Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча 1-аралык текшерүүнүн материалдары 1- вариант

Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча 1-аралык текшерүүнүн материалдары 1- вариант

Avatar
24.10.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Бул тест орто кесиптик билим берүү колледжинде окуган 2-курстун студенттери үчүн

Список вопросов теста

Вопрос 1

Туура жазылган географиялык татаал энчилүү аттарды белгиле?

 

Варианты ответов
  • Сарычелек, Джалал-Абад, Нарын
  • Торайгыр, Балгарт, Кызылкыя
  • Кара-Шоро, Арслан-Баб
  • Ат-Башы, Чоң-Алай, Самаркан
Вопрос 2

Орфоэпиялык эрежеге ылайык сөздөрдүн катарын белгиле?

Варианты ответов
  • мага, балдар, маки
  • күштүү, агүй, соко
  • сөссүз, көссал, тынштык
  • салкын, туздуу, мурунку
Вопрос 3

Курманжан датканы Алай ханышасы деп кимдер аташкан?

Варианты ответов
  • Орус падышачылыгы тарабынан
  • Кокон хандыгы тарабынан
  • Бухара эмири тарабынан
  • Алай бийлери тарабынан
Вопрос 4

    Күлүктөр көктө сызчудай
    Тизгинди чоюп жөнөсө
    Бири шумкар, бири куудай
    Оюн деп чиркин ушуну айт-кайсы оюн жөнүндө?


 

Варианты ответов
  • көк бөрү
  • улак тартыш
  • кыз куумай
  • эр сайыш
Вопрос 5

Сөздүктөрдү изилдөөчү грамматиканын бөлүгү-

Варианты ответов
  • этимология
  • синонимия
  • лексикография
  • топонимия
Вопрос 6

Сүйлөшүү стилине мүнөздүү сөздөрдүн катарын көрсөт

Варианты ответов
  • фонема, саясий-коомдук, изилдөөлөр
  • айланайын, шакирт, сойлоп, кубулуш
  • сунуштоо, сүрөттөгөн, натыйжада, тематика
  • бал-ли, мүнөт, Токо, үйүң күйгүр
Вопрос 7

Боз үйдүн жасалышы эмнелерден турат?

Варианты ответов
  • түндүк, уук, кереге, босого таяк
  • үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшиктен
  • кырчоо, эшик боо, уук тизгичтен
  • жыгач, өрө кийиз, чий, боо-чуудан
Вопрос 8

Сингармонизм сакталбаган сөзү бар сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Кенжем, Жайнагым, карааныңды бир көрсөтсөң боло
  • Ал-акылдуу, меймандос келин
  • Калк айтса-калп айтпайт
  • Ичтегини тилден бил, тилдегини дилден бил
Вопрос 9

Толук үндөшүүгө баш ийген сөздөрдүн катарын аныкта.

Варианты ответов
  • тигүүчү, мурун, көмөкөй, арабакеч
  • көбүнчө, балалуу, витамин, булак
  • билимдүү, акылдуу, дарыгер, адам
  • тамга, коломто, балта, шериктештик
Вопрос 10

Ал 18 канаттан туруп, 180-200 киши батат. Боз үйдүн кайсы түрү жөнүндө сөз болуп жатат?

Варианты ответов
  • Чоң үй
  • Өргөө
  • Ак ордо
  • Ак өргөө
Вопрос 11

Тогуз коргоол оюнунун тарбиялык мааниси?

Варианты ответов
  • акылдуулукка, ойлоого, чынчылдыкка үйрөтөт
  • шамдагайлыкка, эпчилдикке үйрөтөт
  • логикалык ойлоосун өстүрөт, мергенчиликке үйрөтөт
  • согуштук өнөргө тарбиялайт
Вопрос 12

Жоон үндүүгө карай үндөшүүнү тап

Варианты ответов
  • жетекчи, эсепсиз
  • теректер, кийимдер
  • котормо, жазуучу
  • акылдуу, абийир
Вопрос 13

Кыргыздардын малдары семирип, айран, кымыз көп болгондо ар бир байлар мал союп, кымыз жыйып, айыл-айыл  болуп чакырышып өткөрүлөт. Кайсы майрам жөнүндө сөз болупжатат.
 

Варианты ответов
  • Үлүш
  • Нооруз
  • Чечкор
  • Аш берүү
Вопрос 14

Ээ менен баяндоочтун арасына сызыкча туура коюлган сүйлөм

Варианты ответов
  • Илим – өнөр булагы, өнөр-өмүр чырагы
  • Улуу-баласы Балтабай
  • Ак эмгектин – наны таттуу, жамандын- жаны таттуу
  • Бизде – табигат тартуулаган ушундай кооз аймактар көп
Вопрос 15

Чакчылдардын этиштик белгилерин көрсөт

Варианты ответов
  • кыймыл-аракетти билдирип, өзүнөн мурунку сөздөрдү жөндөмөлөр боюнча башкарып, мамиле мүчөлөр менен кошо келет
  • кыймыл-аракеттин ар кандай шартын билдирет
  • сын атоочтун –ыраак мүчөсү улана берет
  • сүйлөм ичинде бышыктоочтук милдет аткарат
Вопрос 16

Интонация илептүү сүйлөмдү уюштура алабы?

Варианты ответов
  • суроо интонациясы уюштурат
  • баш мүчөлөрдүн орун тартиби уюштурат
  • илептүү сүйлөмдө интонация роль ойнобойт
  • илептүү сүйлөмдөрдө интонациянын ролу чоң
Вопрос 17

Кайсы вариантта орфографиялык ката бар?

Варианты ответов
  • Кана сенин Америкалык досуң?
  • Кана сенин Америкадан келген досуң?
  • Кана сенин Америкага кеткениң?
  • Кана сенин Америка жөнүндө билгениң?
Вопрос 18

Кеп агымындагы тыбыштардын таасирдик (комбинатордук) өзгөрүүсүнүн түрүн белгиле?

 

Варианты ответов
  • диссимиляция
  • редукция
  • эпентеза
  • метатеза
Вопрос 19

Прогрессивдүү ассимиляцияны тап

Варианты ответов
  • тамга, коломто, балта
  • кар, малчы, жаансыз
  • калпак, жалгыз, чырпык
  • көк гүл, саатка, түндүктө
Вопрос 20

Оозеки сүйлөшүү стилинин мүнөздүү белгиси

Варианты ответов
  • кыймыл-аракеттер, тыныш белгилер колдонулат
  • ой тез жетет, монологдук кеп басымдуу
  • сөздөр тандалып колдонулат жана орун тартиби сакталат, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
  • интонациялык бөтөнчөлүккө ээ, диалогдук кеп басымдуу, кыймыл-аракеттер аркылуу ой тез жетет
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт