Олимпиада АЖФ
Список вопросов теста
Вопрос 1
Иммунитеттин түрлөрү менен алар үчүн жооптуу кан клеткаларынын ортосундагы катышты түзгүлө.
1. гуморалдык иммунитет 2. клеткалык иммунитет
а. Б-лимфоцит
б. Т-лимфоцит
Варианты ответов
- 1а 2б
- 1б 2а
- 1а 2а
- 1б 2б
Вопрос 2
Кан топторун аныктоодо антиген (аглютиноген) менен антитело (аглютинин) кездешкенде аглютинация төмөнкү себептерден улам пайда болот:
Варианты ответов
- а. Лейкоциттердин чапташуусу
- б. Лейкоциттедин бузулуусу
- в. Эритроциттердин чапташуусу
- г. Тромбоциттердин чапташуусу
Вопрос 3
Ак расанын адамдарында Rh+оң кандын пайда болуу жыштыгы:
Варианты ответов
- а. 50%
- б. 65%
- в. 75%
- г. 86%
Вопрос 4
Дем алууда адамдын дем алуу системасында абанын өтүү ырааттуулугун көрсөтүңүз:
1. өпкө, 2. кекиртек. 3. таноолор, 4. Коко, 5 коко жапкыч, 6 өпкө альвеолдору,
Варианты ответов
- а) 2,3,5,4,1,6
- б) 3,5,4,2,1,6
- в) 1,2,3,4,5,6
- г) 6,5,4,3,2,1
Вопрос 5
Витаминдердин топторун жана алардын өкүлдөрүн дал келтириңиз:
1. сууда ээрүүчү витаминдер а) витамин А,Д,Е,К
2. майда ээрүүчү витаминдер б) биофлавоноид, холин, карнитин
3. витамин сымал заттар в) В тобундагы витаминдер, С витамин
Варианты ответов
- А) 1а, 2б, 3в
- Б) 1в, 2а, 3б
- В) 1б, 2а, 3в
- Г) 1б, 2в, 3а
Вопрос 6
Сийдик бөлүп чыгаруу системасында акыркы зааранын курамында төмөнкүлөр камтылбайт
Варианты ответов
- а) натрий хлориди
- б) мочевина
- в) суу
- г) белок
Вопрос 7
Шилекейде бактерициддик касиетке ээ:
Варианты ответов
- а) эндонуклеаза
- б) лизоцим
- в) пепсин
- г) мутцин
Вопрос 8
Адамдардын жоон ичегинин жайгашуу тартибин туура тандаңыз
1) жоон ичеги, 2) сокур ичеги 3) түз ичеги
Варианты ответов
- а) 1,2,3,
- б) 2,1,3
- в) 3,1,2
- г) 1,3,2
Вопрос 9
Нейрондун түрү (морфофункционалдык өзгөчөлүгү боюнча) менен анын функциясынын ортосунда дал келүүлөрдү түзүңүз:
1. афференттик
2. интеркалярдык
3. эфференттик
а) келип түшкөн маалыматты иштетүү (рефлекстик жаа жабуу)
б) нерв импульстарын мээден жана жүлүндөн эффекторлорго берүү
в) рецепторлордон мээнин жана жүлүндүн нерв борборлоруна дүүлүктүрүүнү өткөрүү
Варианты ответов
- 1в 2а 3б
- 1в 2б 3а
- 1а 2б 3в
- 1б 2а 3в
Вопрос 10
Ички секреция бездери биологиялык активдүү заттарды бөлүп чыгарат
Варианты ответов
- витаминдер
- нутреинттер
- гормондор
- ферменттер


