Манас таануу . Жыйынтык текшеруу. 2-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
С. Орозбаковдон кайсыл бөлүмдөр жазылып алынган?
Варианты ответов
- a) «Манас», «Семетей», «Сейтек»
- б) «Манас»
- в) «Манас», «Сейтек»
- г) «Семетей»
Вопрос 2
. С. Каралаевдин вариантында Алмамбеттин атасы ким?
Варианты ответов
- a) Азизкан
- б) Соорондук
- в) Айдаркан
- г) Алооке
Вопрос 3
«Теңири Манас » аттуу кара сөз менен жазылган романдын автору ким ?
Варианты ответов
- a) С. Каралаев
- б) А. Жакыпбеков
- в) Б. Исаков
- г) Р. Кыдырбаева
Вопрос 4
Аккула кайсыл манасчынын вариантында данга сатылып алынат?
Варианты ответов
- а) Саякбайда
- б) Сагымбайда
- в) Тыныбекте
- г) Жусуп Мамайда
Вопрос 5
Манасчы Чоюке Өмүр уулун ээрчип жүрүп, анан манасчылыкты үйрөнгөн кайсыл манасчы?
Варианты ответов
- a) Шамбет Чокморов
- б) Шапак Рысмендеев
- в) Сагымбай Орозбаков
- г) Саякбай Каралаев
Вопрос 6
«Магия» деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Варианты ответов
- a) Синкреттүүлүктү
- б) Сыйкырчылыкты
- в) Энциклопедиялуукту
- г) Бийлеп алуучулукту
Вопрос 7
1925-жылы кайсы манасчынын айтуусундагы вариант Москвадан жарык көрөт?
Варианты ответов
- a) Чоңбаштын
- б) Келдибектин
- в) Тыныбектин
- г) Сагымбайдын
Вопрос 8
Манастын жети осуяты кайсыл чыгармада берилген?
Варианты ответов
- a) «Манас» эпосунда
- б) «Эр Төштүк» эпосунда
- в) «Кожожаш» эпосунда
- г) «Эр Табылды » эпосунда
Вопрос 9
Эпосто кайсыл диний көз караштын элементтери чагылдырылат?
Варианты ответов
- a) Католиктик
- б) Христиандык
- в) Шаманисттик
- г) Исламисттик
Вопрос 10
Легендарлык манасчылардын катарын белгиле.
Варианты ответов
- а) С.Каралаев, С.Орозбаев
- б)Т.Молдо, Ж.Мамай
- в)Жайсан, Токтогул, Ырамандын ырчы уулу
- г)Кенжекара Калча уулу,Шапак Рысменде уулу
Вопрос 11
«Төшү түктүү жер урсун,
Төбөсү ачык көк урсун» - деген саптар эмне?
Варианты ответов
- a) Алкыш, бата
- б) Каргыш, ант
- в) Кошок, арман
- г) Каалоо-тилек
Вопрос 12
Тотемизмдин көрүнүштөрү кайсыл?
Варианты ответов
- a) Жаныбардын адамча сүйлөшү
- б) Жаныбарды туурап бийлөө
- в) Аян берилиши
- г) Сыйкырчылык кылуу
Вопрос 13
1935-60-жылдарда Тил жана Адабият институнда иштеген таланттуу жыйноочу жана манасчы ким болгон?
Варианты ответов
- a) Т. Молдо
- б) Ы. Абдрахманов
- в) М. Мусулманкулов
- г) С. Каралаев
Вопрос 14
Манас менен Алманбеттин мамилеси, акыреттик достугу кайсы осуяттын түпкү өзөгүн түзүп турат?
Варианты ответов
- а) “Кыргыз мамлекетин чындоо жана аны көздүн карегиндей сактоо”
- б) “Табийгат менен таттуу мамиледе болуу”
- в) “Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу”
- г) “Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык”
Вопрос 15
“Манас” эпосундагы окуялардын кульминациялык чекити, Манастын эрдик сапаттарынын эң ачык көрүнүшү кайсы бөлүмгө таандык?
Варианты ответов
- а) Манастын балалык чагы
- б) Көкөтөйдүн ашы
- в) Көз камандар окуясы
- г) Чоң казат
Вопрос 16
Алмамбет кандай жөндөмгө, касиетке ээ?
Варианты ответов
- a) Дуба окуп, аба-ырайын өзгөртө алат
- б) Бийлеп ооруну айыктыра алат
- в) Ырдап элди шыктандыра алат
- г) Түрүн өзгөртүп көрүнбөй калат
Вопрос 17
Төлгөчү Кара Төлөктүн, далы көрүүчү Агыгайдын сүрөттөлүшү кайсы ишенимден улам келип чыккан?
Варианты ответов
- a) Шаманисттик
- б) Исламисттик
- в) Анимисттик
- г) Тотемдик
Вопрос 18
«Манас» эпосу байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деп ким баалаган?
Варианты ответов
- a) Ч. Айтматов
- б) М. Ауэзов
- в) Ч. Валиханов
- г) В.В. Радлов
Вопрос 19
Манасчылар эпосту аткаруу жөндөмүнө карата канчага бөлүнөт жана кандайча аталышат?
Варианты ответов
- а) экиге: улуу жана үйрөнчүк манасчы
- б) үчкө: үйрөнчүк , чала жана улуу манасчы.
- в) төрткө: үйрөнчүк, чала, айылдык, улуу манасчы
- г) бирге: улуу манасчы.
Вопрос 20
Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасы боюнча тартылган спектаклде Каныкейдин ролун кайсы актрисалар аткарган?
Варианты ответов
- а) Д.Күйүкова, С.Күмүшалиева
- б) Т.Турсунбаева,Т. Абдуразаева
- в) Ж.Сейдакматова, М.Далбаева
- г) Г. Дулатова, Д.Күйүкова
Вопрос 21
. «Ушу жети» санын ыйык деп ырымдап, мен дагы улуу «Манас » дастанынан жети сабак, жети осуятты алып чыктым. Ошол жети сабакты, жети осуятты ар кимибиз жүрөгүбүздө алдейлеп, мусулмандар өзүлөрүнүн беш парзын кандай ыйык тутса, биз дагы аларды ошондой бийик кармансак, анда келечегибиз кең болот деп ойлойм»,- деп ким айткан?
Варианты ответов
- a) С.Каралаев
- б) Б. Юнусалиев
- в) А.Акаев
- г) Ч. Айтматов
Вопрос 22
.“Манас”эпосунда “нар кескен” кайсы курал -жарактын энчилүү аты?
Варианты ответов
- а) найзанын
- б) жаанын
- в) кылычтын
- г) канжардын
Вопрос 23
Б.В.Смирнов Семетейден үзүндү жазып алып жана анда кайсы окуя баяндалат?
Варианты ответов
- а)Семетейдин Айчүрөктү издеп чыкканы
- б)Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү
- в)Семетейдин баатырдыгы
- г)Семетейдин төрөлүшү
Вопрос 24
Л.И.Климович, А.К.Боровков баш болгон москвалык, ленинграддык окумуштуулар илимий конференцияда “Манас” эпосунун кайсы проблемасына өзгөчө көңүл бурушкан?
Варианты ответов
- а)Душмандардын көп болгонуна
- б)Жер которуп туруусуна
- в)Эркиндик проблемасына
- г)Элдүүлүк проблемасына
Вопрос 25
“Манас” эпосунун 1000 жылдыгындагы симпозиум кандай максатта өткөрүлгөн?
Варианты ответов
- а)Шериктеш өлкөлөргө өзүнүн тарыхын, искусствосун таанытуу
- б)Рухий тажырыйба искусствосун таанытуу
- в)Чет элдиктер менен болгон мамилесин жакшыртуу
- г)Өзүнүн тарыхын башка элдерге таанытуу
Вопрос 26
“Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги”, - деген биринчи осуят эпостогу кайсы окуя жана идея ой менен бекемделип турат?
Варианты ответов
- а) Манас менен Алманбеттин достугу менен тастыкталып турат
- б) Бакайдын: “Байкагыла балдарым//Бөлүнсөң бөрү жеп кетет//Бөлөк элге кеп кетет”,- деген осуяты менен бекемделип турат
- в) Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүп келиш окуясы менен бекемделип турат
- г) Кыргыздардын баары баш кошуп, Көкөтөйдүн ашын өткөрүүсү менен тастыкталып турат
Вопрос 27
«Манас» үчилтигинин кошмо варианты качан жарык көрдү?
Варианты ответов
- а) «Манас» - 1950, «Семетей» - 1952, «Сейтек» - 1956.
- б) «Манас» - 1953, «Семетей» - 1955, «Сейтек» - 1957.
- в) «Манас» - 1955, «Семетей» - 1957, «Сейтек» - 1958.
- г) «Манас» - 1958, «Семетей» - 1959, «Сейтек» - 1960.
Вопрос 28
Манас» эпосунун мифологиялык формадан тарыхый баатырдык эпоско карай өнүгүшү жөнүндөгү далилдүү пикирди ким кайсы эмгегинде белгилеген?
Варианты ответов
- а) В.Радлов «Манас» баатырдык эпос
- б) Р.З.Кыдырбаева «Генезис эпоса Манас»
- в) В.М.Жирмунский «Народный героический эпос»
- г) П.Н.Берков «Алтайский эпос и Манас»
Вопрос 29
. “Менин көзүм өткөн сон
Кылыч менен кырдырып
Кымыз менен жуудуруп
Чарайна менен чаптатып
Булгаары менен каптытып”, -деген ыр саптары “Манас” эпосунда кимдин керээзи?
Варианты ответов
- а) Манастын
- б) Алманбеттин
- в) Жакыптын
- г) Көкөтөйдүн
Вопрос 30
Көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздү койгула
Алышса адамдын күчү жетпеген,
Арстандын тиши өтпөгөн.
Акбалтанын .........................
Арстандын бири бу дагы
Варианты ответов
- а) Көкчөсү
- б) Чубагы
- в) Сыргагы
- г) Төштүгү


