Кыргыз тили жана адабияты предметинен 2-курстар учун 1-аралык текшеруунун материалдары 4- вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Орфоэпиялык эрежеге ылайык жазылган сөздөрдүн катарын белгиле?
Варианты ответов
- убада, комусчу, экөө, таңгалды
- Аларча, жообал, качты, Кум-Төр
- түңкү, жыгашчы, таабалды, өкөө
- мал алат, киргок, мелт-калт
Вопрос 2
Кыймыл атоочторду уюштурган мүчөлөрдү белгиле
Варианты ответов
- –оо, -уу, -мак
- –ып ,- а, -й
- -ганча, -гыча, -майынча
- –са, -луу, -ла
Вопрос 3
Кайсы учурда ээ менен баяндоочдун ортосуна сызыкча туура эмес коюлган?
Варианты ответов
- Ал - Шамбеттин ээри
- Бул - Мурат жетим
- Эки он - жыйырма
- Мекенди – коргоо ыйык милдет
Вопрос 4
Кыргыздар көрүшүү ырларын кандай кырдаалда ырдашкан?
Варианты ответов
- жакын тууганы өлгөндө
- тууган-туушкандары келгенде
- атасына аш бергенде
- кызды күйөөгө узатып жатканда
Вопрос 5
Боз үйдүн жыгачын матоодогу негизги ыкма:
Варианты ответов
- кызытуу
- сомдоо
- ийүү
- түздөө
Вопрос 6
Диссимиляция — бул …
Варианты ответов
- жанаша келген үнсүздөрдүн бири-биринин таасири менен окшошпой, башка тыбышка өтүп кетиши
- үндүү, үнсүз тыбыштардын бири-бирине ыңгайлашуусу
- үндүү тыбыштардын үндөшүп өзгөрүшү
- жанаша келген үнсүздөрдүн бири-биринин таасири менен окшошүп өзгөрүшү
Вопрос 7
Чечкор майрамында кырманга эмне үчүн от, суу жолотушкан эмес?
Варианты ответов
- Дан өрттөнүп кетпеш үчүн
- Кырманда дан көп болгондуктан
- Суу каптап кетпеш үчүн
- Кыдыр ата, Баба дыйкан оттон, суудан качат
Вопрос 8
Тарыхый роман кандай сапат белгилерге ээ болуу керек?
Варианты ответов
- ар кандай тарыхый романда өткөн турмуш менен бүгүнкү күн эриш- аркаксүрөттөлүш керек
- бүгүнкү күндүн адамдарын деле архаикалык сөздөр менен сүйлөтүп койсо тарыхый роман болот
- тарыхый роман болуу үчүн тарыхый окуялардын, тарыхый инсандардын, жазуучу менен сүрөттөлүп жаткан окуялардын ортосунда мезгилдик дистанциянын, тарыхый атрибуттардын болуусу зарыл
- бир, эки тарыхый инсандын атын атап коюп бүгүнкү күндү сүрөттөсө деле тарыхый роман боло берет
Вопрос 9
Атоочтуктардын этиштик белгилерин көрсөт
Варианты ответов
- заттын белгисин билдирет
- жөндөмө, таандык, көптүк мүчөлөр менен
- заттын санын билдирет
- кыймыл- аракетти жана чакты билдирет
Вопрос 10
Котормо сөздүктүн колдонулушу
Варианты ответов
- сөздүн маанисин ачууда
- жергиликтүү тил өзгөчөлүгүн түшүнүүдө
- сөздөрдү айырмалоого
- тил үйрөнүүдө
Вопрос 11
Тыныш белгилери туура коюлган сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Нүзүптүн кабагы түйүлдү: “Бир кемпирди токтотушка чамаңар болбодубу?”
- Нүзүптүн кабагы түйүлдү: Бир кемпирди токтотушка чамаңар болбодубу?
- Нүзүптүн кабагы түйүлдү, бир кемпирди токтотушка чамаңар болбодубу?
- Нүзүптүн кабагы түйүлдү: бир кемпирди токтотушка чамаңар болбодубу?!
Вопрос 12
.“Үртүк жабуу” деген эмне, күлүккө эмне үчүн керек?
Варианты ответов
- кийизден жасалган тердик, ээрдин астына салууга
- аземделип жасалган буюм, аттын көркүн чыгарууга
- жүндөн токулган таар, аттын жонун көрсөтпөөгө
- кездемеден тигилген куржун, аттын мойнуна илүүгө
Вопрос 13
Регрессивдүү ассимиляциянын мисалын тап
Варианты ответов
- укпа
- тузсуз
- кетти
- бакка
Вопрос 14
Сүйлөмдөрдөн сүйлөшүү стилине мүнөзүүсү:
Варианты ответов
- Ойлон, бир күнү бармагыңды тиштеп калба
- Тынчтангыла, экзамне жүрүп жатат
- Ал ачык ооз, момун неме
- Өкүнөсүң тиштенип бармагыңды, бир күнү... азабын тартасың, ала көөдөндүгүңдүн... Ошол... бар!...
Вопрос 15
“Кут алчу билим” уйгур тилинде эмес деген пикирге келишиме автордун өз эне тилинде биринчи китеп экенин көрсөткөн сөзү негиз болуп отурат....”-деген сөз кимге таандык?
Варианты ответов
- С.Е.Малов
- К.К.Юдахин
- В.В.Радлов
- И.А.Батманов
Вопрос 16
Атоочтуктардын тизмегин белгиле
Варианты ответов
- улутуна карады, аткарып келди, ырдап берди, жазып жатат
- агарган таң, келер мейман, ырдоочу бала, бүтө элек үй
- жардамдашуу, барыш-келиш, ушактамай, алмак
- барамын, барасың, барат, барабыз
Вопрос 17
Ак өргөөнүн кадимки боз үйдөн айырмасы эмнеде?
Варианты ответов
- экөөнүн ортосунда айырма жок
- от жагылбайт, чыгдан тартылбайт
- каалгасы жок, жүк жыйылбайт
- от жагылбайт, керегеси жок
Вопрос 18
Дефис аркылуу жазылганн сөздөр:
Варианты ответов
- бака жалбырак, темир жол, бала бакча
- аман эсен, жүрүм турум, каада-салт
- Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Нияз
- Тоголок Молдо, ден соолук, кара курт
Вопрос 19
Кайсы катардагы сөздөр адабий тилдин нормасына ылайык келбейт?
Варианты ответов
- Сени көрсөм эле, колум кычышат
- Сени көрсөм эле, мурдум кычышат
- Сени көрсөм эле, көзүм кычышат
- Сени көрсөм эле, тилим кычышат
Вопрос 20
И. Раззаков эмне себептен республиканын биринчи катчылыгынан бошотулган?
Варианты ответов
- башкаруу ишинде жөндөмсүздүгүн көрсөткөн
- бюджеттеги акчаны орунсуз пайдаланган
- республиканы карызга батырган
- кошумча кирешенин эсебинен мектеп балдарына бир маал бекер тамак бердирген