Меню
Тесты
Тесты  /  Прочее  /  Прочее  /  Кыргыз тили. Синтаксис

Кыргыз тили. Синтаксис

Avatar
28.02.2022. Тест. Прочее, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кыргыз тили предметинен синтаксис бөлүмү үчүн түзүлгөн тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

Буюруу, өтүнүү же талап кылуу маанилерин билдирген сүйлөм кайсы?

Варианты ответов
  • Жумушка кеч калсам эмне болот?
  • Алар шаарга келгенде, мага жолуга кетишсин!
  • Алга!Менин журтум!
  • Өткөнгө өкүнүүдө кажет жок экендигин билесизби?
Вопрос 2

Синтаксис –бул........... 

 

Варианты ответов
  • Сөз, соз айкашы, жөнөкөй сүйлөм, татаал сүйломдү изилдөөчү илим
  • соз айкаштарын, сүйлөмдү, соз түркүмдорүн изилдөөчү, фразеологизмдерди изилдөөчү грамматиканын бир бөллүгү
  • кыргыз тилиндеги сөз айкашы менен сүйлөмдүн түзүлүш мыйзамдарын изилдөөчү, байланыштуу кептин түзүлүшүн үйрөтүүчү грамматиканын бөлүгү
  • тилдеги грамматиканын баарын изилдөөчү бөлүм
Вопрос 3

Жалаң сүйлөмдү белгиле

Варианты ответов
  • Көз таңмай оюну кичине балдар арасында көп ойнолот.
  • Караңгы түн.
  • Мен чыгам.
  • Күз.Салкын жел акырын согуп турду.
Вопрос 4

Төмөндөгү сүйлөм түзүлүшү боюнча сүйлөмдүн кандай түрүнө кирет?
 Мен азыр чыгам, сынак тапшырып жатам.

Варианты ответов
  • жөнөкөй жайылма сүйлөм
  • эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөм
  • тең байланыштагы татаал сүйлөм
  • багыныңкы татаал сүйлөм
Вопрос 5

Төмөндөгү үзүндүдөн атама сүйлөмдөрдү таап ,белгиле.
.Эрте жаз.. Теректер турган дөбөгө бардым. Кайран теректер! Жалбырак күбүп турган кези экен. .Силер мынча эмне шуулдайсыңар? Кыш келе жатат. Кейип турасыңарбы? Ооба, бороон-чапкындуу кыш да болот. Жаз да келет.  Силер кейибегиле. Биз силерди жакшылыкка багыштап тиккенбиз. (Ч.А.

Варианты ответов
  • Эрте жаз.Кайран теректер!
  • Эрте жаз.Кар дале кете элек.
  • Кейип турасыңарбы?
  • Жаз да келет.Силер кейибегиле.
Вопрос 6

.Макалдарды толукта
Баатырдын… …маңдайда, чечендин ............ таңдайда.  Жакшы .......... алды - өрт, аркасы- күн. .. ...… жашы, эмкинин карысы болорсуң.

Варианты ответов
  • сулуулугу, адамдын, азыркынын
  • өмүрү, баштагы, абийири
  • көркү, азыркынын,адамдын
  • баштагынын, өмүрдүн, көркү
Вопрос 7

Төмөңдөгү үзүндүдөгү сүйлөмдөрдү оку,  бирдей суроого жооп берип, бирдей сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарып, үтүр менен ажыратылып жазылган сөздөр .............................деп атала тургандыгын далилдеген сүйлөмдөр кайсы катарда туура көрсөтүлгөн
1....Бул легенда эмес, турмушта болгон тарыхый окуя. 2.Бул тууралуу кытай тарыхында ар кандай пикирлер, жоромолдор айтылып келет. 3.Аны гунндардын колуна түшүп берген  саткын , чыккынчы деген пикирлер , жоромолдор бар. 4. Албетте , ар тарыхчы- окмуштуу тарыхка өз көз карашын айтары чындык5. Тескерисинче, согуш ишинде ар дайым боло келген жаңылыштыктардын курманы болгон деген пикирлер да жок эмес .6. Түрк элдеринин тарыхында да, жомокторунда да, эпосторунда да ушундай болмуштар сакталып калган.(О.Ибраимов)

Варианты ответов
  • сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү, 1,4,5-сүйлөмдөр
  • сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү, 2,3,6-сүйлөмдөр
  • киринди сөз, 4,5- сүйлөмдөр
  • каратма сөз, 2,3,5-сүйлөмдөр
Вопрос 8

Туура жоопту белгиле.
 .................жардамы менен биз пикир алышабыз, ой-сезимибизди билдиребиз.

Варианты ответов
  • тыбыш
  • сөз жана сөз маанилери
  • синтаксис жана лексика
  • сүйлөм
Вопрос 9

Асты сызылган сөздөр төмөнкүлөрдүн кайсынысына мүнөздүү?Туура жоопту белгиле.
 Карыган чоң атасы, чоң энеси жана өз энеси, жаш карындашы калыптыр. Сакалдуулардан ыйбаа кылган кыздар, кайнагаларынан качкан келиндер босогонун, туурдуктун капшытынан шыкаалашууда. (К.Ж.)  Командир аябай ачуулуу жана каардуу. Энеси баласынын жакшы окугандыгына аябай толкунданып да жатты, сүйүнүп да жатты

Варианты ответов
  • киринди сөздөр
  • бир өңчөй аныктоочтор
  • )бир өңчөй айкындоочтор
  • бир өңчөй баш мүчөлөр
Вопрос 10

Туура жоопту белгиле. Ишканалардын ортосундагы ... мамилелер ... келе жатат.

Варианты ответов
  • бириккендик , өөрчүп
  • кызматташтык, өнүгүп
  • жардамдашуу, өсүп
  • өзгөчөлүк, өркүндөп
Вопрос 11

Өзүн- өзү тарбиялоо – улуу инсандык сапат. Өзүн-өзү тарбиялоо- бул адамдын калыптанган идеал ынанууларга ылайык, аң сезимдүү коюлган максатка карата өз личностун өзгөртүүгө багытталган ишмердүүлүгү. Өзүн-өзү тарбиялоо үчүн алгач личность белгилүү даражада өсүшү, өнүгүш, өзүн-өзү аңдап, сындап билүүсү керек. Өз кемчилик, артыкчылык жана мүмкүнчүлүктөрүн көрө билүүсү – бул анын жетиктигинин көрсөткүчү жана өзүн-өзү тарбиялоосунун өбөлгөсү. Ар адамда жакшы болууга табигый умтулуу бар. Өзүн-өзү тарбиялоо адам эс тартып, өзүнүн мендигин сезип, билим-тарбиянын зарылдыгы жана баалуулугун түшүнуп, сезген кезден, өзүн-өзү тарбиялоо зарылчылыгын туюп, анын жолдорун издеп таап, билген кезден башталат(Г,Мадаминов.АЭМ) 
Жогорудагы үзүндүну оку. Суроого жооп бер.Өзүн-өзү тарбиялоо деген эмне?

Варианты ответов
  • адамдын өздүгүн өзгөртүүгө багытталган ишмердүүлүгу, инсандык сапат
  • А)табигый зарылчылык, тарбиялоо өбөлгөсү
  • адам ишмердүүлүгү, табигый умтулуу
  • улуу сапат,өзүн-өзү сындап билүү,өбөлгө,тарбия
Вопрос 12

Кайсы сүйлөмдө сызыкча туура  коюлган?

Варианты ответов
  • А)Бул гүлдөр – аябай кооз экен.
  • канаттуулардын учуп келиши – жаздын белгиси.
  • Билими күчтүү – бирди жыгат.
  • Г)Өзүн-өзү тарбиялоо – улуу инсандык сапат болуп эсептелет
Вопрос 13

 Сүйлөмдөрдү толукта. Туура жоопту көрсөт.
Жакшы .... жан сергитет, ……сөз…… Көп …. билбейт, ...  ...... билет  Кылыч жарасы бүтөт, …… … бүтпөйт.

Варианты ответов
  • сөз, ачуу, капа кылат,алган,азды көргөн, бычак жарасы
  • капа кылат, алган, бычак жарасы, азды көргөн,ачуу, сөз
  • пейил, кооз, капа кылат, окуган, көп жашаган, жүрөк жарасы
  • сөз, жаман, жан кейитет, жашаган, көптү көргөн, сөз жарасы
Вопрос 14

Үзүндүнү окуп. Сүйлөмду толукта.сүйлөмдүн түрун ажырат.
 Жаңы теманы жаңылыкты, проблеманы, лекцияны талкууласак, ошондо терең билип, эсибизде жакшы калат. Талкуу, талаштан чындык жаралат. Талкуу болсо, адам кызыгып, көңул бурат. Талкууда көпчүлуктүн көңүлү бурулуп, коомдук пикир түзүлөт. Талкууда ой түшүнүк бышык болот. Ал жараянда кеңири байкалбаган кичи бөлүктөрү,деталдар,  алардын ички сыры жана башкалар терең жана чар тараптуу билим, түшүнук калыптанат 
Талкуу..... ....... алууга .... болот,талкууда .....пикир ....

Варианты ответов
  • бекем, билим, көмөк, коомдук, түзүлөт, тең байланыштагы татаал сүйлөм.
  • бекем, билим, көмөк, коомдук, түзүлөт, бир өңчөй мүчөлүү жөнөкөй сүйлөм.
  • бышык , тарбия, жардам , кайчы, жаралат,жөнөкөй жайылма сүйлөм
  • жакшы билим, жардам, анда, саясий, өнүгөт, жөнөкөй жай сүйлом
Вопрос 15

Экзамен, сессияга мыкты даярдануу өзүн-өзү моралдык-психологиялык жактан даярдап, көңүлдү топтоп, өзүнө-өзү установка берүүдөн башталат.Мыкты даярдануу үчун сессияга семестр ичинде, лекция, семинарларга активдүү катышып жүрүп, үзгүлтүксүз даярдануу, экзамен, зачет боло турган бардык лекцияларды конспектилеп, системалуу, түшүнүктөрдү жазып, жаттап жүрүү. Китеп менен иштөө, конспект жазуу ж.б. темаларды пайдаланып даярдануу керек. Ар билеттин суроолоруна кыскача жооп жазуу он натыйжа берет.Энциклопедия, интернет булактарын да пайдаланса болот.
Суроого жооп бер. Туура жоопту белгиле.Сессияга мыкты даярдануу үчүн эмне кылуу керек?

Варианты ответов
  • лекция, семинарларга катышуу, лекцияны конспектилөө, суроолорго жооп жазуу, китеп менен иштөө, интернет булагын пайдалануу
  • окуу, жаттоо, кайталоо, эс алуу, интернеттен сүрөткө тартып алуу, сабакка калтырбай катышуу, баарын интернеттен тапса болот
  • В)интернеттен окуу, жаттаганын жазуу, суроого жооп жазуу, энциклопедиялардан, интернеттен конспект жазуу
  • сабакка катышуу, китепканадан конспект жазуу, окутуучудан сурап даярдануу, баарын интернеттен эле окуп алса болот
Вопрос 16

.Сүйлөмдөрдү тиешелүү байламталарды коюу менен толуктагыла.Туура жоопту белгиле.
 Султанмурат азыр кызды дагы бир карады …, аны абдан аяп кетти.  Муну укканда мен ордуман ыргып турдум, …. Дүйшөн ошол Сайкал кемпирдин үйүндө турчу.  Чоң эненин көздөрү саал күлүмсүрөй түштү, … аны Динар байкай албады. Чоң эне Оморго бир топ сөздөрдү айтты…, жаңы отурган Сабырга бурулду. Бала бир далайга чейин унчуккан жок, … Сатардын айтканына абдан кызыкты. Ташпай Айтикеге акырая бир карады…, калың өрүктү аралап кетти.

Варианты ответов
  • дагы, анда, а бирок, же, ошентсе да, андан кийин
  • да, себеби, а, анан, менимче, дагын
  • да, себеби, бирок, да, анткени, да
  • )дагы, анда, бирок, дале, себеп дегенде, окшойт.
Вопрос 17

. Сүйлөмдү толукта, түзүлүшунө карай кандай сүйлөм, туура жоопту көрсөт. 
Курманжан Датка ѳз ... саясий ... катары бааланган.

Варианты ответов
  • . Сүйлөмдү толукта, түзүлүшунө карай кандай сүйлөм, туура жоопту көрсөт. Курманжан Датка ѳз ... саясий ... катары бааланган. Б)мезгилинин, акылманы,татаал сүйлөм
  • А)заманынын, иштерманы, жөнөкөй жай сүйлөм
  • кылымынын, ишмери, бир өңчөй мүчөлүү сүйлөм.
  • доорунун, ишмери, жөнөкөй сүйлөм
Вопрос 18

Сүйлөмдү толукта, айтылыш максатына карай кандай сүйлөм, туура жоопту белгиле 
Чыңгыз Айтматов ... сыйлыгын 16 жашында согуш ... алган.

Варианты ответов
  • башталгыч, убактысында, атама сүйлөм
  • баштапкы, талаасында, татаал сүйлөм
  • алдыңкы, башталганда, жөнөкөй сүйлөм
  • алгачкы, убагында, жай сүйлөм
Вопрос 19

Сүйлөмдөрдү толукта. Туура жоопту белгиле. 
Түзүлүшүнө карай .... сүйлөм.
Исхак..... – улуу ......,  анын ѳмүр ... келечек ... үлгү боло алат.

Варианты ответов
  • татаал, Сыдыков, коомдук ишмер, баяны, мезгилге
  • татаал , Раззаков, инсан, жолу, муундарга
  • жөнөкөй, Раззаков, ишкер,жолу, күндөрүбүзгө
  • татаал, Келдибеков, саясатчы, дастаны, күндөргө
Вопрос 20


 Сүйлөмдү толукта. Кандай сүйлөмго тиешелүү? Туура жоопту белгиле.
Жакшылык, .... баасын билип, өз дарамет жана ...........туура баалай билүү – ..... жаралуусунун ачкычы.

Варианты ответов
  • кең пейилдиктин, күчүңдү, жетишкендиктин, каратма сөздүү сүйлөм
  • өсүүнүн, жетишкендиктеринди, жөнөкөй илептүү сүйлөм
  • акылмандыктын, күчүңдү, өнүгүүнүн, байламталуу сүйлөм
  • жамандыктын, артыкчылыктарынды, ийгиликтин, бир өңчөй мүчөлүү сүйлөм
Вопрос 21

Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн көрсөт. 
Чокан Валиханов кыргыз аялдарынын коомдогу таасирин, ачык-айрымдыгын, меймандостугун суктануу менен жазган

Варианты ответов
  • кыргыз аялдарынын, коомдогу таасирин, ачык-айрымдыгын,мейман-достугун, суктануу менен
  • жазган, кыргыз аялдары, коомдогу таасир, ачык-айрым.
  • Чокан Валиханов, жазган, коомдогу таасирин, суктануу менен
  • Чокан Валиханов,кыргыз аялдарынын, ачык айрымдыгын, жазган
Вопрос 22

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн көрсөт.
Тестке даярдануу учурунда окуучулар билимин бышыктайт, логикасын, ой жүгүртүүсүн өстүрөт.

Варианты ответов
  • тестке даярдануу, окуучулар
  • окуучулар, бышыктайт, өстүрөт
  • окуучулар, билимин, бышыктайт
  • билимин, бышыктайт, өстүрөт
Вопрос 23

Сүйлөмдөрдү толукта, кандай сүйлөм.?Туура жоопту көрсөт. 
 Билим ..........., терең системалуу болуу үчүн ......... предметти окуп үйрөнүүдө өткөндү жаңы менен ....., ........., өз ара байланыштырууга, системага салууга өзгөчө ........, берүү керек!

Варианты ответов
  • бышык, ар түрдүү, алмаштырууга, кайталоого, көңүл , бир өңчөй мүчөлүү, татаал,
  • бекем, ар бир, байланыштырууга, кайталоого, маани бир өңчөй мүчөлүү, жөнөкөй
  • бекем, ар бир, байланыштырууга, бириктирүүгө, көңүл бир өңчөй мүчөлүү, тең байланыштагы татаал
  • ар түрдүү,ар бир, бириктирүүгө, кайталоого, басым, бир тутумдуу татаал бир өңчөй мүчөлүү
Вопрос 24

Синтаксис изилдей турган объектилерине ылайык .........
бөлүмдөн турат: ..............   .................

