Кыргыз тили жана адабияты, 2- курс, 2-аралык текшерүү 1-вариант
Список вопросов теста
Вопрос 1
Кызмат каттарынын өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүнүшү
Варианты ответов
- ички кызмат маалым каты, тышкы кызмат маалым каты
- буйрук кат, макулдук кат
- жооп берүүнү талап кылуучу кат, жооп берүүнү талап кылбоочу кат
- ички түшүнүк кат, тышкы түшүнүк кат
Вопрос 2
Иш кагаздарын жазууда кандай талаптар коюлат?
Варианты ответов
- узун түрмөктөрдү жазуу
- тактык, кыскалык
- сөздөрдү аралаш пайдалануу
- адабий сөздөрдү пайдалануу
Вопрос 3
Репортаж деген эмне?
Варианты ответов
- көркөм чыгармаларда колдонулган каражат
- басма сөз, радио, теле үчүн даярдалган материал
- кандайдыр бир нерсени алгандыгын күбөлөндүргөн документ
- бир нерсенин мүнөздүү өзгөчөлүгү жөнүндө берилген түшүндүрмө
Вопрос 4
Такталган, эрежеге баш ийип, нормага салынган кеп кайсы стилге тиешелүү?
Варианты ответов
- оозеки стилге
- жазма стилге
- публицистикалык стилге
- иш кагаз стилине
Вопрос 5
А.Осмоновдун ырлар жыйнагынын аталышын толукта: «Менин жерим - …»
Варианты ответов
- сырдын жери
- ырдын жери
- таланттын жери
- бакыттын жери
Вопрос 6
Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында Жер бетинде төрөлүүдөн баш тарткан түйүлдүк жөнүндө сөз болот?
Варианты ответов
- Кассандра тамгасы
- Аскада калган аңчынын ыйы
- Кыямат
- Тоолор кулаганда
Вопрос 7
Публицистикалык стилге мүнөздүү сүйлөм:
Варианты ответов
- Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат
- Биз өз өлкөбүздүн патриоту болууга тийишпиз
- Эртең, 30-октябрда куратордук чогулуш болот
- Айда аба жок, ошондуктан, анда тиричилик жок
Вопрос 8
Отчет кайсы учурда жазылат?
Варианты ответов
- пландаштырылган иштин аткарылышы жөнүндө маалымат берүүдө
- кызмат жана илимий иш чаралардын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүдө
- кызмат адамына иши, окуусу, жүрүм-туруму жөнүндө маалымат берүүдө
- а, б жооптору туура
Вопрос 9
Актынын кандай түрлөрү бар?
Варианты ответов
- доомат, кабыл алуу, эсеп-кысап, өздүк составын жазуу актысы
- тапшыруу-кабыл алуу, кассаны текшерүү, үй-жай шартын текшерүү актысы
- ички докладдык жана тышкы докладдык, демилге докладдык актысы
- мезгилдүү иштер, авансылык жана атайын тапшырма актысы
Вопрос 10
Публицистикалык терминдердин жасалуу булактары:
Варианты ответов
- тилдин ички булактарынан жана орус тили аркылуу кирген сөздөрдөн
- адамдын ар түрдүү ички сезимин билдирүүчү сөздөрдөн
- жаңыдан кирген жана эскирген сөздөрдүн эсебинен
- сүйлөмдөгү бир өңчөй мүчөлөрдөн жана жалпылагыч сөздөрдөн
Вопрос 11
Акт жазуунун башкы максаты эмне?
Варианты ответов
- болгон окуя, кокустук, болгон абалды укуктук жактан тастыктоо
- күбөлөрдүн сөзсүз болушун, кол коюшун тастыктоо
- уюмдун жетекчисинин буйругу менен комиссия тарабынан жазыларын тастыктоо
- ишин тапшырганда өзү тарабынан жазыларын тастыктоо
Вопрос 12
Публицистикалык стилге мүнөздүү сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- … суулар батпай Ак-Буура ташып жатат
- Йоддун жетишсиздиги эмнеге алып келет?
- Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт
- Мектеп учурдун техникалык базасы болгон компьютерлер менен камсыз болгон
Вопрос 13
Илимий стилге мүнөздүү болгон сөз айкаштары:
Варианты ответов
- жайдыр-кыштыр, деп аталат, химиялык касиети
- жарк-журк, колу ачык, рыноктук экономика
- өсүмдүктүн сабагы, уюлдук жаркыроо, айлананын борбору
- чоң сөрөй, сапсары жалбырак, кабыл алынсын
Вопрос 14
Стенографиялык жана фонографиялык протоколдор качан колдонулат?
Варианты ответов
- илимий жыйындарда, расмий жолугушууларда, курултайларда
- диссертацияларды коргоодо, жашырын маселелерди талкуулоодо
- группалык чогулушта, кеңешмелерде, профсоюздук чогулушта
- а, б жооптору туура
Вопрос 15
Көркөм стилдин грамматикалык каражаттарын белгиле
Варианты ответов
- дыйкан чарба, түрмөк, санаш, улуулар
- профсоюз, иш кагазы, энекебай, Гүлү
- билерман, Темике, нотариус, улуулата
- Атайчик, акебай, маданият адамы, акылдуунун акылдуусу
Вопрос 16
Тилдик каражат катары колдонулган сүйлөмдү белгиле
Варианты ответов
- Куураган согуш бүттү эми, акысы калган жок
- Жээктеринде пальмалар өсүп турат
- «Манас» эпосу-кыргыз элинин улуу мурасы
- Күн батууга жакындап калды
Вопрос 17
”Жазма булактардын алдыңкы катарында 1069-жылы 70-жылдары Жусуп Баласагын жазган “Кутадгу билиг”чыгармасы турат. Жусуп Баласагын шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын жаштык мезгили жана алган билими жөнүндө жетишерлик маалымат жок.”(Решат Генч.Карахандар мамлекетинин бийлик түзүлүшү. Бишкек, 2004, 17б.) Бул кайсы стилге мүнөздүү?
Варианты ответов
- көркөм стиль
- илимий стиль
- сүйлөшүү стиль
- публицистикалык стиль
Вопрос 18
Публицистикалык стилдин көркөм стилге окшоштугу
Варианты ответов
- эмоционалдуу сөздөрдүн колдонулушу
- архаизмдердин белгилүү денгээлде колдонулушу
- жазма жана оозеки түрдө жашашы
- а, б жооптору туура
Вопрос 19
Тарбия менен илимге …… ….. ….. жашоосунда көптөгөн проблемалар жана кыйынчылыктарга туш болуп, башка адамдарга караганда …….. ……… .
Варианты ответов
- жетик сугарылбаган адам /жеңишке жетишпейт
- толук түшүнгөн адам /чыдамкай келет
- маани бербеген адам/артта калат
- маани берген адам /алдыга озот
Вопрос 20
Оозеки сүйлөшүү стилинин мүнөздүү белгиси
Варианты ответов
- кыймыл-аракеттер, тыныш белгилер колдонулат
- ой тез жетет, монологдук кеп басымдуу
- сөздөр тандалып колдонулат жана орун тартиби сакталат, интонациялык бөтөнчөлүккө ээ
- интонациялык бөтөнчөлүккө ээ, диалогдук кеп басымдуу, кыймыл-аракеттер аркылуу ой тез жетет