Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча 1-аралык текшеруунун материалдары 5-вариант

Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча 1-аралык текшеруунун материалдары 5-вариант

Avatar
25.03.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Бул тест орто кесиптик билим беруу коллежинде окуган 2-курстун студенттери учун

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кыргыз Республикасынын  атрибуттары ким тарабынан бекитилет?

Варианты ответов
  • Президент
  • Жогорку Кеңеш
  • Өкмөт башчысы
  • Премьер министр
Вопрос 2

-Адам эмей эле, айбан экенсиң, бул эмне кылганың! – деп Калийпа жемелеп калды. Экөө жаакташып жатканын көпкө угуп бардым. Сүйлөмдөгү сан атооч сөз - ………………..

Варианты ответов
  • иреттик сан атооч;
  • жамдама сан атооч;
  • топ сан атооч;
  • чамалама сан атооч.
Вопрос 3

Күңгөй (зат) - күнгө караган бет, күндү караган жак, тарап (көбүнчө тоо жөнүндө)-кайсы сөздүккө тиешелүү?

Варианты ответов
  • түшүндүрмө
  • терминологиялык
  • котормо
  • орфографиялык
Вопрос 4

Жарма менен максымдын айырмасы

Варианты ответов
  • айырмасы жок
  • жарма ачытылбайт, максым ачытылат
  • максымга көрөңгө кошулат
  • б,в жооптору туура
Вопрос 5

К. Тыныстанов качан жана кандай жалаа менен атылган?

Варианты ответов
  • 1934-жылы “байчыл ” деген жалаа менен атылган
  • 1936-жылы “байчыл”, “улутчул” деген жалаа менен камакка алынган
  • 1937-жылы “улутчул”, “контрреволюционер” деген жалаа менен атылган
  • 1938- жылы “байчыл”, “улутчул” деген жалаа менен атылып кеткен.
Вопрос 6

Кой үстүнө торгой ... заман. Фразеологиялык ширешмени толуктагыла.

Варианты ответов
  • тууган
  • жумурткалаган
  • конгон
  • уялаган
Вопрос 7

Туунду зат атоочторго жалганган жак мүчөлүү сөздөрдү тап.

Варианты ответов
  • апамын, эжесиң, баласыңар
  • шаардансың, айылдасыңар
  • койчусуңар, иштерманмын, жазуучусуз
  • кызымсың, агамсыз, жакшыларбыз
Вопрос 8

–ча, -дай, -лаган, -лап мүчөлөрү менен кайсы сан атооч уюшулат?

Варианты ответов
  • иреттик сан атооч
  • бөлчөк сан атооч
  • жамдама сан атооч
  • чамалама сан атооч
Вопрос 9

Фразеологизмдер  деп эмнени айтабыз?

Варианты ответов
  • Өтмө маанидеги туруктуу сөз айкашы.
  • Маани жагынан өз ара тизмектелип турган эркин сөз айкаштары
  • Тилдеги бир түшүнүктүн атын атоо үчүн уланып бир маанидеги колдонуучу сөз тизмеги
  • Эки же андан ашык сөздөрдөн туруп бир маанини туюндурган айкалыштар
Вопрос 10

Эл мугалими – жаштардын ишенимдүү тарбиячысы. Бул сүйлөмгө эмне себептен сызыкча коюлду?

Варианты ответов
  • ээнин милдетин затташкан атоочтук, баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атооч аткаргандыктан.
  • ээ менен баяндоочтун милдетин кыймыл атооч аткаргандыктан.
  • ээ менен баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атооч аткаргандыктан
  • ээ да баяндооч да эсептик сан атоочтон болгондуктан
Вопрос 11

Нумеративдик сөздөрдүн тобун белгиле

Варианты ответов
  • сөөм, карыш, кадам, кочуш, этек
  • бешим, кулач, он чакты, жүз
  • таң куланөөк, бешим, чарчы, беш-алты
  • карыш, метр, он, беш
Вопрос 12

Мүчө уланганда уңгулары өзгөрүп кеткен мисалдарды тап.

Варианты ответов
  • бийиктик, жаштар, басмакана
  • сүйлөө, мурдум, ойноо
  • көрүн, укта, киймим
  • бардык, достук, намыстан
Вопрос 13

Үндөштүк закону бузулган  сөздөрдүн  катарын белгиле.

Варианты ответов
  • мугалим, адабият, ишкана
  • оорукана, двиденд, кырсыктар
  • аппарат, саламаттык сактоо
  • көрсөтүү, мекемелер, стационардык
Вопрос 14

Уркуя ак боз жоргосуна камчы басты. Кара менен жазылган сөздүн жөндөлүшү.

Варианты ответов
  • биринчи жөндөлүштө
  • экинчи жөндөлүштө, барыш жөндөмөдө
  • үчүнчү жөндөлүштө, жатыш жөндөмөдө
  • барыш жөндөмөсүндө турат
Вопрос 15

Кол өнөрчүлүк - үй тиричиликте ___________ бери келе жаткан элдик кесип, __________ маданияттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, __________________ натыйжасы. Сүйлөмдөрдү толуктап аныктагыла.

Варианты ответов
  • байыртан / улуттук / чеберчилигинин
  • илгертеден / кыргыз / эстелигинин
  • көчмөндөрдүн / улуттук / эмгегинин
  • эзелтеден / руханий / тыянактарынын
Вопрос 16

Абстрактуу зат атоочтор деген эмне?

Варианты ответов
  • көптүк сандын –лар мүчөсүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон заттар;
  • көз менен көрүп, кол менен кармоого мүмкүн болгон заттар;
  • жаратылыштык түшүнүктөрдү туюндуруп, жак мүчөсү аркылуу өзгөрбөгөн заттар;
  • ой жүгүртүү аркылуу билинген, өз-өзүнчө дааналап саноого мүмкүн болбогон түшүнүктөр.
Вопрос 17

Эл ичинде “Саяпкер – тулпар үчүн” деген сөз эмне себептен айтылып калган деп ойлойсуң?

Варианты ответов
  • Саяпкер тулпар үчүн туулгандыктан
  • Саяпкер тулпар таптагандыктан
  • Саяпкер тулпар тандай билгендиктен
  • Саяпкер тулпарды сындагандыктан
Вопрос 18

Иреттик сан атоочторго кайсы учурда дефис коюлбайт?

Варианты ответов
  • иреттик сан атоочтор рим цифрасы менен берилсе
  • иретти көрсөтүүчү сандар цифра аркылуу берилсе
  • сан атооч башка сөз түркүмдөрү менен жанаша келсе
  • эсептик сандарга - ынчы мүчөсү уланганда
Вопрос 19

Кымыздын даамын бузбай көпкө чейин кантип сактоого болот?​​​​​​​

Варианты ответов
  • чаначка, алюминий жеайнек идишке сактоокерек
  • чаначка, жыгач же темир идиштерге сактоо керек
  • айнек, жез же күмүш идиштерге сактоо керек
  • чаначка, сыр, көөкөр идиштерге сактоо керек
Вопрос 20

“Кутадгу билиг” силерге көбүрөөк тийиштүү. Жеке эле анын мекени силердин жер болгондон эмес, анын мүнөзү да, дүйнөсү да, силерге жакын” – деп  ким айткан?

Варианты ответов
  • окумуштуу В.В.Радлов
  • жазуучу, окумуштуу М.Ауэзов
  • котормочу Т.Козубеков
  • котормочу Наум Гребнев
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт