Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча 1-аралык текшеруунун материалдары 2-вариант

Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча 1-аралык текшеруунун материалдары 2-вариант

Avatar
25.03.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Бул тест орто кесиптик билим беруу коллежинде окуган 2-курстун студенттери учун

Список вопросов теста

Вопрос 1

Үндөшүү деп кандай тыбыштык процессти айтабыз?

Варианты ответов
  • тыбыштардын өз алдынча алмашуусу
  • тыбыштардын тилге, эринге карай өзгөрүүсү
  • тыбыштардын өз ара окшошуусу
  • тыбыштардын окшошпой калуусу
Вопрос 2

Тыныш белгиси туура коюлган илептүү сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Мекен үчүн каныңарды да аябагыла!
  • Алдыңардагы даамдардан алып отургула!
  • Белгиленген кемчиликтер көзөмөлгө алынсын!
  • Ай, почточу аке, бизге кат барбы!
Вопрос 3

Кыргыз Республикасынын  Гербинин автору ким?

 

Варианты ответов
  • А.Абдраев, С.Дубанаев
  • Э.Айдарбеков, М.Сыдыков
  • А.Осмонов, А.Токомбаев
  • Ж.Садыков, Ш.Кулуев
Вопрос 4

Кыргыз тилинин лексикасы колдонулуш чөйрөсүнө карай бөлүнүшү

Варианты ответов
  • жалпы, чектелген
  • диалектилик, улуттук
  • кесиптик, лексико-семантикалык
  • жаргондук-арготикалык, стилдик
Вопрос 5

Протеза кандай кубулуш?

 

Варианты ответов
  • сөздүн ортосуна бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
  • сөздүн аягына бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
  • үндүүлөрдүн түшүрүлүп айтылышы
  • сөздүн башына бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
Вопрос 6

Ат тезегин кургатпай",  Фразеологизм сөздөрүнүн мааниси:

Варианты ответов
  • жамгыр жаап, ат тезеги кургабай калган
  • мүмкүнчүлүк, бербей койгон
  • тез-тез келген
  • кеч келгендигин билдирет
Вопрос 7

Аккомодация деген эмне?

 

Варианты ответов
  • үндүү, үнсүз тыбыштардын окшоштугу
  • үндүү, үнсүз тыбыштардын өзгөрүшү
  • үндүү, үнсүз тыбыштардын ыңгайлашуусу
  • үндүү, үнсүз тыбыштардын окшошпой калуусу
Вопрос 8

“Карлыгачтар” деген сөз төрт муундан турат. Бул сүйлөмдөн нумератив сөздү тап.

Варианты ответов
  • карлыгачтар;
  • деген сөз;
  • муундан;
  • турат.
Вопрос 9

Үзүктүн этегине кооздук үчүн тагылган чачы

Варианты ответов
  • темгек
  • улага
  • төтөгө
  • чаңгек
Вопрос 10

Эпентеза  кандай  кубулуш?

 

Варианты ответов
  • сөздүн ортосуна бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
  • сөздүн аягына бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
  • үндүүлөрдүн түшүрүлүп айтылышы
  • сөздүн башына бир үндүүнүн кошулуп айтылышы
Вопрос 11

Сингармонизм сакталбаган сөзү бар сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Кенжем, Жайнагым, карааныңды бир көрсөтсөң боло
  • Ал-акылдуу, меймандос келин
  • Калк айтса-калп айтпайт
  • Ичтегини тилден бил, тилдегини дилден бил
Вопрос 12

Сын атооч баяндоочтун милдетин аткарган сүйлөм:

Варианты ответов
  • Көгүлтүр Ысык-Көл кышта салкын, жайда жылуу
  • Акылдууга айтсаң билет, акылсызга айтсаң күлөт
  • Кузмич ата казак тилин жакшы биле турган
  • Ошентип, көңүлсүз күндөр өтүп жатты
Вопрос 13

Туура жазылган татаал сөздөрдүн катарын тап

I. үй бүлө, жер шаары, кара кок
II. Жалалабат, таш көмүр, көз айнек
III. үрөң –бараң, ар кандай, бар-жок
IV. Ат-Башы, эртели кеч, ата-эне

Варианты ответов
  • I, III гана
  • II гана
  • III, IV гана
  • III гана
Вопрос 14

Ат таптоонун кандай ыкмасы бар? 

Варианты ответов
  • өз шакиртине үйрөтүү
  • багуу, суутуу, таң ашыруу
  • улак чабууга үйрөтүү
  • тор жайуу, тузак тартуу
Вопрос 15

Күлүктү сыноонун белгилери кайсы вариантта туура берилген?

Варианты ответов
  • Арыштаганда арткы туягы алдыңкы туягынан алыс түшүш керек
  • Ат-жаактуу, эр-эриндүү болот
  • маселенин эң оору – ошол беш алты атты кууп өтүү
  • жоош, акылдуу болот
Вопрос 16

  Бир дарыя ичинде тептегерек,
  Үч жүз алтымыш бөлөк-бөлөк,
   Күндө жыйырма төрттөн бала тууйт
   Бири кара, бири жарык, бири көпөлөк.

Бул табышмакта сан атоочтун кайсы түрүкатышты?

Варианты ответов
  • эсептик, топ сан атооч
  • чамалама сан атооч
  • жамдама сан атооч
  • бөлчөк сан атооч
Вопрос 17

Карышкыр алуучу бүркүттөрдүн ... .

Сүйлөмдү толукта

Варианты ответов
  • көзү чоң, жүндүү, ийиндүү болот
  • көкүрөгү кең, куйругу узун болот
  • жемсөөсү чуңкур, жүнүнүн учу ичке болот
  • тумшугу көк, узун, төш сөөгү миздүү, кырдуу болот.
Вопрос 18

   "Аттанып үйдөн чыкканда,
    Алтындын суусу чачылсын.
    Айланайын кызыке,
    Айдай бактың ачылсын."-бул үзүндү ырдын тематикасы, ким ырдайт?

Варианты ответов
  • арман ыры, эл аткарат
  • көрүшүү ыры, кыздын энеси аткарат
  • көрүшүү ыры, кыздын жеңеси аткарат
  • кошок ыры, өлгөн адамдын кызы аткарат
Вопрос 19

Пуд, теше, саржан нумератив сөздөрү кандай ченемди билдирет?

Варианты ответов
  • Пуд-16,38кг, теше-1гектар, саржан-2,34м
  • Пуд-1гектар, теше-3,84м, саржан-18,38кг
  • Пуд-2гектар, теше-4гектар, саржан-0,5 гектар
  • Пуд-0,5гр, теше-4-5метр, сержан-20кг
Вопрос 20

-чы, -лык, -лаш, -кеч, -поз, -стан, -кана  мүчөлөрдүн  мүнөздөмөсүн белгиле.

Варианты ответов
  • зат атоочтон сын атооч жасайт
  • зат атоочтон этиш жасайт
  • этиштен зат атооч жасайт
  • зат атоочтон жана башка атооч сөздөрдөн зат атооч жасайт

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт