Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  Прочее  /  Молекулалык физика жана термодинамика - фазалык өтүүлөр

Молекулалык физика жана термодинамика - фазалык өтүүлөр

Avatar
27.05.2021. Тест. Физика, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Фазалардын тең салмактуулугу. Фазалык өтүүлөр. Тесттик тапшырмалар.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Төмөндөгү формулалардын ичинен Клапейрон-Клаузиустун теңдемесин көрсөткүлө:

Варианты ответов
  • \(PV=RT\)

  • \(PV=\left(\frac{m}{\mu}\right)RT\)

  • \(\left(P+\frac{a}{V^2}\right)\left(V-b\right)=RT\)

  • \(P\left(V-b\right)=RT\)

  • \(\frac{dP}{dT}=\frac{\lambda}{\left(V_2-V_1\right)T}\)

Вопрос 2

Сүрөттө төрт түрдүү заттын температураларынын убакыттын өтүшү менен өзгөрүүлөрүнүн графиктери берилген. Ысытуу башталганга чейин бул заттардын бардыгы суюк абалда болушкан. Бул заттардын кайсынысынын кайноо температурасы эң чоң?

 

 

Варианты ответов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
Вопрос 3
  1. Кутудагы каймак майдын молекулалары ал майдын эритилген абалындагы молекулаларынан эмнеси менен айырмаланышат?
Варианты ответов
  • өлчөмү менен
  • эч нерсеси менен айырмаланышпайт
  • атомдорунун саны менен
  • касиеттери менен
Вопрос 4
  1. Калай кандай абалдарда  (газ, суюк, катуу)  боло алат?
Варианты ответов
  • катуу абалда
  • ар кандай абалдарда
  • суюк абалда
  • газ абалында
Вопрос 5
  1. Газдардын жеңил кысылуучулугун кандайча түшүндүрүүгө болот?
Варианты ответов
  • газдардын молекулаларынын арасында аралыктын салыштырмалуу чоң болушу менен
  • газдын молекулаларынын бири бирине тартылуусу менен
  • алардын молекулаларынын кыймылынын баш аламандуулугу менен
  • алардын молекулаларынын ылдамдыктарынын чоң болушу менен
Вопрос 6
  1. 100  температурада суу буусу конденсацияланган процессте жылуулук саны ...
Варианты ответов
  • бөлүнүп чыгат
  • жутулат
  • бөлүнүп чыкпайт жана жутулбайт
  • бөлүнүп чыгышы да, жутулушу да мүмкүн
Вопрос 7

\(0^оС\)  температурадагы муздун сыныгы тоскоолдукка урунуп, толугу менен эрип кетиши үчүн ал кандай ылдамдык менен учушу керек?  Муздун толук механикалык энергиясы анын ички энергиясына өтөт. Муздун салыштырма эрүү жылуулугу 320 кДж/кг.

Варианты ответов
  • 200 \(\frac{м}{с}\)

  • 400\(\frac{м}{с}\)

  • 800\(\frac{м}{с}\)

  • 100\(\frac{м}{с}\)

  • 1200\(\frac{м}{с}\)

Вопрос 8

Жамгыр же кар жаап жаткан учурда аба-ырайынын салыштырмалуу жылуу болуп турушун кандайча түшүндүрөбүз?

Варианты ответов
  • булуттагы суу буулары конденсацияланып жатканда бөлүнүүчү жылуулуктун эсебинен
  • булуттагы майда суу тамчылары кристаллдашып жатканда бөлүнүүчү жылуулуктун эсебинен
  • булуттагы майда суу тамчылары бууланышы үчүн керектелүүчү жылуулуктун эсебинен
  • майда кар бүртүкчөлөрү ээриши үчүн керектелүүчү жылуулуктун эсебинен
  • булуттар пайда кылган “парник эффектинин” эсебинен
Вопрос 9

Атмосфералык басымдын жогорулашы менен муздун эрүү температурасы кандайча өзгөрөт?

Варианты ответов
  • жогорулайт
  • төмөндөйт
  • өзгөрбөйт
  • заттардын эрүү температурасы басымдан көз каранды эмес
  • туура жообу жок
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике Прочее
0
504

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт