Меню
Тесты
Тесты  /  История  /  10 класс  /  Мировая история

Мировая история

Avatar
30.05.2020. Тест. История, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Удачи вам ученики. Этот тест для 4го четверта 15 вопрос 15 минут.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Эмне үчүн 1492-жылы Х.Колумб, Европадан Индияга деңиз жолун табууга аракеттенип, батышты карай сүзүп жөнөгөн?

Варианты ответов
  • Колумб океанда багытынан адашкан
  • Жолду аныктаган адамдар жок болушкан
  • Батыш жакта аралдар аз болуп, каракчылар жок болгон
  • Жерди тоголок, батышты карай жол жүрүүнү түштүктөн кыска деп ойлогон
Вопрос 2

“Айыл чарбасында капитализмдин пруссиялык жол менен өнүгүшү”

дегенди кандай түшүнөсүң?

 

Варианты ответов
  • ири помещиктик чарбанын сакталып калышы
  • бул агрардык революция жолу
  • дыйкандарды толугу менен налогдон куткарат
  • дыйкан чарбасы фермердик чарбага өтөт
Вопрос 3

Е. Пугачев жетектеген дыйкандар согушунун тарыхый мааниси ..........................

Варианты ответов
  • көтөрүлүшчүлөр крепостнойлук көз карандысыздыкты гана эмес бийликтеги дворян-жер ээлөөчүлөр табын да жоготушмак болгон
  • крепостнойлук системаны жоюп өнүккөн буржуазиялык күчтөргө жол ачып беришти
  • боштондук үчүн күрөштүн жолдорун байытты
  • көтөрүлүшкө чыккандар элдерден ар тараптуу колдоо алышты
Вопрос 4

Россия Кара деңиз жээги менен Крымды кошуп алган орус-түрк согушу кайсы жылдары болгон?

Варианты ответов
  • 1770-1775-ж.
  • 1764-1769-ж.
  • 1755-1760-ж.
  • 1768-1774-ж.
Вопрос 5

XVIII кылымдын биринчи жарымында Россияда мамлекеттик реформалар кандай өзгөрүүлөргө алып келди?

Варианты ответов
  • Боярдык думанын таасири өстү, земстволук собор токтотулду
  • Приказдар системасы өтө өнүккөн
  • Борбордук бийлик чыңдалды жана чексиз монархия калыптанды
  • Боярдык дума менен земстволук собордун таасири өстү
Вопрос 6

1812-ж. Ата Мекендик согушка Россия канча сандагы

калкы жана армиясы менен кирген?

 

Варианты ответов
  • 18 млн калкы, 200 миң аскер
  • 36 млн калкы, 600 миң аскер
  • 50 млн калкы, 1млн аскер
  • 60 млн калкы, 1 млн аскер
Вопрос 7

Декабристтердин көтөрүлүшүнүн маанисин белгиле.

 

Варианты ответов
  • Көтөрүлүш крепостнойлук укуктун жоюлушунун негизги себеби болду
  • Россияда кийинки революциялык кыймылдарга программа түздү
  • Революционерлердин биринчи жолу падышачылыкка каршы ачык көтөрүлүшкө чыгышы
  • Көтөрүлүш Россияда мамлекетти башкаруу формасын өзгөрттү
Вопрос 8

XIX кылымдын 30-50-жылдарында Россиянын коомдук турмушуна революциялык кружоктор кандай роль ойногон?

 

Варианты ответов
  • Куралдуу күч менен демократиялык түзүлүштү орнотууга аракет кылышкан
  • Россияда боштондук кыймылдын революциялык-демократиялык жаңы этабынын башталышын даярдашты
  • Украина, Белоруссияда дыйкандардын көтөрүлүшүн жетектешти
  • Элдик революцияга ачык эле чакырышкан
Вопрос 9

Улуу географиялык ачылыштардын башкы натыйжасы ........................... болгон.

 

Варианты ответов
  • таттуу даамдар кескин арзандаган
  • европанын өнөр жайынын өнүгүшүнө түрткү берилип, дүйнөлүк соода калыптана баштаган
  • ар кайсы өлкөлөрдө кемелердин саны кескин көбөйгөн
  • генералдар Европада гана эмес, Америкада да согушууга болот деп сүйүнүшкөн
Вопрос 10

Англияда буржуазия жаңы тап болгон, алар ............................

 

Варианты ответов
  • жеке өзү товар чыгарган жана аны сатуудан байыган
  • дин кызматкерлери менен чиркөө жерин бөлүшкөн
  • мануфактураларды кургандыгы үчүн королдон эмгек акы алган
  • мануфактураларды курган жана жалданма жумушчуларды эзүүнүн эсебинен байыган
Вопрос 11

Реформанын башталышындагы Германиянын өнүгүшү менен революция болоор алдындагы Нидерланддын өнүгүшүндө кандай жалпылык болгон?

 

Варианты ответов
  • Өлкөнүн бытырандылыгы
  • Чет элдик эзүү
  • католик чиркөөсүнүн эзүүсү
  • кол өнөрчүлүктүн жана сооданын төмөндөшү
Вопрос 12

Улуу Француз революциясынын тарыхый маанисин белгиле.

 

Варианты ответов
  • Элдин бийлигин орнотту
  • Феодалдык-абсолюттук түзүлүштү кыйратты жана капитализмдин өнүгүшүнө шарт түздү
  • Буржуазия менен дыйкандардын союзун түздү
  • революциялык кайра курууларды аяктады
Вопрос 13

АКШнын конституциясы качан кабыл алынган?

Варианты ответов
  • 1787-ж.
  • 1805-ж.
  • 1797-ж.
  • 1807-ж.
Вопрос 14

"Ааламдын учу-кыйыры жок, чексиз жана өлчөмсүз. Жер тургай Күн да дүйнөнүн борбору эмес. Аалам - сансыз көп жылдыз, алардын ар бири - бизден алыс турган күн. Ал күндөрдүн тегерегинде өзүнүн планеталары айланып жүрөт" - деген ойду ким айткан?

Варианты ответов
  • Жордано Бруно
  • Галилео Галилей
  • Николай Коперник
  • Жан Жак Руссо
Вопрос 15

Улуу Моголдор династиясын ким негиздеген?

Варианты ответов
  • Бабур Захиреддин Мухаммад
  • Акбар падыша
  • Акбардын уулу Жахангир
  • Аурангзеб
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт