Кырыгыз тили жана адабияты курсу. 2-аралык текшеруунун материалдары. 1-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
1. Кызмат каттарынын өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүнүшү
Варианты ответов
- ички кызмат маалым каты, тышкы кызмат маалым каты
- буйрук кат, макулдук кат
- жооп берүүнү талап кылуучу кат, жооп берүүнү талап кылбоочу кат
- ички түшүнүк кат, тышкы түшүнүк кат
Вопрос 2
2. Иш кагаздарын жазууда кандай талаптар коюлат?
Варианты ответов
- узун түрмөктөрдү жазуу
- тактык, кыскалык
- сөздөрдү аралаш пайдалануу
- адабий сөздөрдү пайдалануу
Вопрос 3
Репортаж деген эмне?
Варианты ответов
- көркөм чыгармаларда колдонулган каражат
- басма сөз, радио, теле үчүн даярдалган материал
- кандайдыр бир нерсени алгандыгын күбөлөндүргөн документ
- бир нерсенин мүнөздүү өзгөчөлүгү жөнүндө берилген түшүндүрмө
Вопрос 4
Такталган, эрежеге баш ийип, нормага салынган кеп кайсы стилге тиешелүү?
Варианты ответов
- оозеки стилге
- жазма стилге
- илимий стилге
- иш кагаз стилине
Вопрос 5
А.Осмоновдун ырлар жыйнагынын аталышын толукта:
«Менин жерим - …»
Варианты ответов
- сырдын жери
- ырдын жери
- таланттын жери
- бакыттын жери
Вопрос 6
Төмөнкү сүйлөмдөгү кайсы сөз синтаксистик кызмат аткарбайт?
Мүмкүн, эчен жылы ушинтип черткендирсиң?
Варианты ответов
- мүмкүн
- эчен жылы
- ушинтип
- черткендирсиң
Вопрос 7
Публицистикалык стилге мүнөздүү сүйлөм:
Варианты ответов
- Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат
- Биз өз өлкөбүздүн патриоту болууга тийишпиз
- Эртең, 30-октябрда куратордук чогулуш болот
- Айда аба жок, ошондуктан, анда тиричилик жок
Вопрос 8
Отчет кайсы учурда жазылат?
Варианты ответов
- пландаштырылган иштин аткарылышы жөнүндө маалымат берүүдө
- кызмат жана илимий иш чаралардын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүдө
- кызмат адамына иши, окуусу, жүрүм-туруму жөнүндө маалымат берүүдө
- а, б жооптору туура
Вопрос 9
Бирди тапсаң кийип өт
Бирди тапсаң минип өт- Токтогулдун бул ыр саптары кайсы стилистикалык каражат боло алат?
Варианты ответов
- эпифора
- анафора
- ассонанс
- эпитет
Вопрос 10
Публицистикалык терминдердин жасалуу булактары:
Варианты ответов
- тилдин ички булактарынан жана орус тили аркылуу кирген сөздөрдөн
- адамдын ар түрдүү ички сезимин билдирүүчү сөздөрдөн
- жаңыдан кирген жана эскирген сөздөрдүн эсебинен
- сүйлөмдөгү бир өңчөй мүчөлөрдөн жана жалпылагыч сөздөрдөн
Вопрос 11
Акт жазуунун башкы максаты эмне?
Варианты ответов
- болгон окуя, кокустук, болгон абалды укуктук жактан тастыктоо
- күбөлөрдүн сөзсүз болушун, кол коюшун тастыктоо
- уюмдун жетекчисинин буйругу менен комиссия тарабынан жазыларын тастыктоо
- ишин тапшырганда өзү тарабынан жазыларын тастыктоо
Вопрос 12
Бир .... катарда эки .... болуп отурган бир .... уктап жатат.
Чекиттердин ордуна кайсы мүчөлөрдү катарынан улап жазсак, жогорудагы сүйлөмдүн мааниси туура болот?
Варианты ответов
- –ынчы,-өө,-ынчы
- –өө,-ынчы,-өө
- –ынчы,-ынчы,-өө
- –өө,-өө,-ынчы
Вопрос 13
Илимий стилге мүнөздүү болгон сөз айкаштары:
Варианты ответов
- жайдыр-кыштыр, деп аталат, химиялык касиети
- жарк-журк, колу ачык, рыноктук экономика
- өсүмдүктүн сабагы, уюлдук жаркыроо, айлананын борбору
- чоң сөрөй, сапсары жалбырак, кабыл алынсын
Вопрос 14
Стенографиялык жана фонографиялык протоколдор качан колдонулат?
Варианты ответов
- илимий жыйындарда, расмий жолугушууларда, курултайларда
- диссертацияларды коргоодо, жашырын маселелерди талкуулоодо
- группалык чогулушта, кеңешмелерде, профсоюздук чогулушта
- а, б жооптору туура
Вопрос 15
Кайсы варианттагы сүйлөмдө асты сызылган сөз кыймыл-аракеттин ордун билдирди?
Варианты ответов
- Селкинчекти алмак-салмак тебеличи.
- Силер бул жерге анда-санда келчү элеңер.
- Коноктор андан-мындан агылып келип жатышты.
- Атам биздин бөлмөгө улам-улам баш бага берди.
Вопрос 16
Тилдик каражат катары колдонулган сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Куураган согуш бүттү эми, акысы калган жок
- Жээктеринде пальмалар өсүп турат
- «Манас» эпосу-кыргыз элинин улуу мурасы
- Күн батууга жакындап калды
Вопрос 17
“Жазма булактардын алдыңкы катарында 1069-жылы 70-жылдары Жусуп Баласагын жазган “Кутадгу билиг”чыгармасы турат. Жусуп Баласагын шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын жаштык мезгили жана алган билими жөнүндө жетишерлик маалымат жок.”(Решат Генч.Карахандар мамлекетинин бийлик түзүлүшү. Бишкек, 2004, 17б.) Бул кайсы стилге мүнөздүү?
Варианты ответов
- көркөм стиль
- илимий стиль
- сүйлөшүү стиль
- публицистикалык стиль
Вопрос 18
Сырдык сөз катышкан сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Күрпөң-күрпөң жүгүрүп, күлүктү минсең бир кызык.
- А, жарыктык, карып калган тура.
- Гүлнар тентек, бөйрөгүн бүлкүлдөтүп, кыт-кыт күлөт.
- Кыштак көчөсүндө көк «Победа» зырылдап келатты
Вопрос 19
Тарбия менен илимге …… ….. ….. жашоосунда көптөгөн проблемалар жана кыйынчылыктарга туш болуп, башка адамдарга караганда …….. ……… .
Варианты ответов
- жетик сугарылбаган адам/жеңишке жетишпейт
- толук түшүнгөн адам/чыдамкай келет
- маани бербеген адам/артта калат
- маани берген адам/алдыга озот
Вопрос 20
Оозеки сүйлөшүү стилинин мүнөздүү белгиси
Варианты ответов
- кыймыл-аракеттер, тыныш белгилер колдонулат
- ой тез жетет, монологдук кеп басымдуу
- сөздөр тандалып колдонулат жана орун тартиби сакталат, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
- интонациялык бөтөнчөлүккө ээ, диалогдук кеп басымдуу, кыймыл-аракеттер аркылуу ой тез жетет