Кыргыз тили жана адабияты предметинен аралык текшерүүнүн материалдары 2-модуль, 5-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Мекемелер арасындагы кызматташууну ишке ашыруучу негизги документ
Варианты ответов
- келишим
- кызмат каты
- акт
- отчет
Вопрос 2
А.Осмоновдун кайсы ырынан: “Бар бололу, түгөнбөйлү курдаштар,Узак, узак, узак болсун бул сапар,”
Варианты ответов
- “Менин күнүм”
- “Отуз жаш”
- “Менин жерим – ырдын жери”
- “Аялга”
Вопрос 3
«Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат
Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат» - кайсы стилге мүнөздүү?
Варианты ответов
- илимий
- сүйлөшүү
- публицистикалык
- көркөм
Вопрос 4
Илимий стилге мүнөздүү болбогон сөз мүчөлөрү:
Варианты ответов
- – луу, - лык, уу, - оо, - ган
- – бай, - тай, - ке, - сын, - чек
- – нын, - ыраак, - ыш, - дан, - чы
- ып, - ды, - ар, - ган, - сын
Вопрос 5
Белгилүү бир мөөнөткө пландаштырылган же тапшырманын аткарылышы, илимий сапардын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүчү документ-
Варианты ответов
- өмүр баян
- ишеним кат
- тил кат
- отчет
Вопрос 6
Токтогулду окудум, жөндөмдүү класс, колу жакшы, шаар бүт уйкуда
деген сөз айкаштарындагы өтмө маанинин түрү:
Варианты ответов
- моносемия;
- метафора;
- метонимия;
- синекдоха;
Вопрос 7
Тексттин стилин аныктагыла:
« Кандагы глюкоза клеткаларга жетип, тоңуу температурасы төмөндөйт да, организмдеги суюктуктун аз гана бөлүгү тоңот…»
Варианты ответов
- илимий
- көркөм
- иш кагаздар
- публицистикалык
Вопрос 8
Чогулуштун качан өткөрүлгөндүгү, ага кимдер катышкандыгы, чогулуштун төрагасы, катчысы көрсөтүлөт. Протоколдо булар кайсы бөлүмүндө каралат?
Варианты ответов
- протоколдун киришүү бөлүмүндө
- протоколдун сөзгө чыкты бөлүмүндө
- протоколдун угулду бөлүмүндө
- протоколдун негизги бөлүмүндө
Вопрос 9
Синекдоханын маанисин түшүндүр
Варианты ответов
- бүтүн нерсе менен анын бөлүгүн же бөлүк аркылуу бүтүн нерсени туюнтуу
- сөздүн өтмө мааниси аркылуу көрүнүштү келекелөө
- бир нерсени, кубулушту айрым белгилеринин окшоштугуна карй башка бир сөз менен атоо
- жандуу нерселердин белгилерин жансыз нерселерге оодорып көрсөтүү
Вопрос 10
Протокол жазылып алынышына карата кандай түрлөргө бөлүнөт?
Варианты ответов
- стенографиялык, кыска, толук, рекомендациялык
- фонографиялык, авансылык, кыска, негизги
- кыска, толук, стеногрфиялык, фонографиялык
- өндүрүштүк, фонографиялык, толук, киришүү
Вопрос 11
Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романындагы: “Бул сапар да иш айтылган Сөздөн, Сөздүн өзүнөн башталды”- деген үзүндү кайсы китептен алынган?
Варианты ответов
- Тоораттан
- Курандан
- Апокалипсистен
- Инжилден
Вопрос 12
Турмуш фактыларын көркөм сүрөттөп, каармандары чыныгы турмушта жашаган инсандар болгон көлөмдүү публицистикалык чыгарма?
Варианты ответов
- очерк
- интервью
- памфлет
- фельетон
Вопрос 13
Тезис деген эмне?
Варианты ответов
- көркөм, публицистикалык чыгармаларга, илимий эмгектерге карата кыска түшүнүк берүү
- көркөм, илимий чыгармалардын мазмунуна карата жазылган ой-пикир
- лекциянын, докладдын чыгарманын негизги маанисин кыскача туюнткан жобо
- басма сөз, теле, радио үчүн даярдалган кабар
Вопрос 14
Айыл десе атам мага элестеп
Алдастачумун бүгүн-эртен барам деп
Ата деген атына мен садага
Атасы бар деген канча каниет. Ырдагы фонетикалык-стилистикалык каражатты аныктагыла?
Варианты ответов
- анафора
- аллитерация
- ассонанс
- аллегория
Вопрос 15
Публицистикалык стилдин максаты -
Варианты ответов
- тилдик бирдиктерди туура колдонуу
- ойду так, системалуу, жыйынтыктуу берүү
- жеке адам менен мамлекеттин, мекеме, уюм жана ишканалардын ортосундагы мамилелерди тейлейт
- актуалдуу маселелерди эл арасына жеткирүү, ага таасир этүү
Вопрос 16
Кесиптешим ..., отчётту мөөнөтүндө тапшыра ... элем
Варианты ответов
- Карашпаганда / койбойт
- Жардамдашпаганда / жүрбөйт
- Көзөмөлдөбөгөндө / турбайт
- Көмөктөшпөгөндө / албайт
Вопрос 17
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
“Жылт” эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес! Фонетикалык-стилистикалык каражаттын түрлөрүн аныктагыла.
Варианты ответов
- ассонанс, эпифора
- антитеза, анафора
- анафора, кайталоо
- аллитерация, эпифора
Вопрос 18
Илимий стилдин максаты -
Варианты ответов
- маанилүү маселелерди элге жеткирүү
- турмуштук көрүнүштөрдү элге жеткирүү
- ойду так, системалуу, жыйынтыктуу берүү
- актуалдуу маселелерди чечүүгө элди үгүттөө
Вопрос 19
Синонимия кубулушу көркөм чыгармада автор тарабынан кандай максатта колдонулат?
Варианты ответов
- адам турмушун өтмө образ аркылуу, каймана мааниде сүрөттөө
- орунсуз кайталоолордон алыс болуу үчүн
- каармандын кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү үчүн
- туура жообу жок
Вопрос 20
Көркөм стилдин лексикалык каражаттарын белгиле
Варианты ответов
- боектуу сөздөр, эскирген сөздөр, диалектизмдер ж.б.
- сөз түркүмдөрү, архаизмдер, историзмдер
- татаал сүйлөмдөр, синоним, антонимдер
- муун жана басым, диалектизмдер, эпитет