Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кыргыз тили жана адабияты, 2- курс, 2-аралык текшерүү 5-вариант

Кыргыз тили жана адабияты, 2- курс, 2-аралык текшерүү 5-вариант

Avatar
03.12.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Бул тест орто кесиптик билим берүү колледжинде окуган 2-курстун студенттери үчүн

Список вопросов теста

Вопрос 1

Мекемелер арасындагы кызматташууну ишке ашыруучу негизги документ

Варианты ответов
  • келишим
  • кызмат каты
  • акт
  • отчет
Вопрос 2

 А.Осмоновдун кайсы ырынан: “Бар бололу, түгөнбөйлү курдаштар,Узак, узак, узак болсун бул сапар,

Варианты ответов
  • “Менин күнүм”
  • “Отуз жаш”
  • “Менин жерим – ырдын жери”
  • “Аялга”
Вопрос 3

«Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат  

Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат» - кайсы стилге мүнөздүү?

Варианты ответов
  • илимий
  • сүйлөшүү
  • публицистикалык
  • көркөм
Вопрос 4

Илимий стилге мүнөздүү болбогон сөз мүчөлөрү:

Варианты ответов
  • – луу, - лык, уу, - оо, - ган
  • – бай, - тай, - ке, - сын, - чек
  • – нын, - ыраак, - ыш, - дан, - чы
  • -ып, - ды, - ар, - ган, - сын
Вопрос 5

Белгилүү бир мөөнөткө пландаштырылган же тапшырманын аткарылышы, илимий    сапардын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүчү документ-

Варианты ответов
  • өмүр баян
  • ишеним кат
  • тил кат
  • отчет
Вопрос 6

Токтогулду окудум, жөндөмдүү класс, колу жакшы, шаар бүт уйкуда

деген сөз айкаштарындагы өтмө маанинин түрү:

Варианты ответов
  • моносемия;
  • метафора;
  • метонимия;
  • синекдоха;
Вопрос 7

Тексттин стилин аныктагыла:

« Кандагы глюкоза клеткаларга жетип, тоңуу температурасы төмөндөйт да, организмдеги суюктуктун аз гана бөлүгү тоңот…»

Варианты ответов
  • илимий
  • көркөм
  • иш кагаздар
  • публицистикалык
Вопрос 8

Чогулуштун качан өткөрүлгөндүгү, ага кимдер катышкандыгы, чогулуштун төрагасы, катчысы көрсөтүлөт. Протоколдо булар кайсы бөлүмүндө каралат?

Варианты ответов
  • протоколдун киришүү бөлүмүндө
  • протоколдун сөзгө чыкты бөлүмүндө
  • протоколдун угулду бөлүмүндө
  • протоколдун негизги бөлүмүндө
Вопрос 9

Синекдоханын маанисин түшүндүр

Варианты ответов
  • бүтүн нерсе менен анын бөлүгүн же бөлүк аркылуу бүтүн нерсени туюнтуу
  • сөздүн өтмө мааниси аркылуу көрүнүштү келекелөө
  • бир нерсени, кубулушту айрым белгилеринин окшоштугуна карй башка бир сөз менен атоо
  • жандуу нерселердин белгилерин жансыз нерселерге оодорып көрсөтүү
Вопрос 10

Протокол жазылып алынышына карата кандай түрлөргө бөлүнөт?

Варианты ответов
  • стенографиялык, кыска, толук, рекомендациялык
  • фонографиялык, авансылык, кыска, негизги
  • кыска, толук, стеногрфиялык, фонографиялык
  • өндүрүштүк, фонографиялык, толук, киришүү
Вопрос 11

Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романындагы: “Бул сапар да иш айтылган Сөздөн, Сөздүн өзүнөн башталды”- деген  үзүндү кайсы китептен алынган?

Варианты ответов
  • Тоораттан
  • Курандан
  • Апокалипсистен
  • Инжилден
Вопрос 12

Турмуш фактыларын көркөм сүрөттөп, каармандары чыныгы турмушта жашаган инсандар болгон көлөмдүү публицистикалык чыгарма?

Варианты ответов
  • очерк
  • интервью
  • памфлет
  • фельетон
Вопрос 13

Тезис деген эмне?

Варианты ответов
  • көркөм, публицистикалык чыгармаларга, илимий эмгектерге карата кыска түшүнүк берүү
  • көркөм, илимий чыгармалардын мазмунуна карата жазылган ой-пикир
  • лекциянын, докладдын чыгарманын негизги маанисин кыскача туюнткан жобо
  • басма сөз, теле, радио үчүн даярдалган кабар
Вопрос 14

     Айыл десе атам мага элестеп

     Алдастачумун бүгүн-эртен барам деп

     Ата деген атына мен садага

     Атасы бар деген канча каниет.

Ырдагы фонетикалык-стилистикалык каражатты аныктагыла?

Варианты ответов
  • анафора
  • аллитерация
  • ассонанс
  • аллегория
Вопрос 15

Публицистикалык стилдин максаты -

Варианты ответов
  • тилдик бирдиктерди туура колдонуу
  • ойду так, системалуу, жыйынтыктуу берүү
  • жеке адам менен мамлекеттин, мекеме, уюм жана ишканалардын ортосундагы мамилелерди тейлейт
  • актуалдуу маселелерди эл арасына жеткирүү, ага таасир этүү
Вопрос 16

Кесиптешим ..., отчётту мөөнөтүндө тапшыра ... элем

Варианты ответов
  • Карашпаганда / койбойт
  • Жардамдашпаганда / жүрбөйт
  • Көзөмөлдөбөгөндө / турбайт
  • Көмөктөшпөгөндө / албайт
Вопрос 17

       Жыргагандын баары эле турмуш эмес,

     “Жылт” эткендин баары эле жылдыз эмес.
      Билебиз деп төштөрүн каккан менен

      Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!  Фонетикалык-стилистикалык каражаттын түрлөрүн аныктагыла.

Варианты ответов
  • ассонанс, эпифора
  • антитеза, анафора
  • анафора, кайталоо
  • аллитерация, эпифора
Вопрос 18

Илимий стилдин максаты -

Варианты ответов
  • маанилүү маселелерди элге жеткирүү
  • турмуштук көрүнүштөрдү элге жеткирүү
  • ойду так, системалуу, жыйынтыктуу берүү
  • актуалдуу маселелерди чечүүгө элди үгүттөө
Вопрос 19

Синонимия кубулушу көркөм чыгармада автор тарабынан кандай максатта колдонулат?

Варианты ответов
  • адам турмушун өтмө образ аркылуу, каймана мааниде сүрөттөө
  • орунсуз кайталоолордон алыс болуу үчүн
  • каармандын кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү үчүн
  • туура жообу жок
Вопрос 20

Көркөм стилдин лексикалык каражаттарын белгиле

Варианты ответов
  • боектуу сөздөр, эскирген сөздөр, диалектизмдер ж.б.
  • сөз түркүмдөрү, архаизмдер, историзмдер
  • татаал сүйлөмдөр, синоним, антонимдер
  • муун жана басым, диалектизмдер, эпитет
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт