Кырыгыз тили жана адабияты предметинен жыйынтыктоочу текшеруунун материалы. 5-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Топ сан атооч катышкан сүйлөмдү тап?
Варианты ответов
- окууга төрт эле күн калды
- 1959-жылдын 2-январы космосту изилдөөчү даңктуу күн болуп калды
- Ал эми 1959-жылдын 4-октябрында болсо үчүнчү космос ракетасы учурулду
- беш-бештен чогулуп иштедик
Вопрос 2
Иш кагаздарын жазууда негизги өзгөчөлүктөр кайсылар?
Варианты ответов
- узун түрмөктөрдү жазуу
- тактык, кыскалык
- сөздөрдү аралаш пайдалануу
- адабий сөздөрдү пайдалануу
Вопрос 3
Күңгөй (зат) - күнгө караган бет, күндү караган жак, тарап (көбүнчө тоо жөнүндө)-
кайсы сөздүккө тиешелүү?
Варианты ответов
- түшүндүрмө
- терминологиялык
- котормо
- орфографиялык
Вопрос 4
Толук үндөшүүгө баш ийген сөздөрдүн катарын аныкта.
Варианты ответов
- тигүүчү, мурун, көмөкөй, арабакеч
- көбүнчө, балалуу, витамин, булак
- билимдүү, акылдуу, дарыгер, адам
- тамга, коломто, балта, шериктештик
Вопрос 5
Сөз жасоочу мүчөлөрдү белгиле?
Варианты ответов
- –каз, -кар
- –дыр, -лар
- –чы, -лык
- –оо, -ып
Вопрос 6
Протокол жазылып алынышына карата кандай түрлөргө бөлүнөт?
Варианты ответов
- стенографиялык, кыска, толук, рекомендациялык
- фонографиялык, авансылык, кыска, негизги
- кыска, толук, стенографиялык, фонографиялык
- өндүрүштүк, фонографиялык, толук, киришүү
Вопрос 7
Карыш, сөөм, кадам, эли – булар кандай сөздөр
Варианты ответов
- сан атооч сөздөр
- ат атооч сөздөр
- нумератив сөздөр
- этиш сөздөр
Вопрос 8
«Ээ менен баяндооч сан, жак боюнча ээрчишет» - бул сүйлөм кайсы стилге мүнөздүү?
Варианты ответов
- оозеки сүйлөшүү стилине
- көркөм стилге
- публицистикалык стилге
- илимий стилге
Вопрос 9
Даталуу күндөрдүн аты туура эмес жазылган сүйлөмдү белгиле?
Варианты ответов
- Эки тизгин, бир чылбырды бирөөгө оңойлук менен бере коюшпайт
- Жаңы жыл майрамы жакындап калды
- 7-ноябрь – басма сөз күнү
- 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү
Вопрос 10
Конспект, рефераттын стилин белгиле
Варианты ответов
- иш кагаз
- публицитикалык
- илимий
- көркөм
Вопрос 11
Кошмок сөз түрүндөгү тактоочторду белгиле
Варианты ответов
- бат-бат , өйдө-төмөн
- ар убак, ар жылы, бир кезде
- эрте, быйыл, өз-өзүнчө
- кошмок сөз түрүндө болбойт
Вопрос 12
Көркөм стилге мүнөздүү сөздөрдүн катарын тап
Варианты ответов
- усулчу, эскертүү, каранкүн, берилет
- куураган согуш, буркурап, акетай, эрке
- улуп-уңшуп, түздүгү, өтүнөм, эсептелет
- кошмо сүйлөм, өжөрлөнө, болбойбу, жарк этип
Вопрос 13
Нумератив сөз катышпаган сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Бир ууртам суу берип койгонго жараган жок;
- Көз ачып жумганча эки кучак отунду көтөрүп жетип келди;
- Берчи мага, берчи мага, жарым кашык музыка
- Ойлонуп отуруп абышка тышка чыкты.
Вопрос 14
Сүйлөмдүн стилин белгиле: Мен бул көйнөктү сатып алдым . Жөн эле кийип
жүрүү үчүн. Кандай экен?
Варианты ответов
- жазма кеп
- оозеки кеп
- сүйлөшүү стили
- көркөм стиль
Вопрос 15
Үндөштүк закону бузулган сөздөрдүн катарын белгиле.
Варианты ответов
- мугалим, адабият, ишкана
- оорукана, двиденд, кырсыктар
- аппарат, саламаттык сактоо
- көрсөтүү, мекемелер, стационардык
Вопрос 16
Көңүл буруңуздар, бир нече мүнөттөн кийин айкидо боюнча дүйнөлүк чемпионаттан
түз берүүнү баштайбыз. Сүйлөмдөгү публицистикалык стилдин түрү?
Варианты ответов
- доклад
- публицистика
- репортаж
- жаңылык
Вопрос 17
Туунду тактоочторду белгиле.
Варианты ответов
- орусча, улуулата, акчалай, түндөп
- чыгуучу, орунсуз, келмейинче
- билмексен, чыкмакчы, жазгай эле
- жазгы, аксакалдата, бышпас
Вопрос 18
Пикирге мүнөздөмө бер
Варианты ответов
- китептин, макаланын мазмунун жазуу
- адабий чыгармаларга, илимий эмгектерге, фильмдерге сын көз менен карап жазылган эмгек
- басма сөз, радио, теле үчүн даярдалган кабар
- саясий ишмерлер, көөрүнүктүү адамдар, илимпоздор менен болгон маек
- макалалар, докладдар, рефераттар боюнча кыскача түшүнүк берүү
Вопрос 19
Фразеологиялык айкалыштарды белгиле.
Варианты ответов
- Эшек такалоо, жүрөгү күйүү
- Кабагым-кашым дебей, тоңгон жүрөк
- Купулуна толуу
- Колтугуна суу бүркүү
Вопрос 20
Тапшыруу-кабыл алуу актысы качан жазылат?
Варианты ответов
- уюмдун жетекчисинен турак-жай суранган учурда
- турак-жай же квартира берүү же бербөө зарылдыгы болгондо
- ишинде финансылык же материалдык жетишпегендик мезгилинде
- материалдык байлыкка жооптуу адамдар кызматты өткөргөндө
Вопрос 21
Адамдын көркү-адеп.Сүйлөмдө аныктоочтун милдетин аткарган зат атоочту тап.
Варианты ответов
- адеп, баяндоочтук
- көркү, аныктоочтук
- адеп, ээлик
- адамдын, аныктоочтун
Вопрос 22
Стилистикалык фигураларга кайсылар кирет?
Варианты ответов
- анафора, метафора, гипербола, эпитет
- эпифора, анафора, антитеза, кайталоо, ассонанс
- аллитерация, эпифора, гипербола, синекдоха
- ассонанс, эпифора, анафора, метафора, аллегория
Вопрос 23
Сын атооч баяндоочтун милдетин аткарган сүйлөм:
Варианты ответов
- Көгүлтүр Ысык-Көл кышта салкын, жайда жылуу
- Акылдууга айтсаң билет, акылсызга айтсаң күлөт
- Кузмич ата казак тилин жакшы биле турган
- Ошентип, көңүлсүз күндөр өтүп жатты
Вопрос 24
Токтомдун негизги бөлүмүнө кайсылар кирет?
Варианты ответов
- угулду, суроолор берилди, жарыш сөзгө чыгышты, сунуштар айтылды, токтом кылынды
- өткөрүлгөн орду, убактысы, каралуучу маселелер, угулду, сөзгө чыкты
- күн тартиби, угулду, сунуштар айтылды, катышуучулардын саны
- угулду, күн тартиби, каралуучу маселелер
Вопрос 25
Чакчылдар көбүнчө кайсы сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат?
Варианты ответов
- ээ, баяндооч
- бышыктооч
- аныктооч
- толуктоочтун
Вопрос 26
Оозеки кептин стилинин өзгөчөлүгү…
Варианты ответов
- турмуш-тиричиликке байланыштуу сөздөр колонулгандыгында
- ар кандай терминдер колдонулганына байланыштуу
- кепте сүйлөм түзүлүшү, сөз составы эркин болуп, түрдүү жаңдоо, мимика, интонация, сырдык сөздөр көп колдонулуп, көбүнчө диалог формасы болушу
- сүйлөшүү, диалог формасында болушу
Вопрос 27
-чы, -лык, -лаш, -кеч, -поз, -стан, -кана мүчөлөрдүн мүнөздөмөсүн белгиле.
Варианты ответов
- зат атоочтон сын атооч жасайт
- зат атоочтон этиш жасайт
- этиштен зат атооч жасайт
- зат атоочтон, жана башка атооч сөздөрдөн зат атооч жасайт.
Вопрос 28
« Ойлойм, өсөт акылым, Окуй берсем күндө мен,» деген ыр саптарынын сөз жасоочу
мүчө уланган, сөзү, сабы:
Варианты ответов
- биринчи сапта, экинчи сөздө
- биринчи сапта, биринчи сөздө
- экинчи сапта, үчүнчү сөздө
- мында андай мүчө жок
Вопрос 29
Кыймыл атооч катышкан сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Эс алуу үчүн курортко кетти
- Бул ишти ал аткарды
- Ай жаркырап турду
- Кечээ ал мени көргөнү келди
Вопрос 30
1917-жыл. Жер тамсоруп гана турат. Жайкалган эгин, буралган чөп жок.Ызылдап жүргөн шамалга чыдай албай кайыккан жандык сыяктуу титиреп турган сейрек куурайлар. Алардын арасында ичке куйруктарын көтөрүп,сереңдеп чуркаган сур чычкандар гана жүрөт.
Жогоруда кептин кайсы түрү берилген?
Варианты ответов
- баяндоо
- сүрөттөө
- ой жүгүртүү
- элестетүү