Кыргыз тили жана адабияты, 2- курс, жыйынтыктоочу текшерүүнүн материалы 4-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Сөздүктөрдү изилдөөчү грамматиканын бөлүгү-
Варианты ответов
- этимология
- синонимия
- лексикография
- топонимия3
Вопрос 2
Айрым сөздөрдөгү тыбыштардын өз ара орун алмашып айтылышы ..........
Варианты ответов
- протеза
- редукция
- эпентеза
- метатеза
Вопрос 3
Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында Жер бетинде төрөлүүдөн баш тарткан түйүлдүк жөнүндө сөз болот?
Варианты ответов
- Кассандра тамгасы
- Аскада калган аңчынын ыйы
- Кыямат
- Тоолор кулаганда
Вопрос 4
Ички булактардан жасалган илимий терминдер-
Варианты ответов
- оюн-зоок, документ, маркетинг, үгүт-насаат
- лексика, асыл-тукум, жеке менчик, аукцион
- ажыроо, басым, үч бурчтук, теңдеме, насыя
- мыйзам, бюджет, кредит, автордук укук
Вопрос 5
Сөз башында үнсүздөрдөн мурун бир үндүү тыбыштын жалгашып айтылышы ...........
Варианты ответов
- метатеза
- редукция
- протеза
- эпитеза
Вопрос 6
Публицистикалык стилге мүнөздмө бер
Варианты ответов
- Өкмөттүк Жобо, мыйзамдардын стили
- ойду так, системалуу берүү үчүн колдонулган стиль
- коомдук темадагы макалалардын, очерк, фельетондордун стили
- турмуштук көрүнүштөрдү көркөм, элестүү чагылдырган стиль
Вопрос 7
Стенографиялык жана фонографиялык протоколдор качан колдонулат?
Варианты ответов
- илимий жыйындарда, расмий жолугушууларда, курултайларда
- диссертацияларды коргоодо, жашырын маселелерди талкуулоодо
- группалык чогулушта, кеңешмелерде, профсоюздук чогулушта
- а, б жооптору туура
Вопрос 8
Отчет текстинин мазмунуна карата канчага бөлүнөт?
Варианты ответов
- экиге
- төрткө
- үчкө
- алтыга
Вопрос 9
Атоочтуктардын мүчөсүн тап
Варианты ответов
- – ып, - ганча, - гыча, - гана
- – нын, - да, - дан, - ды
- – ган, - ар, - бас, - оочу, - уучу
- – ыраак, - гылтым, - гыч
Вопрос 10
Белгилүү бир мөөнөткө пландаштырылган же тапшырманын аткарылышы,
илимий сапардын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүчү документ-
Варианты ответов
- өмүр баян
- ишеним кат
- отчет
- арыз
Вопрос 11
Публицистикалык стилдин максаты-
Варианты ответов
- тилдик бирдиктерди туура колдонуу
- ойду так, системалуу, жыйынтыктуу берүү
- жеке адам менен мамлекеттин, мекеме, уюм жана ишканалардын ортосундагы мамилелерди тейлейт
- актуалдуу маселелерди эл арасына жеткирүү, ага таасир этүү
Вопрос 12
Кырк жылга чамалаш чыгармачылык өмүрүндө Алым Ашыров далай өнөр дабанын ашып, көптөгөн жаш таланттарды телчиктирип койду. Публицистикалык стилдин кайсы подстили?
Варианты ответов
- очерк
- репортаж
- памфлет
- макала
Вопрос 13
Кыймыл атоочтун жөндөмө категориясы менен өзгөргөн учуру кайсы вариантта берилген?
Варианты ответов
- Билгениңди үйрөтө алсаң – билесиң
- Алмайдын бермейи бар
- Бир жердеги Күндүн чыгышы – башка жердеги Күндүн батышы
- Уккандан окуган өйдө
Вопрос 14
Ч. Айтматовдун Ысык-Көлдү сактоо ишин дагы башка кайсы көлдөрдү сактоо үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралар менен салыштырып карайт?
Варианты ответов
- Байкал, Севан көлдөрүндөгү иштер менен
- Кара-Деңизди сактоо үчүн жүргүзүлөн иштер менен
- Ладога көлүн сактоо үчүн жүргүзүлгөн иштер менен
- Охот деңизин сактоо үчүн жүргүзүлгөн иштер менен
Вопрос 15
Көркөм стилдин грамматикалык каражаттарын белгиле
Варианты ответов
- дыйкан чарба, түрмөк, санаш, улуулар
- профсоюз, иш кагазы, энекебай, Гүлү
- билерман, Темике, нотариус, улуулата
- Атайчик, акебай, маданият адамы, акылдуунун акылдуусу
Вопрос 16
Айыл десе атам мага элестеп
Алдастачумун бүгүн-эртен барам деп
Ата деген атына мен садага
Атасы бар деген канча каниет. Ырдагы фонетикалык-стилистикалык каражатты аныктагыла?
Варианты ответов
- анафора
- аллитерация
- ассонанс
- аллегория
Вопрос 17
Синонимия кубулушу көркөм чыгармада автор тарабынан кандай максатта колдонулат?
Варианты ответов
- адам турмушун өтмө образ аркылуу, каймана мааниде сүрөттөө
- орунсуз кайталоолордон алыс болуу үчүн
- каармандын кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү үчүн
- туура жообу жок
Вопрос 18
Жазда башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт! Троптун кайсы түрүнө кирет.
Варианты ответов
- метафора
- метонимия
- жандандыруу
- салыштыруу
Вопрос 19
Республиканын чегинде кызмат каттары кантип колдонулат?
Варианты ответов
- кыргыз тилинде реквизиттери толтурулган атайын кагаз колдонулат
- кадимки эле жазуу кагазына жазылат
- сол жаккы бурчуна орус тилинде реквизит толтурулат
- ар кандай маалыматтар жазылат
Вопрос 20
Акт жазуунун башкы максаты эмне?
Варианты ответов
- болгон окуя, кокустук, болгон абалды укуктук жактан тастыктоо
- күбөлөрдүн сөзсүз болушун, кол коюшун тастыктоо
- уюмдун жетекчисинин буйругу менен комиссия тарабынан жазыларын тастыктоо
- ишин тапшырганда өзү тарабынан жазыларын тастыктоо
Вопрос 21
Оозеки сүйлөшүү стилинин мүнөздүү белгиси
Варианты ответов
- кыймыл-аракеттер, тыныш белгилер колдонулат
- ой тез жетет, монологдук кеп басымдуу
- сөздөр тандалып колдонулат жана орун тартиби сакталат, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
- интонациялык бөтөнчөлүккө ээ, диалогдук кеп басымдуу, кыймыл-аракеттер аркылуу ой тез жетет
Вопрос 22
Тарбия менен илимге …… ….. ….. жашоосунда көптөгөн проблемалар жана
кыйынчылыктарга туш болуп, башка адамдарга караганда …….. ……… .
Варианты ответов
- жетик сугарылбаган адам/жеңишке жетишпейт
- толук түшүнгөн адам/чыдамкай келет
- маани бербеген адам/артта калат
- маани берген адам/алдыга озот
Вопрос 23
Кандай принципти фонетикалык принцип дейбиз?
Варианты ответов
- сөз мүчөлөрүн тыбыштык өзгөрүүгө учурап айтылышы боюнча жазуу
- тарыхый татаал сөздөрдү бирге жазуу
- сөздөрдү адабий тилдин нормасында жазуу
- унгу сөздөрдүөзгөртпөстөн баштапкы формасында жазуу
Вопрос 24
Илимий стилдин максаты -
Варианты ответов
- маанилүү маселелерди элге жеткирүү
- турмуштук көрүнүштөрдү элге жеткирүү
- ойду так, системалуу, жыйынтыктуу берүү
- актуалдуу маселелерди чечүүгө элди үгүттөө
Вопрос 25
Кең көкүрөк, жайык төш,
Аркасы кең, бели түз
Айбаты катуу, заар жүз
Пил мүчөсү көрүнөт. Бул ыр саптары троптун кайсы түрүнө кирет.
Варианты ответов
- салыштыруу
- гипербола
- эпитет
- литота
Вопрос 26
Регрессивдүү ассимиляциянын мисалын тап
Варианты ответов
- укпа
- тузсуз
- кетти
- бакка
Вопрос 27
Жазма кептин стилинин мүнөзүн белгиле:
Варианты ответов
- көпчүлүккө арналат, сөздөр тандалып колдонулат, тыныш белгилер коюлат, монологдук кеп басымдуу
- сөздөр тандалып колдонулат, диологдук кеп басымдуу, ой тез жетет
- сөздөрдүн орун тартиби сакталат, диологдук кеп басымдуу, ой тез жетет
- көпчүлүккө арналат, монологдук кеп басымдуу, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
Вопрос 28
Үй-жай шартын текшерүү актысы кимдер тарабынан түзүлөт?
Варианты ответов
- текшерүү жүргүзүүгө юридикалык укугу бар адамдар тарабынан
- жетекчилер же материалдык байлыкка жооптуу адамдар тарабынан
- уюмдун жетекчисинин буйругу менен түзүлөгн комиссия тарабынан
- кесиптик бирикмелер комитети тарабынан уюшулган комиссия тарабынан
Вопрос 29
Сөздөр орфоэпиялык нормада берилген сүйлөм
Варианты ответов
- Ал кайра кыргыз жерине көчтү, ата конушун тапты
- Ал бир күкүрт, он тукум сатып алды
- Эки илабың-кызыл гүл, Ачылгандай Мөлмөлүм
- Келечеги жөнүндө эмне үчүн мурда ойломбоду экен
Вопрос 30
Көркөм стилдин лексикалык каражаттарын белгиле
Варианты ответов
- боектуу сөздөр, эскирген сөздөр, диалектизмдер ж.б.
- сөз түркүмдөрү, архаизмдер, историзмдер
- татаал сүйлөмдөр, синоним, антонимдер
- муун жана басым, диалектизмдер, эпитет