Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кыргыз тили жана адабияты предметинен аралык текшерүүнүн материалдары 2-модуль, 4-вариант

Кыргыз тили жана адабияты предметинен аралык текшерүүнүн материалдары 2-модуль, 4-вариант

Avatar
25.12.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Орто кесиптик окуу жайлардын студенттери үчүн түзүлгөн тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

А.Осмоновдун кайсы ырынан:  “Ким койсо да жаман койгон атымды”

Варианты ответов
  • Музыка
  • Мен кыргыздын акыны
  • Аялга
  • Бөбөккө
Вопрос 2

Публицистикалык стилдин көркөм жанрына кайсылар кирет?

Варианты ответов
  • очерк, фельетон, репортаж, памфлет
  • интервью, памфлет, хроника, билдирүү
  • памфлет, макала, репортаж, отчет
  • фельетон, интервью, баш макала, кабар
Вопрос 3

“Касым  ырларынын жыйнагы” качан жарык көргөн?

Варианты ответов
  • 1927-ж
  • 1924-ж
  • 1925-ж
  • 1926-ж
Вопрос 4

Төмөнкү үзүндүдө Ш. Дүйшеев (“Агындылар”) кимди сүрөттөгөн: “Табы кетип, кабы эле калган, кабы деле калбай, көр түйшүктүн айынан жедеп майышып бүтүп, терисинен тажап, сыртка чыга каччудай жондонуп, көгөрүп турган тарамыштуу колдорун, ийрейген манжаларын ...”

Варианты ответов
  • чоң энеси Канымкүл кемпирди
  • апасы Нурбүбүнү
  • Батма энесин
  • эжеси Туканды
Вопрос 5

«Ээ менен баяндооч сан, жак боюнча ээрчишет» - бул сүйлөм кайсы стилге мүнөздүү?

Варианты ответов
  • иш кагаздар стилине
  • көркөм стилге
  • публицистикалык стилге
  • илимий стилге
Вопрос 6

Ч. Айтматовдун Ысык-Көлдү сактоо ишин дагы башка кайсы көлдөрдү сактоо үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралар менен салыштырып карайт?

Варианты ответов
  • Байкал, Севан көлдөрүндөгү иштер менен
  • Кара-Деңизди сактоо үчүн жүргүзүлөн иштер менен
  • Ладога көлүн сактоо үчүн жүргүзүлгөн иштер менен
  • Охот деңизин сактоо үчүн жүргүзүлгөн иштер менен
Вопрос 7

«Ысык-Көл кыргыз көлү кылкылдаган,

    Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган» - кайсы стилге мүнөздүү?

Варианты ответов
  • илимий
  • сүйлөшүү
  • публицистикалык
  • көркөм
Вопрос 8

«Кечээ гана тиги кырда жок эле,

     Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш» - троптун кайсы түрү?

Варианты ответов
  • салыштыруу
  • метонимия
  • метафора
  • эпитет
Вопрос 9

Күн тартибинде коюлган маселелер ирети менен талкууланат жана ар бир маселе үч бөлүк боюнча каралат. Протоколдо булар кайсы бөлүмдөн орун алат?

Варианты ответов
  • протоколдун киришүү бөлүмүнөн
  • протоколдун сөзгө чыкты бөлүмүнөн
  • протоколдун угулду бөлүмүнөн
  • протоколдун негизги бөлүмүнөн
Вопрос 10

Аннотация деген эмне?

Варианты ответов
  • спектаклдерге сын көз караш менен жазылган иш кагазы
  • көркөм, публицистикалык чыгармаларга, илимий эмгектерге карата кыска түшүнүк берүү
  • ырааттуулук менен бир чыгарма жөнүндө ой жүгүртүү
  • илимий эмгектердин, докладдардын кыскача мазмуну
Вопрос 11

«Эй кызыл жоолукчан,

      Кандай турмуш жайыңыз,

      Курсак ачып кетти го,

      Кайнады бекен чайыңыз» - троптун кайсы түрү?

Варианты ответов
  • метонимия
  • метафора
  • синекдоха
  • эпитет
Вопрос 12

Пикирге мүнөздөмө бер

Варианты ответов
  • китептин, макаланын мазмунун жазуу
  • адабий чыгармаларга, илимий эмгектерге, фильмдерге сын көз менен карап жазылган эмгек
  • басма сөз, радио, теле үчүн даярдалган кабар
  • саясий ишмерлер, көөрүнүктүү адамдар, илимпоздор менен болгон маек
Вопрос 13

Илимий стилдин лексикасын түзгөн тилдик каражаттар?

Варианты ответов
  • орток маанилүү сөздөр, боектуу сөздөр, тергөө сөздөрү
  • диалектизмдер, эскирген сөздөр, эффемизмдер
  • орток маанилүү сөздөр, жалпы илимий терминдер, тармактык терминдер
  • табу сөздөр, карапайым сөздөр, макал-лакаптар
Вопрос 14

Публицистикалык стилге мүнөздүү болгон сөздөрдүн катары-

Варианты ответов
  • лексика, коом, химик, саясат, саяпкер
  • коом, элчи, орфография, тилкат, баалуу кагаз
  • эзүүчү тап, шайлоо өнөктүгү, көгүлтүр от
  • теңдеме, диоганал, доо коюу, дилер
Вопрос 15

... потенциалын күчөтүү керек

Варианты ответов
  • Аткаруу бийлигинин, мамлекеттик органдардын
  • Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын
  • Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында
  • Мамлекеттик органдарынын аткаруу бийлигинде
Вопрос 16

Көркөм стилге мүнөздүү сүйлөм:

Варианты ответов
  • Муз эрип жатканда анын температурасы өзгөрбөйт
  • Көңүл буруңуздар, Сиздер түз эфирден көрүп жатасыздар.
  • Бул справка, тиешелүү жерге көрсөтүү үчүн берилди.
  • Карай турган жагыңа, карагай чыксын бутактап
Вопрос 17

Калдайгандын баары эле канат эмес,

      Кабыландын баары эле  Манас эмес,

      Калкын чанган, калкынын тилин чанган 

      Кан болсо да кыргыздын баласы эмес! Фонетикалык-стилистикалык каражаттын

түрлөрүн аныктагыла. 

Варианты ответов
  • ассонанс, эпифора
  • аллитерация, эпифора
  • анафора, кайталоо
  • антитеза, анафора
Вопрос 18

Төмөнкүлөрдүн кимиси текст боло алат?

Варианты ответов
  • Түн. Ай жарык
  • Биз мектепке келдик
  • Эр жигит эл четинде, жоо бетинде
  • 1941-жыл. 22-июнь.
Вопрос 19

Үй-жай шартын текшерүү актысы кимдер тарабынан түзүлөт?

Варианты ответов
  • текшерүү жүргүзүүгө юридикалык укугу бар адамдар тарабынан
  • жетекчилер же материалдык байлыкка жооптуу адамдар тарабынан
  • уюмдун жетекчисинин буйругу менен түзүлөгн комиссия тарабынан
  • кесиптик бирикмелер комитети тарабынан уюшулган комиссия тарабынан
Вопрос 20

Гиперболага түшүнүк бер

Варианты ответов
  • сүрөттөлүп жаткан нерсени, көрүнүштү кичирейтип көрсөтүү
  • нерсенин, көрүнүштүн белгилерин апыртып көрсөтүү
  • адамдын же предметтин кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү
  • бир нерсени, көрүнүштү ага мейкиндик, мезгилдик жактан катышы бар экинчи нерсе аркылуу атоо
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт