Манастаануу предмети боюнча тесттик тапшырмалар
Список вопросов теста
Вопрос 1
“Жетимиш уруу тил билген, жазы жаак, жалпак тил, жаңылбас сөздү айтууга чечен, элчи, күлдүргүч” кырк чоронун бири:
Варианты ответов
- Ажыбай
- Сыргак
- Тазбаймат
- Кыргылчал
Вопрос 2
Жоо кийимсиз турган Манасты Коңурбай жарадар кылып сайып кетишине күнөөкөр кырк чоронун бири:
Варианты ответов
- Чубак
- Сыргак
- Алманбет
- Ажыбай
Вопрос 3
Алманбеттен үч ай ашык окуган, ашкан мерген, терс каарман:
Варианты ответов
- Ажай мерген
- Көзгө атар
- Кожожаш
- Жаңыл Мырза
Вопрос 4
Сагымбайдын варианты боюнча Манастын кылычын (Ачалбарс), мылтыгын (Аккелте) ким тапшырат?
Варианты ответов
- Айкожо
- Бөлөкбай
- Айкожо
- Бакай
Вопрос 5
Саякбайдын варианты боюнча Манастын кылычын (Ачалбарс), мылтыгын (Аккелте) ким тапшырат?
Варианты ответов
- Дубана
- Асмандан түшөт
- Бөлөкбай
- Бакай
Вопрос 6
Манастагы Акбалта ким?
Варианты ответов
- Нойгут уруусунун ханы, Чубактын атасы
- Казактардын ханы, Көкчөнүн атасы
- Жедигер уруусунун ханы,Толтойдун атасы
- Эштектердин уруу башчысы,Фулаттын атасы
Вопрос 7
Манас туулганда Жакыпка уулдуу болгонун ким сүйүнчүлөп барат?
Варианты ответов
- Жолой
- Бакай
- Кошой
- Акбалта
Вопрос 8
Алманбет Көкчөдө жүргөндө эл арасына кандай ушак тарайт?
Варианты ответов
- Көкчөнүн ордуна хан болот деген
- Акеркеч менен жакын деген
- Чыккынчылык кылып жүрөт деген
- Мал-дүйнөсүн ээлесем деген
Вопрос 9
Казактын ханы Көкчөнүн аялы:
Варианты ответов
- Акеркеч
- Чачыкей
- Арууке
- Кенжеке
Вопрос 10
Атасынын кунун кууган баатырлар:
Варианты ответов
- Күлчоро, Абыке
- Үмөтөй. Канчоро
- Семетей, Молдожан
- Сейитбек, Шабдан
Вопрос 11
Манас Саякбайдын варианты боюнча Аккулага кантип ээ болот?
Варианты ответов
- Калмактардан тартып алат
- Өз жылкысынан алат
- Буудайга алмашып алат
- Базардан сатып алат
Вопрос 12
Келеме жака кең күрмө,
Керишке кийсе ок өтпөс,
Найзанын учу тешпеген
Нар кескен огу кеспеген - Манастын кайсы кийими?
Варианты ответов
- ачалбарс
- айбалта
- аколпок
- туулга
Вопрос 13
Ыбырайым Абдрахман уулунун айтуусуна караганда калмак тилинде да айта билген манасчыны белгиле:
Варианты ответов
- Токтогул
- Жусуп Мамай
- Уркаш
- Акылбек
Вопрос 14
Сыны, баатырлыгы кыраан бүркүткө окшотурулуп коюлган 40 чоронун бири:
Варианты ответов
- Сыргак
- Ажыбай
- Серек
- Үрбү
Вопрос 15
“Манас” эпосундагы кытайдын башкы ханы:
Варианты ответов
- Эсенкан
- Айдаркан
- Жамгырчы
- Темиркан
Вопрос 16
Алманбетке таандык укмуштуу өнөр:
Варианты ответов
- Мергенчилик
- Жайчылык
- Саяпкерлик
- мүнүшкөрлүк
Вопрос 17
Кытайдын чегин кайтарган укмуштуу, сыйкырдуу жаныбарлар:
Варианты ответов
- куу түлкү, куу өрдөк, куу аркар
- ак түлкү, аккуу, ак аркар
- калтар, соно, кулжа
- жылан, бака, таш бака
Вопрос 18
“Алманбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү” деген китептин автору:
Варианты ответов
- Р. Кыдырбаева
- Р. Сарыпбеков
- А. Жайнаков
- Г. Жамгырчиева
Вопрос 19
“Манастагы” Оркун (Орхон) дарыясы кайсы жерде орун алган?
Варианты ответов
- Россияда
- Казакстанда
- Японияда
- Монголияда
Вопрос 20
Алымсарык, Куламсарык Манастын кимиси болорун көрсөткүлө:
Варианты ответов
- душмандары
- достору
- чеберелери
- кыбыралары
Вопрос 21
Кенен Манастын кимиси болот?
Варианты ответов
- небереси
- чебереси
- кыбырасы
- тыбырасы
Вопрос 22
Тазбаймат “Чоң казатка” аттанар алдында кандай кызмат аткарат?
Варианты ответов
- кол башчы
- миң башы
- жүз башы
- он башы
Вопрос 23
. Көрүнүктүү жазуучу А. Жакыпбековдун Манаска арналган китеби:
Варианты ответов
- “Теңири Манас”
- “Айкөл Манас”
- “Бабалардан калган сөз”
- “Манастын уулу Семетей”
Вопрос 24
“Көктөйдүн ашында” кандай улуттук оюндар ойнолот?
Варианты ответов
- Кыз куумай, жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш
- төө чечмей,жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш
- ак чөлмөк, жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш
- таз чабыш, кыз кумай, төө чечмей, күрөш, сайыш, эр эңиш
Вопрос 25
Анжиян, Кашкарды чаап алып, Букарды камаган чоро:
Варианты ответов
- Нескара
- Атемир
- Ажыбай
- Чубак
Вопрос 26
Т. Абдракуновдун кыргыз фольклорунун тарыхы жана “Манаска” арналган макалалар жыйнагынынын аталышы:
Варианты ответов
- “Манас - кыргыз элинин баатырдык эпосу”
- “Бабалардан калган сөз”
- “Манас” эпосунун генезиси”
- “Теңири Манас”
Вопрос 27
“Мажму ат - таварих” боюнча Манас ууланганда, уусун жандыра турган дары катары кандай азык колдонулат?
Варианты ответов
- кымыз
- бал
- күлазык
- жарма
Вопрос 28
“Манас” эпосун 2 бөлүмгө: Манастан мурдагы кыргыз тарыхын “ Оторхан” деп, экинчи бөлүмүн Манастын окуялары деп бөлүп айткан манасчы:
Варианты ответов
- Сагымбай
- Тыныбек
- Балык
- Келдибек
Вопрос 29
Сагымбайдын варианты боюнча кытай хандарын жашартып, узак жашатыш үчүн табыптар атайын даярдаган дары:
Варианты ответов
- барпы
- кайнатма кара дары
- мээр чөп
- наристенин өтү
Вопрос 30
Көкчөкөз, Чагалдай, Арбалдай, Дөрбөлдөй, Агалдай, Бегалдай, Тоголдой кимдер?
Варианты ответов
- Манастын чоролору
- Калмак хандары
- Көзкамандар
- Манастын мергендери


