Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Оптика - 4

Оптика - 4

Avatar
20.12.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Когеренттүүлүк. Жарыктын интерференциясы жана анын техникада колдонулушу темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Мейкиндиктин берилген чекитине келген когеренттик жарык нурларынын тобунун оптикалык жолдорунун айырмасы 3 мкм ге барабар. Эгерде толкун узундугу 0,5 мкм болсо, анда бул чекитте жарык күчөтүлөбү же начарлайбы? Бул нурлардын оптикалык жолдорунун айырмасына канча толкун узундугу туура келет?

Варианты ответов
  • Күчөтүлүшү күтүлөт. 6 толкун узундугу туура келет.
  • Начарлоосу күтүлөт. Бүтүн сан эмес толкун узундугу туура келет.
  • Күчөтүлүшү күтүлөт, анткени оптикалык жолдун айырмасына 2 толкун узундугу туура келет.
  • Начарлоосу күтүлөт, анткени оптикалык жолдун айырмасына 7 жарым толкун узундугу туура келет.
  • Туруктуу интерференциялык картина болбойт.
Вопрос 2

Эмне үчүн самын көбүгүнүн бетинин бир эле жеринин интерференциялык боелушу тынымсыз өзгөрүлүп турат?

Варианты ответов
  • көбүктүн капталдарынын калыңдыгы тынымсыз өзгөрүлүп турат
  • жарыктын түшүү бурчу тынымсыз өзгөрүлүп турат
  • сынуу көрсөткүчүнүн өзгөрүшүнөн
  • жарыктын чагылуу бурчунун өзгөрүшүнөн
Вопрос 3

Жарык толкундарынын интерференциясы деген эмне?

Варианты ответов
  • жарыктын тоскоолдуктарды айланып өтүү кубулушу
  • жарыктын термелүүлөрүнүн багыттарынын иреттелүү кубулушу
  • ак жарыктын спектрге ажыроо кубулушу
  • когеренттүү жарык толкундарынын катталышынан мейкиндикте анын термелүүлөрүнүн күчөшү жана начарлоосу кезектешип орун алган туруктуу сүрөттүн пайда болуу кубулушу
  • тунук эмес диафрагмалардан көлөкө пайда болуу кубулушу
Вопрос 4

Кайсы кубулуш жарыктын туурасына термелүүчү толкун экендигин далилдейт?

Варианты ответов
  • дисперсия
  • поляризация
  • интерференция
  • толук ички чагылуу
  • дифракция
Вопрос 5

Сынуу көрсөткүчү n=1,25 болгон тунук пленка толкун узундугу 500 нм болгон перпендикуляр түшкөн жарык нурлары менен жарыктандырылган. Пленканын  кандай эң кичинекей калыңдыгында андан чагылган жарыкта пленка карамтыл болуп көрүнөт? Жообун микрометр менен бергиле.

Варианты ответов
  • 10
  • 0,1
  • 0,2
  • 1
  • 5
Вопрос 6

Төмөнкү мисалдардын кайсынысы интерференциянын практикада колдонулушу болуп эсептелет.

Варианты ответов
  • жарык толкундарынын узундугун так аныктоо
  • газдын жана башка заттардын сынуу көрсөткүчүн аныктоо
  • беттин тегизделүүсүнүн сапатын текшерүү
  • рычагдуу тараза менен нерселерди таразага тартуу
  • ак жарыктын призмадан өткөндө спектрге ажырашы
Вопрос 7

Кызыл жарык нуру  абадан оптикалык тыгыздыгы n>1  тунук чөйрө аркылуу өткөрүлдү. n дин кандай маанисинде толкун узундугу 0,760 мкм болгон кызыл нур  абадагы жашыл жарыктын (0,57 мкм) толкун узундугундай  толкун узундугуна ээ болот?

Варианты ответов
  • n=1,9
  • n=1,2
  • n=2
  • n=1,33
  • n=1,5
Вопрос 8

Сынуу көрсөткүчү 1,5 болгон тунук пленкага узундугу 0,75 мкм болгон кызыл нурлар нормалдуу (тик) тиет. Пленканын кандай минималдык калыңдыгында чагылган нурда пленка кызыл болуп көрүнөт? Жообун микрометр менен бергиле.

Варианты ответов
  • 0,01
  • 0,1
  • 0,125
  • 0,25
  • 0,3
Вопрос 9

А жана В точкаларынан бир мезгилде жана бирдей фазада жыштыгы 550 Гц ке барабар болгон термелүү С багытын көздөй  330 м/с ылдамдыкта тарайт. Ушул учурда С точкасында амплитуда кандай болот? АС=12 м, ВС=15 м.

Варианты ответов
  • 0
  • амплитудалардын суммасына барабар
  • амплитудалардын айырмасына барабар
  • амплитуданын жарымына (0,5) барабар
Вопрос 10

Эки когеренттик жарык булагынын аралыгы 1 мм. Экранга чейинки аралык 7 м. Жашыл интерференциялык тилкелер бири биринен 3,5 мм аралыкта алынды. Жашыл жарыктын толкун узундугун тапкыла.

Варианты ответов
  • \(5\cdot10^{-7}\ м\)

  • \(6\cdot10^{-7}\ м\)

  • \(5,37\cdot10^{-7}\ м\)

  • \(4,75\cdot10^{-7}\ м\)

  • \(4\cdot10^{-7}\ м\)

Вопрос 11

Юнгдун тажрыйбасындагы көзөнөкчөлөр алгач кызыл жарык          

( λ 1 =6,8∙ 10-7  м ) менен, андан кийин көк жарык ( λ 2 =4∙ 10 -7 м ) менен жарыктандырылган. Экинчи учурда жанаша интерференциялык тилкелердин ортосундагы аралык кандай өзгөрөт?

Варианты ответов
  • 2 эсе чоңоет
  • 1,7 эсе чоңоет
  • 1,5 эсе чоңоет
  • 1,7 эсе кичиреет
  • 1,5 эсе кичиреет
Вопрос 12

Юнгдун тажрыйбасында көзөнөкчөлөр толкун узундугу 0,7 мкм монохроматикалык жарык менен жарыктандырылган. Көзөнөкчөлөрдүн ортосундагы аралык 1 мм. Ал эми көзөнөкчөлөрдөн экранга чейинки аралык 3 м. Биринчи максимумдун ордун тапкыла. Жообун миллиметр менен бергиле.

Варианты ответов
  • 2,5
  • 0,4
  • 2,1
  • 3
  • 5
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт