Кыргыз тили жана адабияты сабактары боюнча тест
Список вопросов теста
Вопрос 1
Татаал сүйлөмдүн түрүн белгиле.
Быйыл жаз эрте келгендиктен, жазгы талаа жумуштары да эрте башталды
Варианты ответов
- Себеп багыныңкы сүйлөм
- Шарттуу багыныңкы сүйлөм
- Максат багыныңкы сүйлөм
- Мезгил багыныңкы сүйлөм
Вопрос 2
Багыныңкы сүйлөмдүн түрүн белгиле.
Ай сүттөй жарык тийгендиктен, айлана дапдаана көрүнөт.
Варианты ответов
- Себеп багыныңкы сүйлөм
- Шарттуу багыныңкы сүйлөм
- Максат багыныңкы сүйлөм
- Мезгил багыныңкы сүйлөм
Вопрос 3
Мезгил багыныңкы сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Жашасын биздин мекенибиз Кыргызстан!
- Балдар келген убакта, айлананы туман каптап турган.
- Сиз дагы ошол эле убактарда келесизби?
- Бекназар кирбесе, класста жымжырт болгонсуп турчу.
Вопрос 4
Карама-каршы багыныңкы сүйлөмдүн баш сүйлөмүн белгиле.
Шашып барсак да, автобуска жетишпей калдык.
Варианты ответов
- Шашып барсак да,
- автобуска жетишпей калдык
- барсак да, жетишпей калдык
- Шашып да, жетишпей калдык.
Вопрос 5
Көп чекиттин ордуна туура сөздү тандап койгула
Башкы прокуратура тарабынан тез ара ичинде.............., бирок алигече тыянак жок.
Варианты ответов
- тергөө башталган
- кылмыш иши козголгон
- иш - аракет болгон
- издөө башталган
Вопрос 6
Төмөнкү эпостордун ичинен кайсылары кыргыз эпостору? (
Варианты ответов
- “ Джангар”, “ Огуз наме”, “ Коркут деде”
- “Карагул ботом”, “Кишимжан”, “ Кененим”
- “Рамаяна”, “Олонхо”, “Гильгамеш”
- Огуз наме”,"Курманбек",“Рамаяна”
Вопрос 7
Жаабарс деген каарман кайсы чыгармада кезигет?
Варианты ответов
- “Сынган кылыч”
- “Саманчынын жолу”
- “ Тоолор кулаганда”
- "Деңиз жойлой жорткон ала дөбөт"
Вопрос 8
Жакшы иштин ... – ардак, ыплас иштин ... – кордук (макал).
Варианты ответов
- бүтүлгөнү
- берилиши
- натыйжасы
- бүтүлгөнү күтүлүшү
Вопрос 9
Кыргыз акындарынын ичинен «акыр заман» темасын жазгандарды ата.
Варианты ответов
- Жеңижок;Барпы
- Арстанбек;Калыгул Бай уулу.
- Асан Кайгы; Токтогул
- Тоголок Молдо,Токтогул
Вопрос 10
Ж. Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» деген чыгармасынын негизги идеясы кайсы?
Варианты ответов
- элди душмандан күчтүү чеп гана коргой алат;
- өз эли үчүн өмүрүн кыюуга даяр баатырлар турганда чептин кереги бар;
- кыргыз мамлекетинин чек арасын бекемдөө;
- элди, жерди коргоо, патриотизмге үндөө.
Вопрос 11
Синтаксистик жол менен төмөнкүлөрдүн ичинен кайсы сөздөр жасалды:
Варианты ответов
- спорт аянты, волейбол;
- төөнөгүч, ийнелик;
- ата-эне, энеке;
- окуу китеби, жалгыз аяк жол
Вопрос 12
. Макалдын маанисин түшүнүп, түшүндүрмөсүндөгү көп чекиттин ордун тууралап толтургула.
«Эринчээкке эшик – арт». Мында арт сөзү … маанисинде колдонулду.
Варианты ответов
- жүктө;
- арка жак;
- ашуу, бел;
- алыс, ыраак.
Вопрос 13
Таяныч сөздөрдү пайдалануу менен, аңгеменин мүнөздөмөсүн тактагыла.
Аңгеме – көлөмү …, каармандары – …, адам турмушунун … эпизодун көркөм чагылдырган адабий жанр.
Варианты ответов
- аз, көп, бир;
- чоң, аз, бир;
- чакан, аз, бир;
- чоң, көп, кенен
Вопрос 14
Таяныч сөздөрдү пайдалануу менен, көркөм чыгарманын сюжетинин мүнөздөмөсүн такта:
адабий чыгарманын сюжетин …, окуянын башталышы, өнүгүшү, … чечилиши жана … түзөт.
Варианты ответов
- эпилог, пролог, чиелениши;
- пролог, чиелениши, эпилог;
- эпилог, чиелениши, пролог;
- пролог, эпилог, монолог.
Вопрос 15
Элдик оозеки адабияттын ичинен дидактикалык чыгармалар төмөндөгүлөр: …, термелер, … , …, макал-лакаптар жана … жаңылмачтар.
Варианты ответов
- насыят ырлары, санаттар;
- насыят ырлары, дастандар, жомоктор;
- тамсилдер, табышмактар;
- жомоктор, ырлар, драмалар.
Вопрос 16
Фонетикалык талдоо жүргүзүү тартибин белгиле
Варианты ответов
- сөздү түзүүдө канча тамга катышканын аныкта.үндүү, үнсүз тыбыштарды классификацияла;
- сөздүн туунду, тубаса сөз экендигин аныкта. сөз түркүмдөрүнө бөл;
- сүйлөмдүн түзүлүшүнө жараша мүнөздө;сөз мүчөлөрүнүн түрлөрүн мүнөздө;
- сүйлөмдү туура, так, көрктүү оку; муундун түрлөрүн аныкта;
Вопрос 17
Булардын ичинен адабий көркөм чыгарманын жанрынан башкасын таап көрсөткүлѳ.
Варианты ответов
- аңгеме;
- жомок;
- очерк;
- драма.
Вопрос 18
Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» поэмасынын каармандарынан башкасын белгиле.
Варианты ответов
- Айтолду
- Акдилмиш
- Күнчыкты
- Ай хан
Вопрос 19
Төмөндөгү каармандардын ичинен бир чыгарманыкынан башкасы кайсы?
Варианты ответов
- Абуталип;
- Казанкап;
- Сейде.
- Каранар;
Вопрос 20
Тексттин бирдиктеринен башкасын алып таштагыла.
Варианты ответов
- сөз
- сүйлөм
- абзац
- микротема