Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кыргыз тили жана адабияты, 2- курс, 2-аралык текшерүү 2-вариант

Кыргыз тили жана адабияты, 2- курс, 2-аралык текшерүү 2-вариант

Avatar
03.12.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Бул тест орто кесиптик билим берүү колледжинде окуган 2-курстун студенттери үчүн

Список вопросов теста

Вопрос 1

Жооп берүүнү талап кылуучу кызмат каттары

Варианты ответов
  • кошумча кат, доо кат
  • аныктоочу кат, эскертүү кат
  • суроо кат, доо кат
  • өтүнүч кат, маалымдама кат
Вопрос 2

Ч.Айтматов канчанчы жылы Ысык-Көл форумун өткөргөн?

Варианты ответов
  • 1986-жыл
  • 1989-жыл
  • 1985-жыл
  • 1987-жыл
Вопрос 3

Өндүрүштүк тапшырмалардын аткарылышына арналып жазылган иш кагазы -

Варианты ответов
  • атайын тапшырма отчету
  • авансылык отчету
  • мезгилдүү иштер отчету
  • кызмат сапары отчету
Вопрос 4

Стилистика эмнени үйрөтөт?

Варианты ответов
  • сөз айкашы, сүйлөмдөрдүн түзүлүшүн
  • сөздүн курамын жана жасалышын
  • сөздөрдүн лексикалык жана грамматикалык маанилерин
  • тил жана кепти, тил каражаттарынын колдонулушун
Вопрос 5

Кечээ гана тиги кырда жок эле, Кайдан чыкты боз ат минген ...? А. Осмоновдун кайсы чыгармасынан?

Варианты ответов
  • Отуз жаш
  • Сулууга
  • Адамзат
  • Мен кыргыздын акыны
Вопрос 6

Ички булактардан жасалган илимий терминдер-

Варианты ответов
  • оюн-зоок, документ, маркетинг, үгүт-насаат
  • лексика, асыл-тукум, жеке менчик, аукцион
  • ажыроо, басым, үч бурчтук, теңдеме, насыя
  • мыйзам, бюджет, кредит, автордук укук
Вопрос 7

Ч. Айтматовдун сөзүнөн алынган төмөнкү сүйлөмдү толуктагыла. «Ысык-Көлдү сактап калуу – бул…»

Варианты ответов
  • «…… Мекендин бир укум жерин сактап калуу дегендик»
  • « …. көз карегин сактап калуу дегендик»
  • «……Ата Мекенди сактап калуу дегендик»
  • «…… бүт кыргызды сактап калуу дегендик»
Вопрос 8

Отчет текстинин мазмунуна карата канчага бөлүнөт?

Варианты ответов
  • экиге
  • төрткө
  • үчкө
  • алтыга
Вопрос 9

Токтомдун негизги бөлүмүнө кайсылар кирет?

Варианты ответов
  • угулду, суроолор берилди, жарыш сөзгө чыгышты, сунуштар айтылды, токтом кылынды
  • өткөрүлгөн орду, убактысы, каралуучу маселелер, угулду, сөзгө чыкты
  • күн тартиби, угулду, сунуштар айтылды, катышуучулардын саны
  • угулду, күн тартиби, каралуучу маселелер
Вопрос 10

«Токтом кылат» бөлүгүндө туура колдонулган канцеляризмдер:

Варианты ответов
  • эсептелсин, белгиленсин, тапшырылсын
  • бекитилсин, эскертилсин, сунуш түштү
  • эске алынсын, суроолор берилди, угулду
  • милдеттендирилсин, кабыл алынды
Вопрос 11

Метафорага түшүнүк бер

Варианты ответов
  • адамдын, жаныбардын, предметтин кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү
  • бир нерсени, көрүнүштү ага мейкиндик, мезгилдик жактан катышы бар экинчи бир нерсе аркылуу атоо
  • бир нерсени, кубулушту айрым белгилеринин окшоштугуна карай башка бир сөз менен атоо
  • сүрөттөлүп жаткан нерсени, көрүнүштү кичирейтип көрсөтүү
Вопрос 12

Илимий стилге мүнөздүү эмес сөздөрдүн катарын белгиле

Варианты ответов
  • климат, отоо, гектар, түндүк-түштүк
  • буудай жүздүү, азаматтар, эжеке
  • сурьма, фонема, күн системасы
  • врач-терапевт, бөлүкчө, электр тогу
Вопрос 13

«Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүү - көңүлдүн борборундагы маселе» - бул сүйлөм кайсы стилге мүнөздүү?

Варианты ответов
  • иш кагаздар стили
  • көркөм стиль
  • илимий стиль
  • публицистикалык стиль
Вопрос 14

Кызмат каттары атайын бланк болбогон учурда кандай өзгөчөлүккө ээ.

Варианты ответов
  • кадимки атайын кагазга жазылат
  • сол жагына тигинен кыргыз тилинде толтурулат
  • кадимки жазуу кагазына сол жаккы бурчуна кат жөнөткөн мекеменин штампы коюлуп жазылат
  • уюм тарабынан даярдалат
Вопрос 15

«Өйүздөгү токой кордук көргөнсүп, башын жерге салып, тунжурап турат» - белгиленген сөз тизмектери троптун кайсы түрү?

Варианты ответов
  • метонимия
  • эпитет
  • метафора
  • жандандыруу
Вопрос 16

Акт жеке адамдар тарабынан түзүлсө эмнелер талап кылынат?

Варианты ответов
  • күбөлөрдүн болушу жана кол коюшу зарыл
  • текшерүүдө юридикалык адамдардын болушу
  • иштин жөн-жайын билген адамдардын катышышы
  • тиешелүү текшерүүдөн кийин жазылган официалдуу документ экендиги
Вопрос 17

Айыл десе атам мага элестеп

Алдастачумун бүгүн-эртен барам деп

Ата деген атына мен садага

Атасы бар деген канча каниет. Ырдагы фонетикалык-стилистикалык каражатты аныктагыла?

Варианты ответов
  • анафора
  • аллитерация
  • ассонанс
  • аллегория
Вопрос 18

“Кассандра тамгасы” романында Роберт Борк самолетто кетип бара жатып эмнелерди көрүп кабатырланган?

Варианты ответов
  • Киттердин океандын жээгинде өлүп жаткандыгына
  • Адамдардын ырайымсыздыгына
  • Таштанды балдардын көптүгүнө
  • Жаныбарлардын азайып баратышына
Вопрос 19

Жазма кептин стилинин мүнөздүү белгиси:

Варианты ответов
  • көпчүлүккө арналат, сөздөр тандалып колдонулат, тыныш белгилер коюлат, монологдук кеп басымдуу
  • сөздөр тандалып колдонулат, диалогдук кеп басымдуу, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
  • сөздөрдүн орун тартиби сакталат, диалогдук кеп басымдуу, ой тез жетет
  • көпчүлүккө арналат, монологдук кеп басымдуу, ой тез жетет, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
Вопрос 20

Илимий ___________– кандайдыр бир идеяны, лекциянын, __________, чыгарманын негизи  бир маанисин  кыскача туюнткан жобо. Ал көлөмү боюнча 2-3 беттен ашпаган, жабык түрдөгү __________,   __________ жана __________бөлүктөрүнөн  турган  илимий текст болуп саналат.

Варианты ответов
  • конспекти / маалыматтын / ачылышы / негизи / акыры
  • тезис / баяндаманын / киришүү / негизги / жыйынтык
  • аннотация / докладдын / башталышы / ортосу / аяктоочу
  • наам / макалынын / келишүү / кызматы / жыйынтыктоочу
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт