Меню
Тесты
Тесты  /  Физика  /  11 класс  /  Магнит талаасы. Электромагниттик индукция - 2

Магнит талаасы. Электромагниттик индукция - 2

Avatar
12.11.2023. Тест. Физика, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Магнит талаасындагы тогу бар өткөргүчкө аракет эткен күч. Ампер закону темалары боюнча тесттик тапшырмалар. Тестти тапшырып бүткөнүңөрдөн кийин кетирген катаңарды жана тапшырмаларды чыгаруу жолдорун https://videouroki.net/razrabotki/fizika-tiesttik-tapshyrmalardyn-chygharylyshtary-osh-2013-http-www-okuma-kg-book.html дарегинен текшерип алсаңар болот.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Ампер күчү F=IBl sin  формуласы менен аныкталат. ∝- кайсы бурчту көрсөтөт? Туура аныктамаларды тапкыла.

Варианты ответов
  • магнит талаасынан багыты менен өткөргүчтөгү токтун багытынын ортосундагы бурчту
  • магнит талаасынан багыты менен өткөргүчкө нормал вектордун ортосундагы бурчту
  • индукциянын сызыктары менен магнит талаасынын багытынын ортосундагы бурчту
  • өткөргүч менен индукциянын сызыктарына нормал вектордун ортосундагы бурчту
  • индукциянын сызыктары менен өткөргүчтөгү токтун багытынын ортосундагы бурчту
Вопрос 2

Магнит агымынын, индукциянын электр кыймылдаткыч күчүнүн жана индуктивдүүлүктүн СИ системасындагы бирдиктерин тапкыла?

Варианты ответов
  • Вб, Гн, В
  • Гн, В, Вб
  • В, Вб, Гн
  • Гн, Вб, В
  • Вб, В, Гн
Вопрос 3

Ампер күчү, Лоренц күчү жана өздүк индукциянын электр кыймылдаткыч күчү кайсы формулалар менен аныкталат.

Варианты ответов
  • \(F=q\upsilon B\sin\alpha,\ \ F=IBl\sin\alpha,\ \ \varepsilon_c=-\frac{\triangle\Phi}{\triangle t}\)

  • \(F=IBl\sin\alpha,\ \ F=q\upsilon B\sin\alpha,\ \ \varepsilon=LI\)

  • \(F=q\upsilon B\sin\alpha,\ \ F=IBl\sin\alpha,\ \ \varepsilon_c=-L\frac{\triangle I}{\triangle t}\)

  • \(F=IBl\sin\alpha,\ \ F=q\upsilon B\sin\alpha,\ \ \varepsilon_c=-L\frac{\triangle I}{\triangle t}\)

  • \(F=IBl\sin\alpha,\ \ F=q\upsilon B\sin\alpha,\ \ \varepsilon_c=-\frac{\triangle\Phi}{\triangle t}\)

Вопрос 4

Магнит индукциясынын күч сызыктарына перпендикуляр жайгашкан тогу бар түз өткөргүчкө F = 0,75 мН күч таасир этет. Өткөргүчтөгү токтун күчү I = 0,5 А. Эгерде магнит талаасынын индукциясы  В = 30 мТл болсо, анда өткөргүчтүн узундугун тапкыла. Жообун см   менен бергиле.

Варианты ответов
  • 5
  • 10
  • 15
  • 20
  • 25
Вопрос 5

Индукциясы 0,4 Тл болгон бир тектүү магнит талаасында ток күчү    20 А, узундугу 30 см болгон өткөргүч магнит талаасына 300 бурч менен жайгашкан. Өткөргүчтү талаага перпендикуляр багыт боюнча 25 см аралыкка жылдыргандагы аткарылган жумушту тапкыла.

Варианты ответов
  • 0,2 Дж
  • 0,25 Дж
  • 0,3 Дж
  • 0,4 Дж
  • 0,5 Дж
Вопрос 6

10 А ток агып өтүп жаткан узундугу 2 м болгон өткөргүчтү, индукциясы 1,5 10 -2Тл   болгон бир тектүү магнит талаасында 0,2 м аралыкка жылдырганда кандай жумуш аткарылат? Өткөргүч магнит талаасына 300 бурч менен жайгашкан жана которулуусу күч аракет этүүчү сызыкты бойлой жүргөн.

Варианты ответов
  • \(3\cdot10^{-2}\ Дж\)

  • \(2\cdot10^{-2}\ Дж\)

  • \(6\cdot10^{-2}\ Дж\)

  • \(24\cdot10^{-2}\ Дж\)

  • \(12\cdot10^{-2}\ Дж\)

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт