Механикалык термелүүлөр жана толкундар - 1
Список вопросов теста
Вопрос 1
Узундугун 4 эсе кичирейтип, ал эми амплитудасын 2 эсе көбөйткөн кезде термелип жаткан маятниктин толук механикалык энергиясы канча эсе өзгөрөт?
Варианты ответов
- 4 эсе көбөйөт
- 2 эсе көбөйөт
- 16 эсе көбөйөт
- 2 эсе азаят
- 4 эсе азаят
Вопрос 2
Термелип жаткан пружинанын t = Т/8 убакыт моментиндеги кинетикалык жана потенциалдык энергиясынын катышын тапкыла.
Варианты ответов
- 0,5
- 1
- 2
- 10,8
- 0,4
Вопрос 3
Нерсе максималдык мааниси 2 Н болгон квазисерпилгич күчтүн таасири астында гармоникалык термелүү кыймылын жасайт. Нерсенин термелүүсүнүн толук энергиясы 0,1 Дж болсо, анда анын термелүүсүнүн амплитудасын тапкыла.
Варианты ответов
- 0,2 м
- 0,01 м
- 0,1 м
- 0,02 м
- 0,04м
Вопрос 4
Узундугу
Варианты ответов
- 1 Дж га
- 4 Дж га
- 3 Дж га
- 2 Дж га
- 5 дж га
Вопрос 5
Катуулук коэффициенти 500 Н/м болгон пружинага илинген жүктүн термелүү амплитудасы
Варианты ответов
- 0,2 Дж
- 2 Дж
- 4 Дж
- 0,44 Дж
- 0,4 Дж
Вопрос 6
Резонанстык жыштыгы 440 Гц болгон камертондун өздүк термелүүсүнүн мезгилин тапкыла.
Варианты ответов
-
\(\frac{1}{440}\ с\)
- 440 с
-
\(\frac{1}{220}\ с\)
- 2,2 с
-
\(\frac{1}{4,4}\ с\)
Вопрос 7
Маятниктин өздүк термелүүсүнүн мезгили 0,5 с. Резонанс болушу үчүн маятникке кандай жыштыктагы мезгилдүү күч таасир этиши керек?
Варианты ответов
- 1 Гц
-
\(\pi\ \ Гц\)
- 2 Гц
-
2\(\pi\ \) Гц
- 0,5 Гц
Вопрос 8
Термелүү системасына мезгилдүү өзгөрүүчү, жыштыгы 50 Гц болгон сырткы күч таасир этет. Бул термелүү системасынын аргасыз термелүүсүнүн резонанс учурундагы жыштыгы эмнеге барабар ?
Варианты ответов
- 10 Гц
- 20 Гц
- 40 Гц
- 50 Гц
- 70 Гц
Вопрос 9
Өздүк термелүү жыштыгы 0,5 Гц болгон математикалык маятник вагондун төбөсүнө илинип коюлган. Рельстердин узундугу 12,5 м. Вагон кандай ылдамдык менен кыймылдаганда дөңгөлөктөрдүн рельстердин бириккен жерине урунушунун натыйжасында маятник өзгөчө катуу термеле баштайт?
Варианты ответов
- 2,5 м/с
- 6,25 м/с
- 0,5 м/с
- 12,5 м/с
- 25 м/с


