Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Оптика - 5

Оптика - 5

Avatar
20.12.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Жарыктын дифракциясы. Дифракциялык торчо темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Дифракциялык спектрдин үчүнчү катардагы сызыгы төртүнчү катардын толкун узундугу 510 нм болгон сызыгына дал келсе, үчүнчү катардагы сызыктын толкун узундугун тапкыла?

Варианты ответов
  • 397,5 нм
  • 680 нм
  • 340 нм
  • 795 нм
  • 737,5 нм
Вопрос 2

Гюйгенстин  принцибин көрсөткүлө.

Варианты ответов
  • экинчи толкун булактары бири-бири менен когеренттүү болушат
  • толкундук бет деп экинчи толкундарды айланып өтүүчү бетти эсептешет
  • толкундук беттин убакыттын t моментиндеги ар бир чекити экинчи (кийинки) толкундардын булагы болуп эсептелет. Бул экинчи толкундарды жанып өтүүчү бет убакыттын кийинки t+∆t учурундагы толкундук бет болуп эсептелет.
  • мейкиндиктин ар кайсы чекитиндеги термелүүлөрдүн амплитудасы жана фазасы, экинчи толкундардын интерференциясынын натыйжасы болуп эсептелет.
  • толкундук беттин ар бир бирдей аянттагы бөлүктөрүнүн нурданышынын кубаттуулугу бирдей.
Вопрос 3

Эгерде толкундардын күчөшүнүн максимуму 300 жантаю бурчунда көрүнсө, анда дифракциялык торчодон өткөн толкундардын оптикалык жолунун айырмасын аныктагыла. Дифракциялык торчонун турактуулугу  0,05 мм. Жообун микрометр менен бергиле.

Варианты ответов
  • 0,1
  • 25
  • 0,35
  • 0,4
  • 0,5
Вопрос 4

Дифракциялык торчонун 1 мм де 500 штрих бар. Бул торчону толкун узундугу 5 10 -7 м болгон монохроматикалык жарык нуру менен жарыктандырганда бардыгы канча максимум алынат?

Варианты ответов
  • 3
  • 4
  • 5
  • 9
  • 10
Вопрос 5

Турактуулугу 1,6 мкм болгон тунук дифракциялык торчого перпендикуляр багытта толкун узундугу 500 нм болгон жарык толкуну түшөт. Бул торчодон алынган эң чоң катардагы (тартиптеги) максимум байкалган дифракция бурчун аныктагыла.

Варианты ответов
  • ∝=arc sin⁡ 0,85
  • ∝=arсsin 0,94
  • ∝=arсsin 0,65
  • ∝=arсsin 0,55
  • ∝=arсsin 0,7
Вопрос 6

Мезгили 0,01 мм болгон дифракциялык торчодон 2 м аралыкта экранда  алынган (толкун узундуктары 0,4 мкм ден 0,7 мкм чейин) биринчи катардагы бардык спектрдин жазылыгы (эни) кандай?

Варианты ответов
  • 0,02 м
  • 0,03 м
  • 0,06 м
  • 0,07 м
  • 0,08м
Вопрос 7

Гелий толтурулган разряддык түтүктөн  чыккан нурдун тобу дифракциялык торчого нормалдуу (тик) түшөт. Экинчи катардагы гелийдин кызыл  нуруна        ( λ=0.69 мкм )     үчүнчү катардагы спектрдин кайсы толкун узундугу дал келет? Жообун микрометр менен бергиле.

Варианты ответов
  • 0,2
  • 0,3
  • 0,46
  • 0,6
  • 0,7
Вопрос 8

Дифракциялык торчого гелий  толтурулган разряд түтүгүнөн перпендикуляр багытта нур түшөт. Спектрдин экинчи катарындагы гелийдин кызыл ( λ=6,6∙ 10 -5  см ) сызыгы үчүнчү катардагы кайсы сызыкка дал келет?

Варианты ответов
  • \(44\cdot10^{-5}\ см\)

  • \(12\cdot10^{-5}\ см\)

  • \(2,2\cdot10^{-5}\ см\)

  • \(4,4\cdot10^{-5}\ см\)

  • \(0,44\cdot10^{-5}\ см\)

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт