) Вальдорф педагогикасына
  • В) Амонашвили педагогикасына
  • Г) Коменскийдин педагогикасына
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт