Мониторинг
Список вопросов теста
Вопрос 1
Илимге “Ойкономия” терминин ким киргизген?
Варианты ответов
- Гректин улуу ойчулу Аристотель
- Норвегия окумуштуусу Рагнар Фриш
- Англиялык экономист Давид Рикардо
Вопрос 2
Грекче “ойкос” термининин мааниси кандай?
Варианты ответов
- мамлекет
- үй-чарба
- айыл чарба
Вопрос 3
Экономика илиминин бөлүнүшүн атагыла
Варианты ответов
- Эл аралык соода жана бизнес
- Экономикалык модель жана чектелгендик
- Микроэкономика жана макроэкономика
Вопрос 4
Бүткүл улуттук чарба жөнүндөгү илим эмне деп аталат?
Варианты ответов
- Макроэкономика
- Саясат жана мамлекет
- Микроэкономика
Вопрос 5
Микроэкономика жана макроэкономика түшүнүктөрүн биринчи жолу (1933-ж.) ким пайдаланган?
Варианты ответов
- Норвегия окумуштуусу Рагнар Фриш
- Гректин улуу ойчулу Аристотель
- Англиялык экономист Давид Рикардо
Вопрос 6
Керектөөчүлөр жана фирмалар жөнүндөгү илим эмне деп аталат?
Варианты ответов
- Микроэкономика
- Макроэкономика
- Саясат жана мамлекет
Вопрос 7
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеке өзүнүн талабын канааттандырууга пайдаланган тараптарды эмне деп атайбыз?
Варианты ответов
- керектөөчүлөр
- кызмат көрсөтүүчүлөр
- соодагерлер
Вопрос 8
Биз ала турган буюмдун башка бир буюм аркылуу өлчөнө турган баасы эмне деп аталат?
Варианты ответов
- Альтернативдүү нарк
- Базар баасы
- Кошумча нарк
Вопрос 9
Товарларды чыгарууга жана кызмат өтөөгө катышкан ресурстар эмне деп аталат?
Варианты ответов
- өндүрүш факторлору
- өндүргүч күчтөр
- өндүрүш мамилелери
Вопрос 10
Жерди пайдалангандыгы үчүн төлөгөн баа ... деп аталат?
Варианты ответов
- рента
- эмгек
- капитал
Вопрос 11
Эмгек үчүн же аткарылган иш үчүн төлөнгөн акы эмне деп аталат?
Варианты ответов
- эмгек акы
- үстөк акы
- процент
Вопрос 12
Өндүрүш процессинде адамдар короткон акыл же кара күч аракеттерин экономисттер эмне деп аташат?
Варианты ответов
- эмгек
- аракет
- капитал
Вопрос 13
Экономикалык системалар канча типке бөлүнөт?
Варианты ответов
- 4
- 5
- 6
Вопрос 14
Адамдардын жана фирмалардын өндүрүш каражаттарына ээ болуу укугу эмне деп аталат?
Варианты ответов
- капитал
- жеке менчик
- процент
Вопрос 15
Сатуучулар, керектөөчүлөр ортосундагы эң пайдалуу, үнөмдүү шарттар үчүн күрөш эмне деп аталат?
Варианты ответов
- атаандаштык (конкуренция)
- капитал
- процент
Вопрос 16
Бардык түшкөн акчанын өндүрүшкө кеткен чыгымдарды алып таштагандан кийинки суммасы эмне деп аталат?
Варианты ответов
- эмгек акы
- пайда
- процент
Вопрос 17
Экономика илими экономикалык өсүштүн канча тибин бөлүп көрсөтөт?
Варианты ответов
- 2
- 3
- 4
Вопрос 18
Керектөөчүнүн буюмду же кызмат көрсөтүүнү белгилүү жерде жана белгилүү убакта сатып алууну каалашы жана мүмкүнчүлүгү эмне деп аталат?
Варианты ответов
- рыноктук тең салмактуулук
- сунуш
- суроо-талап
Вопрос 19
Сатып алуучу белгилүү баада, белгилүү убакытта сатып алууга даяр болгон товардын саны эмне деп аталат?
Варианты ответов
- суроо-талаптын чоңдугу (көлөмү)
- сунуштун баасы
- рыноктук тең салмактуулук
Вопрос 20
Өндүрүүчүлөрдүн белгилүү товарды же кызмат көрсөтүүнүн ар түрдүү баада сатууга даяр болушу эмне деп аталат?
Варианты ответов
- суроо-талап
- сунуш
- нарк