Кыргыз тили жана адабияты, 2- курс, 2-аралык текшерүү 3-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Алыкул Осмоновдун эркин котормосу ...
Варианты ответов
- “Жолборс терисин кийген баатыр”
- “Евгений Онегин”
- “Кышкы кеч”
- “Он экинчи түн”
Вопрос 2
Мазмунуна карата отчеттун түрлөрү:
Варианты ответов
- мезгилдүү иштер, иш сапары, авансылык
- иш сапары, авансылык, өздүк курам боюнча
- атайын тапшырмалар, эмгек жөнүндөгү макулдашуу
- мезгилдүү иштер, иш сапары, эмгектик өргүү
Вопрос 3
«Публицистика» - кайсы тилден алынып, кандай маанини билдирет?
Варианты ответов
- латын тилинен, пупликус-көпчүлүк
- грек тилинен, пупликус-коомдук
- француз сөзү, пупликус-массалык
- англис тилинен, пупликус-актуалдуу
Вопрос 4
«Айыл-чарбасын реформалоонун кийинки этабына элибиз зор демилге менен киришти» - бул сүйлөм стилдин кайсы түрүнө мүнөздүү?
Варианты ответов
- сүйлөшүү
- илимий
- иш кагаздар
- публицистикалык
Вопрос 5
Сырткы булактардан жасалган илимий терминдер:
Варианты ответов
- оюн-зоок, документ, маркетинг, үгүт-насаат
- лексика, асыл-тукум, жеке менчик, аукцион
- фонема, архаизм, радиус, рыноктук экономика
- мыйзам, бюджет, кредит, автордук укук
Вопрос 6
Төмөнкү үзүндү кайсы чыгармадан алынган: “Сүйүү көп балдарды адам кылды. Мени да сүйүү адам кылган...
Варианты ответов
- Ш.Дүйшеев “Агындылар”
- А.Токомбаев “Мезгил учат”
- Т.Касымбеков “Сынган кылыч”
- А.Осмонов “Сүйүү жана мен”
Вопрос 7
Доо кат кайсыл учурда колдонулат?
Варианты ответов
- Бирөөнүн үстүнөн арыз жазганда
- Белгилүү бир уюмдун башка бир уюмга карата талабын жана нааразылыгын билдирүүдө
- Кандайдыр бир шарт же убаданы тастыктоо иретинде
- Башка бир уюмдан суроо кат алган учурда
Вопрос 8
Метонимияга түшүнүк бер
Варианты ответов
- бир нерсени, көрүнүштү ага мейкиндик, мезгилдик жактан катышы бар экинчи нерсе аркылуу атоо
- сүрөттөлүп жаткан нерсени, көрүнүштү кичирейтип көрсөтүү
- нерсенин, көрүнүштүн белгилерин апыртып көрсөтүү
- адамдын же предметтин кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү
Вопрос 9
Эл үчүн тозок тепсеп өтүш керек
Эл үчүн түпсүз деңиз кечиш керек- кайсы стилистикалык каражат?
Варианты ответов
- аллитерация, эпифора
- антитеза, анафора
- ассонанс, эпитет
- анафора, эпифора
Вопрос 10
Кырк жылга чамалаш чыгармачылык өмүрүндө Алым Ашыров далай өнөр дабанын ашып, көптөгөн жаш таланттарды телчиктирип койду. Публицистикалык стилдин кайсы подстили?
Варианты ответов
- очерк
- репортаж
- памфлет
- макала
Вопрос 11
Публицистикалык стилге мүнөздмө бер
Варианты ответов
- Өкмөттүк Жобо, мыйзамдардын стили
- ойду так, системалуу берүү үчүн колдонулган стиль
- коомдук темадагы макалалардын, очерк, фельетондордун стили
- турмуштук көрүнүштөрдү көркөм, элестүү чагылдырган стиль
Вопрос 12
Авансылык отчет эмнеге жазылат?
Варианты ответов
- кассалык ордерге
- коллективдүү түрдө барака
- калдыгы көрсөтүлгөн бланкага
- атайын бланкага
Вопрос 13
Биздин бул келишибиздин себеби, айылдагы өнүгүүнү, тажрыйбаны жана көп кылымдан бери келе жаткан эски салттарды көрүп кетүү эле. Кептин стилин жана тексттин түрүн аныктагыла.
Варианты ответов
- публицистикалык, баяндоо
- көркөм, сүрөттөө
- илимий, ой жүгүртүү
- сүйлөшүү, далилдөө
Вопрос 14
Токтомдун тууралыгынын аткарылышы кантип текшерилет?
Варианты ответов
- алынган милдеттенме аркылуу
- мөөнөтү көрсөтүлгөн тил кат аркылуу
- түзүлгөн келишим аркылуу
- протокол аркылуу
Вопрос 15
Оозеки кептин стилинин өзгөчөлүгү…
Варианты ответов
- турмуш-тиричиликке байланыштуу сөздөр колонулгандыгында
- ар кандай терминдер колдонулганына байланыштуу
- кепте сүйлөмдүн түрлөрү эркин колдонулуп, түрдүү ымдоо-жамдоо,интонация, көбүнчө диалогдук формасы болушу
- сүйлөшүү,терминдер көп болуп, диалог формасында болушу
Вопрос 16
Илимий стилге мүнөздүү болгон сөздөр:
Варианты ответов
- лексика, фонема, химик, саясат, сөздөр
- белоктор, фаза, коом, элчи, келишим, арыз
- телеберүү, акт, орфоэпия, стилистика
- теңдеме, азот, синтаксис, рыноктук экономика
Вопрос 17
Аппак көйнөк кийгизип сезимиме
Бүгүнкү жаз илеби кайдан урду?
Кандай күнгө дарактар магдырашып,
Бүчүрлөрүн тикчийтип карап турду? Троптун түрүн аныктагыла.
Варианты ответов
- метафора, жандандыруу
- метонимия, салыштыруу
- синекдоха, аллегория
- салыштыруу, эпитет
Вопрос 18
Тапшыруу-кабыл алуу актысы качан жазылат?
Варианты ответов
- уюмдун жетекчисинен турак-жай суранган учурда
- турак-жай же квартира берүү же бербөө зарылдыгы болгондо
- ишинде финансылык же материалдык жетишпегендик мезгилинде
- материалдык байлыкка жооптуу адамдар кызматты өткөргөндө
Вопрос 19
Чыңгыз Айтматов .... сыйлыгын 16 жашында согуш ... алган.
Варианты ответов
- Алдыңкы / маалында
- туңгуч / заманында
- алгачкы / убагында
- башталгыч // убактысында
Вопрос 20
Көркөм стилдин поэтикалык каражаттары:
Варианты ответов
- диалектизм, фразеологизм, синоним, антоним, метафора, гипербола
- неологизм, архаизам, диалог, монолог, эпитет
- синоним, антоним, диалектизм, синехдоха, ирония
- эпитет, салыштыруу, метафора, метонимия, гипербола