Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  Прочее  /  Молекулалык физика жана термодинамика - реал газ

Молекулалык физика жана термодинамика - реал газ

Avatar
11.05.2021. Тест. Физика, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Реал газдардын касиеттерин түшүнүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттик суроолор

Список вопросов теста

Вопрос 1

Ван-дер – Ваальстын теңдемесинин физикалык мааниси:

Варианты ответов
  • газды анын критикалык температурасынан төмөнкү температурада изотермикалык шартта кысуу аркылуу суюктукка айландырууга болорун көрсөтөт
  • газды адиабаттык кысуу жолу менен суюктукка айландырууга болот
  • газдын төмөнкү температуралардагы жана жогорку басым астындагы касиеттерин туура түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет
  • туура жообу жок
Вопрос 2

Бир моль реал газ үчүн Ван-дер-Ваальстын теңдемеси:

Варианты ответов
  • \(PV=\frac{m}{\mu}RT\)

  • \(PV=RT\)

  • \(\left(P+\frac{a}{V_{\mu}^2}\right)\left(V_{\mu}-b\right)=RT\)

  • \(A=P\triangle V\)

  • \(C_P=C_V+R\)

Вопрос 3

Ван-дер Ваальстын теңдемесиндеги  R  чоңдугунун сандык мааниси...

Варианты ответов
  • универсал газ турактуусу R=8,31 Дж/(моль∙К) ден чоң.
  • универсал газ турактуусу R=8,31 Дж/(моль∙К) ге барабар.
  • универсал газ турактуусу R=8,31 Дж/(моль∙К) ден кичине жана газдын тегинен көз каранды.
  • ар бир газ үчүн өзүнчө, теңдемедеги Ван-дер Ваальстын түзөтүүлөрүнүн ( а жана b ) жана ал газдын критикалык параметрлеринин маанилеринин жардамында эсептелет.
Вопрос 4

Критикалык абалда суюктук менен анын буусунун тыгыздыктары өз ара кандайча катышат?

Варианты ответов
  • заттын суюк абалынын тыгыздыгы анын буусунун тыгыздыгынан бир кыйла чоң.
  • заттын суюк абалынын тыгыздыгы анын буусунун тыгыздыгынан кичине.
  • заттын суюк абалынын тыгыздыгы анын буусунун тыгыздыгына барабар.
  • критикалык чекитте заттын суюк жана буу абалдарынын айырмасы жоголот.
Вопрос 5

 Газдын “реал” моделинин теңдемесиндеги Ван-дер-Ваальстын  басымга түзөтүүсү (a) кандай кызматты аткарат?

Варианты ответов
  • газдын молекулаларынын арасында өз ара тартышуу күчү аракеттенишерин эсепке алат.
  • газдын молекулаларынын өздүк көлөмгө ээ болушарын эсепке алат.
  • молекулалардын аралыктан өз ара тартышууларынын натыйжасында газдарда “ички басым” жараларын эсепке алат.
  • идиштин молекулалар ээлеген бөлүгүндө башка молекулалар эркин кыймылдай албай тургандыктарын эсепке алат.
  • теориялык эсептөөлөр эксперименталдык өлчөөлөрдүн натыйжаларын туура түшүндүрүшү үчүн кошумча киргизилген чоңдук.
Вопрос 6

Газдын “реал” моделинин теңдемесиндеги Ван-дер-Ваальстын  көлөмгө түзөтүүсү (b) кандай кызматты аткарат?

Варианты ответов
  • газдын молекулаларынын арасында өз ара тартышуу күчү аракеттенишерин эсепке алат.
  • газдын молекулаларынын өздүк көлөмгө ээ болушарын эсепке алат.
  • молекулалардын аралыктан өз ара тартышууларынын натыйжасында газдарда “ички басым” жараларын эсепке алат.
  • идиштин молекулалар ээлеген бөлүгүндө башка молекулалар эркин кыймылдай албай тургандыктарын эсепке алат.
  • теориялык эсептөөлөр эксперименталдык өлчөөлөрдүн натыйжаларын туура түшүндүрүшү үчүн кошумча киргизилген чоңдук.
Вопрос 7

Кайсы учурларда газдын “реал” модели үчүн сунушталган Ван-дер Ваальстын теңдемесин идеал газдын абалынын “жөнөкөй”теңдемеси менен алмаштырып колдонууга болот?

Варианты ответов
  • эсептөөлөрдөн адашып, кыйналып кеткен учурларда
  • изилденип жаткан газдын тыгыздыгы өтө аз жана температурасы жогору болгон кезде
  • газдын температурасы өтө төмөн, тыгыздыгы өтө жогору болгон кезде
  • молекулалардын ортосундагы өз ара тартышууларды жана алардын өздүк өлчөмдөрүн эсепке албагыдай газ сейректелген учурда
Вопрос 8

Ван-дер Ваальстын теориялык изотерма ийрилерин талдоодон заттын кандай өзгөчө абалдары жашоосу мүмкүн экендигин айта алабыз?

Варианты ответов
  • өтө (ашыкча) каныккан буу абалы
  • өтө (ашыкча) ысып кеткен суюктук абалы
  • критикалык абалы
  • газ, суюк жана катуу абалдары
Вопрос 9

Джоуль-Томсондун эффекти практикада ... үчүн колдонулат.

Варианты ответов
  • газдын температурасын төмөндөтүү
  • газдарды суюктукка айландыруу
  • реал газдын касиетин үйрөнүү
  • төмөнкү температураларды алуу
  • колдонулушка ээ эмес
Вопрос 10

Суюктук менен анын каныккан буусунун ортосундагы физикалык касиеттердин айырмачылыгы жоголгон температура – бул ...

Варианты ответов
  • кайноо температурасы
  • буу пайда болуунун температурасы
  • критикалык температура
  • буулануу башталган температура
Вопрос 11

Эгерде каныккан буунун температурасын жогорулатсак анда, анын басымы өзгөрөбү?

Варианты ответов
  • басым жогорулайт
  • басым төмөндөйт
  • каныккан буунун басымы температурадан көз каранды эмес
  • буу кеңейгенде басым өзгөрөт
  • басым нөлгө барабар болуп калат
Вопрос 12

Каныкпаган бууну кантип каныккан бууга айландырууга болот?

Варианты ответов
  • температурасын төмөндөтүп
  • температурасын жогорулатып
  • көлөмүн чоңойтуп
  • көлөмүн кичирейтип
  • температурасын төмөндөтүп жана көлөмүн кичирейтип
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по физике Прочее
0
513

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт