Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  Прочее  /  !-модуль үчүн тесттер

!-модуль үчүн тесттер

Avatar
03.11.2024. Тест. Прочее, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
1-курс.1-модуль үчүн тесттик суроолор 2024-2025-окуу жылы

Список вопросов теста

Вопрос 1

Боз үй элибиздин ... жылдардан берки тарыхын эске салып, өзүнүн ички жана тышкы кооз ... менен өзгөлөрдү өзүнө тартып турат.
- көптөгөн, кооздугу
- миңдеген, жасалгасы
- жүздөгөн, сулуулугу
- байыртадан, сонундугу
 

Варианты ответов
  • - байыртадан, сонундугу
  • - көптөгөн, кооздугу
  • миңдеген, жасалгасы
  • жүздөгөн, сулуулугу
Вопрос 2

Айта албайт, сары ала деген эки сөз арасында үндүү тыбыштын айтылышы жана жазылышы 

Варианты ответов
  • в) биринчи сөздүн аягындагы үндүү түшүрүлүп айтылат, бирок жазууда үндүү тыбыш түшүрүлбөй эки бөлөк жазылат
  • б) түшүрүлүп жазылат
  • а) өзгөртүүсүз айтылат жана өзгөртүүсүз жазылат
  • г) кошмок сөздөр бириктирилип жазылса деле, үндүү түшүрүлбөй жазылат
Вопрос 3

Сөздөр орфоэпиялык нормада берилген сүйлөм 

Варианты ответов
  • Эки илабың-кызыл гүл, Ачылгандай Мөлмөлүм
  • Ал кайра кыргыз жерине көчтү, ата конушун тапты
  • Келечеги жөнүндө эмне үчүн мурда ойломбоду экен
  • Ал бир күкүрт, он тукум сатып алды
Вопрос 4

Түндүктүн үстүнөн ... же ... түндүк жабуу тартылат. 

Варианты ответов
  • кечкисин, жылдыз суюлганда;
  • түнкүсүн, жаан жааганда;
  • эрте менен, күн тийгенде.
  • күндүзү, кар жааганда;
Вопрос 5

“Көк бөрү” оюнунун ... алыскы тарыхка барып такалып, тамыры ... .

Варианты ответов
  • өзгөрүшү, тарам.
  • жаралышы, терең;
  • тарыхы, узун;
  • пайда болушу, бар;
Вопрос 6

Күнүнө жүздөгөн адамдарга салам айтуу менен биз ошончо жолу бири-бирибизге  ... чачып турабыз.

Варианты ответов
  • өмүрүбүздү
  • жылуулугубузду
  • мээр-махабатыбызды
  • энергиябызды
Вопрос 7

Кайсы катардагы сөздөр адабий тилдин нормасына ылайык келбейт? 

Варианты ответов
  • Сени көрсөм эле, колум кычышат
  • Сени көрсөм эле, мурдум кычышат
  • Сени көрсөм эле, тилим кычышат
  • Сени көрсөм эле, көзүм күйөт
Вопрос 8

Туура жазылган татаал сөздөрдүн катарын тап

Варианты ответов
  • үй бүлө, жер шаары, кара кок
  • Жалалабат, таш көмүр, көз айнек
  • Ат-Башы, эртели кеч, ата-эне
  • үрөң –бараң, ар кандай, бар-жок
Вопрос 9

Жамаат отурган  кезде...

Варианты ответов
  • ойлонбой сүйлөө – шашмалык
  • коштошпой чыгып кетүү – адепсиздик
  • аткарбай коюу – жоопкерчиликсиздик
  • туура эмес кыймыл – тарбиясыздык
Вопрос 10

Боз үйдүн ички түзүлүшү?

Варианты ответов
  • Улага, капшыт, төр
  • Эр жак, эпчи жак, төр жак
  • Он жак, сол жак, төр жак
  • Эр жак, ашкана жак
Вопрос 11

Адам өмүр бою өзүн ..., ошого өмүрүңдү арнап, ... карч уруш абзел. 

Варианты ответов
  • окутуп, жан дүйнөсүн
  • изилдеп, мээнетин
  • аңдап, жүрөгүн
  • тарбиялап, кара жанын
Вопрос 12

Адам аттары кичине тамга менен жазылабы? 

Варианты ответов
  • адамдын аты кыскартылып берилгенде
  • адам аттары кичине тамга менен жазылбайт
  • жалпы атка айланган учурда, - лык, - чы, - чыл мүчөлөрү уланганда
  • адам аты уулу, кызы деген сөздөр кошо айтылганда
Вопрос 13

Кошмок сөз туура жазылган сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Тарыхтын шам чырагысыз тактика түнт
  • Боз үйдүн эң мыктысы – өргөө.
  • Ата-бабаны урматтабоо - барып турган наадандык
  • Пай-пай, кудайым өңдү да, өнөрдү да берген белем бу балага.
Вопрос 14

Үндүү менен аяктаган этиш сөзгө –ар мүчөсү жалганса сөздөгү үндүү …..

Варианты ответов
  • созулуп айтылбайт, жазууга жол берилбейт.
  • созулуп айтылат, жазууга жол берилбейт.
  • созулуп айтылбайт, басым түшүрүлөт.
  • созулуп айтылат, жазууга жол берилет.
Вопрос 15

Сөздун туура жазылган катарын тапкыла?

Варианты ответов
  • тойуп,сойуш,чийин
  • кийим,койон,сою
  • союл,оюн,күйөө
  • ойуп,кийип,байпак
Вопрос 16

Мамлекеттердин жана мамлекеттик жогорку органдардын аттарынын  туура жазылган катарын белгиле?

Варианты ответов
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Иран Ислам Республикасы
  • Кытай эл республикасы, Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  • Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын өкмөтү
  • Америка Кошмо Штаты, Кыргыз Республикасынын констициялык соту
Вопрос 17

Кереге – бул .....
 

Варианты ответов
  • Боз үйдүн уук бекитилүүчү жыгач жасалгасы
  • Боз үйдүн эшиги бекитилүүчү жыгач жасалгасы
  • Боз үйдүн түндүгү бекитилүүчү жыгач жасалгасы
  • Боз үйдүн баканы бекитилүүчү жыгач жасалгасы
Вопрос 18

Туура эмес жазылган вариантын көрсөтүңүз.

Варианты ответов
  • бараар
  • сүйлөөр
  • бийлээр
  • ойлоор
Вопрос 19

Туура эмес жазылган вариантты белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Ж.Баласагын – орто кылымдагы даанышман.
  • А. И.Раззаков – мыкты саясатчы болгон.
  • С.Чокморов – сүрөтчү.
  • Ч. Айтматов – Оруссиянын жана Кыргызстандын улуу жазуучусу.
Вопрос 20

Туура жазылышына көңүл буруп, сүйлөмдү толуктагыла.

Кечиресиз, … кинотеатрына чейин кайсы троллейбус барарын билесизби?

Варианты ответов
  • Ак-буура
  • "Ак-Буура"
  • Ак-Буура
  • "Акбуура"
Вопрос 21

Төмөнкү сүйлөмдөрдөн чебер деген сөздүн синонимин тапкыла?

Варианты ответов
  • Энем ашкан албуут, жактууга жай бербеген карасур киши эле.
  • Алардын мамилеси алда канча өзгөрдү.
  • Ал баштагы окуяны өтө эле көркөмдөп ийди.
  • Амалкөй сөздөргө абдан уста эле.
Вопрос 22

Туура жазылган татаал сөздөрдүн катарын белгиле

Варианты ответов
  • кыз-келиндер, каратору, мед.фак.
  • ак жумгал, үй-бүлө, көк-жөтөл
  • ден-соолук, кары картаң, студ.кеңеш
  • КРдин, алдын алуу, эчтеме
Вопрос 23

Жылтыраган от деген сөз айкашын сүйлөмгө айландыргыла.

Варианты ответов
  • сүйлөм боло албайт
  • жылтыраган от
  • жылтыраган - от.
  • жылтырап от көрүндү;
Вопрос 24

Төмөнкү сүйлөмдөн өтмө маанилүү сөз катышкан сүйлөмдү белгиле.
 

Варианты ответов
  • Балам келет – бешикке, шайтандар кетет – эшикке.
  • Жаңжалдан жалын чыкпайбы, жамандык башта жутпайбы.
  • Жазда малды айдап бак, кышта малды байлап бак.
  • Тойго келгендердин тамагы үчүн жети кызыл өгүз союлат.
Вопрос 25

Туура жазылган астрономиялык аттардын катарын көрсөткүлө.

Варианты ответов
  • Жер, Күн, Алтын Казык, Жети Каракчы, Жетиген;
  • Жер, күн, Алтын казык, Жети каракчы, Жетиген;
  • Жер, күн, Алтын казык, Жети каракчы, Жетиген;
  • жер, күн, Алтын казык, Жети Каракчы, Жетиген.
Вопрос 26

«Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүү - көңүлдүн борборундагы маселе» - бул сүйлөм кайсы стилге мүнөздүү? 

Варианты ответов
  • көркөм стиль
  • иш кагаздар стили
  • илимий стиль
  • публицистикалык стиль
Вопрос 27

Туура эмес жазылган сөздөрдү белгилегиле.

Варианты ответов
  • Жаңы жыл майрамы, Нооруз майрамы.
  • Айтматовдук, Кыргызстандык;
  • Солто, манасчы, Камбар ата;
  • Адам ата, саяк, отузуул;
Вопрос 28

Орден, медалдардын  аттары кандай жазылат? 

Варианты ответов
  • ар бир сөзү баш тамга менен
  • тырмакчага алынып, сөздөрү кичине тамга менен
  • биринчи сөзү баш тамга менен, тырмакчага алынбай
  • биринчи сөзү баш тамга менен, тырмакчага алынып
Вопрос 29

Публицистикалык стилдин подстилдерин белгиле

Варианты ответов
  • очерк, роман, фельетон, интервью, дебат
  • фельетон, интервью, макала, репортаж, очерк
  • фельетон, памфлет, очерк, эссе, ангеме, сатира
  • интервью, очерк, юмор, пресс-конференция, репортаж
Вопрос 30

Туура эмес жазылган кош сөздөрдүн катарын белгиле.

Варианты ответов
  • бал камыш, жооп бер, отуз-беш
  • тамак-аш, мөмө-жемиш, ыйык-тыйкы
  • жол башчы, темир жол, оймо-чийме
  • курт кумурска, кайра кайра, бетме бет
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт