Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  10 класс  /  Молекулалык физика - 3

Молекулалык физика - 3

Avatar
15.12.2023. Тест. Физика, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Газдын молекулаларынын ылдамдыгы темаcы боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Эгерде газдын абсолюттук температурасы 16 эсе көбөйсө, анын молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы канча эсе өсөт?

Варианты ответов
  • 4
  • 8
  • 16
  • 32
  • 48
Вопрос 2

Бир газдын молдук массасы  экинчи газдыкынан 9 эсе көп. Эгерде температуралары бирдей болсо, анда бул газдардын молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыктары бири-биринен канча эсе айырмаланышат?

Варианты ответов
  • 2
  • 3
  • 6
  • 9
  • 18
Вопрос 3

Газдын молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы 200 м/с. Эгерде газдын температурасын 9 эсе жогорулатса, анын молекулаларынын ылдамдыгы кандай болуп калат?

Варианты ответов
  • 200
  • 400
  • 600
  • 900
  • 1800
Вопрос 4

Эгерде идеал газдын молекулаларынын концентрациясы 3 эсе көбөйсө, ал эми молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы өзгөрүүсүз калса, газдын басымы кандай өзгөрөт?

Варианты ответов
  • 3 эсе көбөйөт
  • 2 эсе көбөйөт
  • өзгөрбөйт
  • 2 эсе азаят
  • 3 эсе азаят
Вопрос 5

Берилген температурада кычкылтектин молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы 100 м/с болсо, ушул эле температурада суутектин молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы канчага барабар? Суутектин молдук массасы 0,002 кг/моль, ал эми кычкылтектики -   0,032 кг/моль.

Варианты ответов
  • 100
  • 400
  • 800
  • 1600
  • 3200
Вопрос 6

Газдын баштапкы температурасы 270С. Эгерде газды ысыткандан кийин анын молекулаларынын орточо кинетикалык энергиясы 3 эсе көбөйсө, газдын температурасы канчалык жогорулаган?

Варианты ответов
  • 300
  • 400
  • 600
  • 1200
  • 1500
Вопрос 7

Суутектин молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы 2000 м/с болсо, абсолюттук температурасы кандай? Суутектин молдук массасы     0,002 кг/моль.

Варианты ответов
  • 100
  • 120
  • 200
  • 250
  • 320
Вопрос 8

Эгерде газдын тыгыздыгы 1,5 кг/м3, ал эми молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы 300 м/с болсо, ал газ кандай басым көрсөтөт? Жообун кПа менен бергиле.

Варианты ответов
  • 9
  • 15
  • 18
  • 30
  • 45
Вопрос 9

Газдын молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы 500 м/с, ал эми басымы 100 кПа. Бул газдын тыгыздыгы кандай?

Варианты ответов
  • 0,5
  • 1
  • 1,2
  • 1,3
  • 1,5
Вопрос 10

Массасы 10 г болгон газ 27 л көлөмдү ээлейт. Эгерде анын басымы   100 кПа болсо, молекулаларынын орточо квадраттык ылдамдыгы кандай?

Варианты ответов
  • 100
  • 300
  • 600
  • 900
  • 1200
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт