Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  Прочее  /  Кыргыз тили жана адабияты. 2-аралык текшеруунун материалдары. 3-вариант

Кыргыз тили жана адабияты. 2-аралык текшеруунун материалдары. 3-вариант

Avatar
21.05.2020. Тест. Родной язык и литература, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кыргыз тили жана адабияты предметинен 2-аралык текшеруунун материалдары. ФЮКтун 2-курстары учун. Ар бир туура жоопко 0.5 балл берилет.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Токтогулдун шакирттери кимдер болгон?

 

Варианты ответов
  • Калык, Коргол, Алымкул
  • Жеңижок, Калык,Осмонкул
  • Арзымат, Бекмурат, Барпы
  • Ныязалы, Барпы, Жеңижок
Вопрос 2

Мазмунуна карата отчеттун түрлөрү:

 

Варианты ответов
  • мезгилдүү иштер, иш сапары, авансылык
  • иш сапары, авансылык, өздүк курам боюнча
  • атайын тапшырмалар, эмгек жөнүндөгү макулдашуу
  • мезгилдүү иштер, иш сапары, эмгектик өргүү
Вопрос 3

Кыймыл атоочту уюштуруучу мүчөлөр:

 

Варианты ответов
  • – оо, - өө, - уу, -үү, -ыш
  • – ганы, - гыча, - ып, - ый
  • – ар, - оочу, - ган, - мак
  • – а, - е, - о, - ганы
Вопрос 4

«Айыл-чарбасын реформалоонун кийинки этабына элибиз зор демилге менен киришти» - бул сүйлөм стилдин кайсы түрүнө мүнөздүү?

 

Варианты ответов
  • сүйлөшүү
  • илимий
  • иш кагаздар
  • публицистикалык
Вопрос 5

 Сырткы булактардан жасалган илимий терминдер:

 

Варианты ответов
  • оюн-зоок, документ, маркетинг, үгүт-насаат
  • лексика, асыл-тукум, жеке менчик, аукцион
  • аукцион, фонема, архаизм, радиус, рыноктук экономика
  • мыйзам, бюджет, кредит, автордук укук
Вопрос 6

«Устатка мамиле» аңгемесинен. Уста Молдо Кыргыз өзүнүн атын калтырган медресенин шыбына эмне деп жазып калтырган?

 

Варианты ответов
  • «Адамдар келип кетет, бирок алардын сооптуу, таза иштери түбөлүк жашай берет».
  • «Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу»
  • «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот»
  • «Биздин уста буягы Оштон, аягы Букарадан нары өткөн эмес»
Вопрос 7

Доо кат кайсыл учурда колдонулат?

 

Варианты ответов
  • Бирөөнүн үстүнөн арыз жазганда
  • Белгилүү бир уюмдун башка бир уюмга карата талабын жана нааразылыгын билдирүүдө
  • Кандайдыр бир шарт же убаданы тастыктоо иретинде
  • Башка бир уюмдан суроо кат алган учурда
Вопрос 8

Метонимияга түшүнүк бер

 

Варианты ответов
  • бир нерсени, көрүнүштү ага мейкиндик, мезгилдик жактан катышы бар экинчи нерсе аркылуу атоо
  • сүрөттөлүп жаткан нерсени, көрүнүштү кичирейтип көрсөтүү
  • нерсенин, көрүншүтүн белгилерин апыртып көрсөтүү
  • адамдын же предметтин кайсы бир белгисин, өзгөчөлүгүн баса белгилеп көрсөтүү
Вопрос 9

Эл үчүн тозок тепсеп өтүш керек

Эл үчүн түпсүз деңиз кечиш керек-кайсы стилистикалык каражат?

 

Варианты ответов
  • аллитерация
  • антитеза
  • ассонанс
  • анафора
Вопрос 10

Кырк  жылга чамалаш чыгармачылык өмүрүндө Алым Ашыров далай өнөр дабанын ашып, көптөгөн жаш таланттарды телчиктирип койду. Публицистикалык стилдин кайсы подстили?

 

Варианты ответов
  • очерк
  • репортаж
  • памфлет
  • макала
Вопрос 11

1961-жылы 12-апрелде биринчи космонавт Юрий Гагарин «Восток» корабль-спутниги менен космос мейкиндигине жол салды. Бул сүйлөмдө түшүндүрмө мүчөнүн кайсы түрү катышты?

 

Варианты ответов
  • обочолонгон түшүндүрмө мүчө
  • сүйлөмгө мүчө боло албаган сөз
  • жандама түшүндүрмө мүчө
  • түгөйлүү түшүндүрмө мүчө
Вопрос 12

Тапшыруу-кабыл алуу актысы качан жазылат?

 

Варианты ответов
  • уюмдун жетекчисинен турак-жай суранган учурда
  • турак-жай же квартира берүү же бербөө зарылдыгы болгондо
  • ишинде финансылык же материалдык жетишпегендик мезгилинде
  • материалдык байлыкка жооптуу адамдар кызматты өткөргөндө
Вопрос 13

Биздин бул келишибиздин себеби, айылдагы өнүгүүнү, тажрыйбаны жана көп кылымдан бери келе жаткан эски салттарды көрүп кетүү эле. Кептин стилин жана тексттин түрүн аныктагыла.

 

Варианты ответов
  • публицистикалык, баяндоо
  • көркөм, сүрөттөө
  • илимий, ой жүгүртүү
  • сүйлөшүү, далилдөө
Вопрос 14

Токтомдун тууралыгынын аткарылышы кантип текшерилет?

 

Варианты ответов
  • алынган милдеттенме аркылуу
  • мөөнөтү көрсөтүлгөн тил кат аркылуу
  • түзүлгөн келишим аркылуу
  • протокол  аркылуу
Вопрос 15

Оозеки кептин стилинин өзгөчөлүгү…

 

Варианты ответов
  • турмуш-тиричиликке байланыштуу сөздөр колонулгандыгында
  • ар кандай терминдер колдонулганына байланыштуу
  • кепте сүйлөм түзүлүшү, сөз составы эркин болуп, түрдүү жаңдоо, мимика, интонация, сырдык сөздөр көп колдонулуп, көбүнчө диалог формасы болушу
  • сүйлөшүү, диалог формасында болушу
Вопрос 16

Киринди сөздөргө мүнөздөмө бер.

 

Варианты ответов
  • сүйлөөчүнүн айтылып жаткан ойго карата ар түрдүү мамилесин билдирет
  • сүйлөм аркылуу айтылган ойдун кимге, эмнеге адрестелгендигин билдирет
  • ички сезимди, эрктик, турмуш-тиричиликтик мамилелерди билдирет
  • ар кандай нерселерден чыккан үндү, добушту туурап, алардын кыймыл-аракеттерин билдирет
Вопрос 17

Аппак көйнөк кийгизип сезимиме

Бүгүнкү жаз илеби кайдан урду?

      Кандай күнгө дарактар магдырашып,

      Бүчүрлөрүн тикчийтип карап турду?Троптун түрүн аныктагыла.

      

Варианты ответов
  • метафора
  • метонимия
  • синекдоха
  • салыштыруу
Вопрос 18

Сүрөттөөгө мисал:

Варианты ответов
  • Наркы өйүзгө суу кечип өткөн эки кишини көрдүм
  • Текстте адам сүрөттөлдү
  • Затты сүрөттөөдө, анын белгилери саналып берилет
  • Жалаңдаган ак жал аргымак миңген алп киши алдыда
Вопрос 19

Гүлсарат теңселип, токтоп туруп калды. Ачылбай көздөрү ачышты. Өпкөсүн кагып, дем алса, каржайган кабыргалары терисин тээп чыгат.

Кептин кайсы түрүнө туура келет?

Варианты ответов
  • киришүүгө
  • баяндоого
  • корутундуга
  • сүрөттөөгө
Вопрос 20

Көркөм стилдин поэтикалык каражаттары:

Варианты ответов
  • диалектизм, фразеологизм, синоним, антоним, метафора, гипербола
  • неологизм, архаизам, диалог, монолог, эпитет
  • синоним, антоним, диалектизм, синехдоха, ирония
  • эпитет, салыштыруу, метафора, метонимия, гипербола

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт