Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кырыгыз тили жана адабияты курсу. 2-аралык текшеруунун материалдары. 5-вариант

Кырыгыз тили жана адабияты курсу. 2-аралык текшеруунун материалдары. 5-вариант

Avatar
05.05.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Бул тест орто кесиптик билим беруу коллежинде окуган 2-курстун студенттери учун

Список вопросов теста

Вопрос 1

Мекемелер арасындагы кызматташууну ишке ашыруучу негизги документ

Варианты ответов
  • келишим
  • кызмат каты
  • акт
  • отчет
Вопрос 2

Атоочтуктардын мүчөсүн тап

Варианты ответов
  • – ып, - ганча, - гыча, - гана
  • – нын, - да, - дан, - ды
  • – ган, - ар, - бас, - оочу, - уучу
  • – ыш, - ып, - ыптыр
Вопрос 3

«Ысык-Көл кыргыз көлү кылкылдаган,

      Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган» - кайсы стилге мүнөздүү?

Варианты ответов
  • илимий
  • сүйлөшүү
  • публицистикалык
  • көркөм
Вопрос 4

Илимий стилге мүнөздүү болбогон сөз мүчөлөрү:

Варианты ответов
  • – луу, - лык, уу, - оо, - ган
  • – бай, - тай, - ке, - сын, - чек
  • – нын, - ыраак, - ыш, - дан, - чы
  • ып, - ды, - ар, - ган, - сын
Вопрос 5

Белгилүү бир мөөнөткө пландаштырылган же тапшырманын аткарылышы, илимий    сапардын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүчү документ-

Варианты ответов
  • өмүр баян
  • ишеним кат
  • тил кат
  • отчет
Вопрос 6

Биринчи эле айтышканда Токтогул жеңген акын –

Варианты ответов
  • Байдын эшик ырчысы Арзымат
  • Залкар комузчу Ныязалы
  • улуу акын Жеңижок
  • Сузактын Барпы акыны
Вопрос 7

«Устатка мамиле» аңгемесинен. - Эй, пирим, сиз ушундай аалым киши, атактуу киши, бул койчуга неге мынча үзүлүп түштүңүз? Бул сүйлөмдөгү каратма сөздү тап.

Варианты ответов
  • Эй, пирим
  • сиз ушундай аалым киши
  • бул койчуга неге мынча үзүлүп түштүңүз?
  • атактуу киши
Вопрос 8

Чогулуштун качан өткөрүлгөндүгү, ага кимдер катышкандыгы, чогулуштун төрагасы, катчысы көрсөтүлөт. Протоколдо булар кайсы бөлүмүндө каралат?

Варианты ответов
  • протоколдун киришүү бөлүмүндө
  • протоколдун сөзгө чыкты бөлүмүндө
  • протоколдун угулду бөлүмүндө
  • протоколдун негизги бөлүмүндө
Вопрос 9

Синекдоханын маанисин түшүндүр

Варианты ответов
  • бүтүн нерсе менен анын бөлүгүн же бөлүк аркылуу бүтүн нерсени туюнтуу
  • сөздүн өтмө мааниси аркылуу көрүнүштү келекелөө
  • бир нерсени, кубулушту айрым белгилеринин окшоштугуна карй башка бир сөз менен атоо
  • жандуу нерселердин белгилерин жансыз нерселерге оодорып көрсөтүү
Вопрос 10

Тапшыруу-кабыл алуу актысы качан жазылат?

Варианты ответов
  • уюмдун жетекчисинен турак-жай суранган учурда
  • турак-жай же квартира берүү же бербөө зарылдыгы болгондо
  • ишинде финансылык же материалдык жетишпегендик мезгилинде
  • материалдык байлыкка жооптуу адамдар кызматты өткөргөндө
Вопрос 11

Төмөнкү катарлардан төздөн-түз рекламага тиешелүүлөрүн көрсөт

Варианты ответов
  • почта боюнча, жалпыга арналган журналдарда
  • телекөрсөтүү, маалымат каттары, транспорт каражаттары
  • жекече тапшырылуучу рекламалык материалдар, баракчалар, почта
  • дүкөндөрдүн көрнөктөрү, соода залындагы жарнактар
Вопрос 12

Публицистикалык стилдин көркөм жанрына кайсылар кирет?

Варианты ответов
  • очерк, фельетон, репортаж, памфлет
  • интервью, памфлет, хроника, билдирүү
  • памфлет, макала, репортаж, отчет
  • фельетон, интерьвью, баш макала, кабар
Вопрос 13

Тезис деген эмне?

Варианты ответов
  • лекциянын, докладдын чыгарманын негизги маанисин кыскача туюнткан жобо
  • көркөм, илимий чыгармалардын мазмунуна карата жазылган ой-пикир
  • көркөм, публицистикалык чыгармаларга, илимий эмгектерге карата кыска түшүнүк берүү
  • басма сөз, теле, радио үчүн даярдалган кабар
Вопрос 14

Айыл десе атам мага элестеп

     Алдастачумун бүгүн-эртен барам деп

     Ата деген атына мен садага

     Атасы бар деген канча каниет. Ырдагы фонетикалык-стилистикалык каражатты аныктагыла?

Варианты ответов
  • анафора
  • аллитерация
  • ассонанс
  • аллегория
Вопрос 15

Тексттин ой жүгүртүү түрүнүн далилине мисал:

Варианты ответов
  • Нефьт – жаратылыштагы эң баалуу зат.
  • Себеби жаз мезгили эң эле кооз мезгил
  • Нооруз – бүткүл чыгыш элдеринин Жаңы жыл майрамы
  • Кечкурун капилеттен күн бузулду.
Вопрос 16

Каратма сөзгө туура тыныш белгиси коюлган сүйлөмдү аныкта.

Варианты ответов
  • Сени тоспогондо кимди тосом кагылып кетейин уулум
  • Ээ, жарыктык Жер, айта берсе экөөбүздүкү түгөнөбү?
  • Бул кандай болуп кетти, демек,Субанкулду да алып кетет турбайбы, анда кеттик.
  • Бул жолугушууну сиз уюштургансыз го, болжолу
Вопрос 17

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,

     “Жылт” эткендин баары эле жылдыз эмес.
      Билебиз деп төштөрүн каккан менен

      Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!  Фонетикалык-стилистикалык каражаттын түрлөрүн аныктагыла.

Варианты ответов
  • ассонанс, эпифора
  • антитеза, анафора
  • анафора, кайталоо
  • аллитерация, эпифора
Вопрос 18

«Өйүздөгү токой кордук көргөнсүп, башын жерге  салып, тунжурап турат» - белгиленген сөз тизмектери троптун кайсы түрү?

Варианты ответов
  • метонимия
  • метафора
  • эпитет
  • жандандыруу
Вопрос 19

Ыр саптарына ылайык стилди белгиле:

«Карай турган жагыңа, карагай чыксын бутактап …»

Варианты ответов
  • илимий
  • көркөм
  • расмий
  • расмий эмес
Вопрос 20

Көркөм стилдин лексикалык каражаттарын белгиле

Варианты ответов
  • боектуу сөздөр, эскирген сөздөр, диалектизмдер ж.б.
  • сөз түркүмдөрү, архаизмдер, историзмдер
  • татаал сүйлөмдөр, синоним, антонимдер
  • муун жана басым, диалектизмдер, эпитет
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт