Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кырыгыз тили жана адабияты предметинен жыйынтыктоочу текшеруунун материалы. 4-вариант

Кырыгыз тили жана адабияты предметинен жыйынтыктоочу текшеруунун материалы. 4-вариант

Avatar
27.05.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
ФЮКтун 2-курстары учун жыйынтыктоочу текшеруунун материалдары. Ар бир вариант жалпы 30 суроодон туруп, 20 суроонун ар бир туура жообуна 1балл, 10 суроонун туура жоопторуна 2 баллдан бааланып, жалпы 40 баллды топтошот

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирген сөз түркүмү.

Варианты ответов
  • зат атооч
  • этиш
  • тактооч
  • сын атооч
Вопрос 2

Айрым сөздөрдөгү тыбыштардын өз ара орун алмашып айтылышы ..........

Варианты ответов
  • протеза
  • редукция
  • эпентеза
  • метатеза
Вопрос 3

“Ат тезегин кургатпай”,  Фразеологизмдин мааниси:

Варианты ответов
  • жамгыр жаап, ат тезеги кургабай калган
  • мүмкүнчүлүк, бербей койгон
  • тез-тез келген
  • кеч келгендигин билдирет
Вопрос 4

Стилистика эмнени үйрөтөт?

Варианты ответов
  • сөз айкашы, сүйлөмдөрдүн түзүлүшүн
  • сөздүн курамын жана жасалышын
  • сөздөрдүн лексикалык жана грамматикалык маанилерин
  • тил жана кепти, тил каражаттарынын колдонулушун
Вопрос 5

Сөз башында үнсүздөрдөн мурун бир үндүү тыбыштын жалгашып айтылышы ...........

Варианты ответов
  • метатеза
  • редукция
  • протеза
  • эпитеза
Вопрос 6

Узак созулбай, күн басылып, түндүктөн Алтын Казык жылдызы көрүнүп,

Жетиген жаркырады. Сүйлөм ичиндеги татаал зат атооч:

Варианты ответов
  • күн басылып
  • Жетиген жаркырады
  • Алтын Казык
  • Узак созулбай
Вопрос 7

Лексикология төмөнкү бөлүмдөрдөн турат. Кайсынысы туура эмес?

Варианты ответов
  • Семасиология
  • Фонетика
  • Фразеология
  • Лексикография
Вопрос 8

Адамдын көркү - адеп. Сүйлөмдө баяндоочтун милдетин аткарган зат атоочту тап.

Варианты ответов
  • адамдын, баяндоочтук
  • көркү, аныктоочтук
  • адеп, ээлик
  • адеп, баяндоочтук
Вопрос 9

Атоочтуктардын мүчөсүн тап

Варианты ответов
  • – ып, - ганча, - гыча, - гана
  • – нын, - да, - дан, - ды
  • – ган, - ар, - бас, - оочу, - уучу
  • – ыраак, - гылтым, - гыч
Вопрос 10

Белгилүү бир мөөнөткө пландаштырылган же тапшырманын аткарылышы,

илимий сапардын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүчү документ-

Варианты ответов
  • өмүр баян
  • ишеним кат
  • отчет
  • арыз
Вопрос 11

Публицистикалык стилдин максаты-

Варианты ответов
  • тилдик бирдиктерди туура колдонуу
  • ойду так, системалуу, жыйынтыктуу берүү
  • жеке адам менен мамлекеттин, мекеме, уюм жана ишканалардын ортосундагы мамилелерди тейлейт
  • актуалдуу маселелерди эл арасына жеткирүү, ага таасир этүү
Вопрос 12

Туунду тактоочторду белгиле.

Варианты ответов
  • орусча, улуулата, акчалай, түндөп
  • чыгуучу, орунсуз, келмейинче
  • билмексен, чыкмакчы, жазгай эле
  • жазгы, аксакалдата, бышпас
Вопрос 13

Кыймыл атоочтун жөндөмө категориясы менен өзгөргөн учуру кайсы вариантта берилген?

Варианты ответов
  • Билгениңди үйрөтө алсаң – билесиң
  • Алмайдын бермейи бар
  • Бир жердеги Күндүн чыгышы – башка жердеги Күндүн батышы
  • Уккандан окуган өйдө
Вопрос 14

Сырдык сөз катышкан сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Күрпөң-күрпөң жүгүрүп, күлүктү минсең бир кызык.
  • А, жарыктык, карып калган тура.
  • Гүлнар тентек, бөйрөгүн бүлкүлдөтүп, кыт-кыт күлөт.
  • Кыштак көчөсүндө көк «Победа» зырылдап келатты
Вопрос 15

Уркуя ак боз жоргосуна камчы басты. Кара менен жазылган сөз кайсы жөндөлүштө.

Варианты ответов
  • биринчи жөндөлүштө
  • экинчи жөндөлүштө, барыш жөндөмөдө
  • үчүнчү жөндөлүштө, жатыш жөндөмөдө
  • барыш жөндөмөсүндө турат
Вопрос 16

Айыл десе атам мага элестеп

Алдастачумун бүгүн-эртен барам деп

Ата деген атына мен садага

Атасы бар деген канча каниет.

Ырдагы фонетикалык-стилистикалык каражатты аныктагыла?

Варианты ответов
  • анафора
  • аллитерация
  • ассонанс
  • аллегория
Вопрос 17

Нумератив сөз катышпаган сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Бир ууртам суу берип койгонго жараган жок;
  • Көз ачып жумганча эки кучак отунду көтөрүп жетип келди;
  • Берчи мага, берчи мага, жарым кашык музыка;
  • Ойлонуп отуруп абышка тышка чыкты.
Вопрос 18

Курбумдун минтип кара күчкө жаракөрлөнгөнү мага анча жаккан жок.

Асты сызылган  атоочтук түрмөк кайсы сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарды?

Варианты ответов
  • бышыктоочтук
  • аныктоочтук
  • баяндоочтук
  • ээлик
Вопрос 19

Республиканын чегинде кызмат каттары кантип колдонулат?

Варианты ответов
  • кыргыз тилинде реквизиттери толтурулган атайын кагаз колдонулат
  • кадимки эле жазуу кагазына жазылат
  • сол жаккы бурчуна орус тилинде реквизит толтурулат
  • ар кандай маалыматтар жазылат
Вопрос 20

Акт жазуунун башкы максаты эмне?

Варианты ответов
  • болгон окуя, кокустук, болгон абалды укуктук жактан тастыктоо
  • күбөлөрдүн сөзсүз болушун, кол коюшун тастыктоо
  • уюмдун жетекчисинин буйругу менен комиссия тарабынан жазыларын тастыктоо
  • ишин тапшырганда өзү тарабынан жазыларын тастыктоо
Вопрос 21

Суудай, суучул, сууда, суудан, суубу. Уңгулаш сөздөрдүн сөз жасоочу мүчө уланганы:

Варианты ответов
  • биринчи сөздө
  • биринчи, экинчи сөздөрдө
  • биринчи, экинчи, үчүнчү сөздө
  • бешинчи сөздө
Вопрос 22

Тарбия менен илимге  ……  …..  …..  жашоосунда көптөгөн проблемалар жана

кыйынчылыктарга туш болуп, башка адамдарга караганда  ……..  ……… .

Варианты ответов
  • жетик сугарылбаган адам/жеңишке жетишпейт
  • толук түшүнгөн адам/чыдамкай келет
  • маани бербеген адам/артта калат
  • маани берген адам/алдыга озот
Вопрос 23

Пуд, теше, саржан нумератив сөздөрү кандай ченемди билдирет?

Варианты ответов
  • Пуд-16,38кг, теше-1гектар, саржан-2,34м
  • Пуд-1гектар, теше-3,84м, саржан-18,38кг
  • Пуд-2гектар, теше-4гектар, саржан-0,5 гектар
  • Пуд-0,5гр, теше-4-5метр, сержан-20
Вопрос 24

Тексттеги сөздөрдүн орундуу кайталанышынын себеби:

Варианты ответов
  • логикага жараша, мазмунду тереңдетүү максатында зарыл сөз каражатын кайталап баса айтуу
  • керек болгон учурда сөздөрдү кайталап айтуу
  • көркөм болушу үчүн сөздөрдү кайталап айтуу
  • темага жараша айрым сөздөрдү баса айтуу
Вопрос 25

Кыргыз тилинде кандай зат атоочтор жак боюнча өзгөрөт?

Варианты ответов
  • адамзаттык эмес заттар: жаратылыш, буюмдар, техникалар жак боюнча өзгөрөт;
  • зат атоочтор эч качан жак боюнча өзгөрбөйт;
  • абстракту жана конкреттүү зат атоочтор жак боюнча өзгөрөт;
  • адамзатка тиешелүү болгон зат атоочтор баяндоочтук милдет аткарганда гана
Вопрос 26

Регрессивдүү ассимиляциянын мисалын тап

 

Варианты ответов
  • укпа
  • тузсуз
  • кетти
  • бакка
Вопрос 27

Жазма кептин стилинин мүнөзүн белгиле:

Варианты ответов
  • көпчүлүккө арналат, сөздөр тандалып колдонулат, тыныш белгилер коюлат, монологдук кеп басымдуу
  • сөздөр тандалып колдонулат, диологдук кеп басымдуу, ой тез жетет
  • сөздөрдүн орун тартиби сакталат, диологдук кеп басымдуу, ой тез жетет
  • көпчүлүккө арналат, монологдук кеп басымдуу, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
Вопрос 28

Үй-жай шартын текшерүү актысы кимдер тарабынан түзүлөт?

Варианты ответов
  • текшерүү жүргүзүүгө юридикалык укугу бар адамдар тарабынан
  • жетекчилер же материалдык байлыкка жооптуу адамдар тарабынан
  • уюмдун жетекчисинин буйругу менен түзүлөгн комиссия тарабынан
  • кесиптик бирикмелер комитети тарабынан уюшулган комиссия тарабынан
Вопрос 29

Мүчө уланганда уңгулары өзгөрүп кеткен мисалдарды тап.

 

Варианты ответов
  • бийиктик, жаштар, басмакана
  • сүйлөө, мурдум, ойноо
  • көрүн, укта, киймим
  • бардык, достук, намыстан
Вопрос 30

Көркөм стилдин лексикалык каражаттарын белгиле

Варианты ответов
  • боектуу сөздөр, эскирген сөздөр, диалектизмдер ж.б.
  • сөз түркүмдөрү, архаизмдер, историзмдер
  • татаал сүйлөмдөр, синоним, антонимдер
  • муун жана басым, диалектизмдер, эпитет
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт