Онунчу класстын биринчи чейрек үчүн текшерүү тестти
Список вопросов теста
Вопрос 1
Механикалык кыймыл деп .......... өзгөрүшүн айтабыз.
Варианты ответов
- Убакыттын өтүшү менен эки нерсенин ортосундагы аралыктын
- Мейкиндикте нерсенин абалынын
- Убакыттын өтүшү менен нерсенин мейкиндиктеги абалынын башка нерсеге салыштырмалуу
- Нерсенин ар кандай чекиттеринин ортосундагы аралыктын
Вопрос 2
Төмөндө берилген физикалык чоңдуктардын ичинен кайсынысы вектордук болуп эсептелет?
Варианты ответов
- Масса
- Жол
- Тыгыздык
- Ылдамдык
Вопрос 3
Абасы сордурулган түтүктөн бытыранын,пробканын,куштун канатынын бирдей эле бийиктиктен түшүшүндө, кайсынысы түтүктүн түбүнө биринчи түшөт?
Варианты ответов
- Бытыра
- Пробка
- Куштун канаты
- Үчөө тең бир убакта түшөт
Вопрос 4
Нерсеге башка нерселер аракет этпеген учурда, нерсенин ылдамдыкты сактоо кубулушу ........ деп аталат.
Варианты ответов
- Тынч абал
- Кыймыл
- Инерция
- Учуу
Вопрос 5
Массасы 3 кг болгон арабачаны 6 Н күч менен түртүп, кыймылга келтиришти. Арабачанын ылдамдануусун аныктагыла.
Варианты ответов
- 18 м/с2
- 1,6 м/с2
- 2 м/с2
- 0,5 м/с2
Вопрос 6
Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону кайсы окумуштуу тарабынан ачылган?
Варианты ответов
- Архимед
- Галилей
- Ньютон
- Аристотель
Вопрос 7
Экинчи космос ылдамдыгы канчага барабар?
Варианты ответов
- 8 км/с
- 11,2 км/с
- 11,2 км/саат
- 7,9 км/саат
Вопрос 8
Нерсе 30 Н күчтүн таасири астында 5 м бийиктикке көтөрүлдү. Бул күчтүн жумушу эмнеге барабар?
Варианты ответов
- 0 Дж
- 50 Дж
- 100 Дж
- 150 Дж
Вопрос 9
Деформация деп ...... айтабыз.
Варианты ответов
- Күчтүн таасири астында нерсенин формасынын сакталышын
- Күчтүн таасири астында нерсенин кыймылынын ылдамдыгынын сакталышы
- Күчтүн таасири астында нерсенин формасынын, өлчөмүнүн өзгөрүшүн
- Күчтүн таасири астында нерсенин ылдамдыгын
Вопрос 10
Узаруу - бул ........
Варианты ответов
- Оордук күчүнө карама-каршы багытта стерженге аракет эткен күч
- Стержендин созулган жана созулбаган абалындагы узундуктардын айырмасы
- Созуу учурундагы стержендин деформацияланышы
- Оордук күчүнүн багыты боюнча стерженге аракет эткен күч