Варианты ответов
  • эки, сөз айкашынын синтаксиси, сүйлөмдүн синтаксиси.
  • үч, сөз айкашы, баш мүчө, айкындооч мүчө синтаксиси
  • эки, сүйлөм, сүйлөм мүчөлөрү синтаксиси
  • 4,сүйлөм, баш мүчө, айкындооч мүчө, татаал сүйлөм грамматикасынын синтаксиси
Вопрос 25

Сөз айкаштарынын компоненттеринин ортосундагы лексико-семантикалык 
жана грамматикалык байланыштарынын өзгөчөлүктөрүнө карай сөз айкаштары.............. :..................болуп,  ................ бөлунот

Варианты ответов
  • Эркин сөз айкаштары , өзгөрмө сөз айкаштары жана эркин эмес сөз айкаштары болуп, үч топко бөлүнөт
  • фразеологизмдик сөз айкаштары , өзгөрмө сөз айкаштары, татаал, жөнөкөй жана компоненттүү болуп, 5 топко бөлүнөт
  • эркин сөз айкаштары жана туруктуу сөз айкаштары болуп эки топко бөлүнөт.
  • эркин соз айкаштары , фразеологиялык, өзгөрүүчү сөз айкаштары болуп, үч топко бөлүнөт
Вопрос 26

Кыргыз тилинде сүйлөм ичиндеги сөздөрдү өз ара 
тутумдаштыруучу синтаксистик байланыштын түрлөрүнө...........   кирет

Варианты ответов
  • таандык, багыныңкы, тең байланыштагы, туруктуу
  • ыкташуу, туруктуу, өзгөрүүчү, таандык, багыныңкы
  • ээрчишүү,ыкташуу, башкаруу, таандык байланыш кирет.
  • ыкташуу, туруктуу, фразеологиялык, эркин
Вопрос 27

Сүйлөм - бул ............

Варианты ответов
  • Сүйлөм грамматикалык жагынан уюшулган кептин бир бүтүн бирдиги жана адамдын оюн уюштуруучу, ал жөнүндө башкаларга кабар берүүчү негизги каражат
  • жөнөкөй болуп, бүткөн айрым ойду билдирип, бир маалыматты түшундүрүүчү каражат
  • татаал жана жөнөкой , туруктуу болуп, бүткөн айрым ойду тушүндүрурүүчү курал
  • туруктуу сөз жана туруктуу соз айкаштарынан тузулуп, бүткөн айрым ойду билдирүүчү каражат
Вопрос 28

Сүйлөмдөр айтылыш максатына карай............ , түзүлүшүнө карай...........  бөлүнот

Варианты ответов
  • 2, 3
  • 4, 2
  • 3, 3
  • 4, 3
Вопрос 29

Жөнөкөй сүйлөмдөр ..............  карай эки тутумдуу жана бир тутумдуу 
сүйлөмдөргө бөлүнөт.

Варианты ответов
  • баш мүчөлөрдүн жана айкындооч мүчөлөрдун бирөөнүн же экөөнүн тең бар экендигине
  • айкыдооч мүчөлөрдүн толук катышына
  • айкындооч мүчөлөрдун бирөөнүн же баарынын тең бар экендигине
  • баш мүчөлөрдүн бирөөнүн же экөөнүн тең бар экендигине
Вопрос 30

....................... карай жалаң жана жайылма сүйлөмгө ажыратылат.

Варианты ответов
  • Сүйлөмдун айкындооч мүчөлөрүнүн толук катышышына
  • Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнун толук катышышына
  • Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү менен байланышкан айкындооч мүчөлөрүнүн бар же жок экендигине
  • Сүйлөмдүн жөнөкөй жана татаал экендигине
Вопрос 31

Сүйлөмдү чакчыл түрмөкту коюп, толукта. Жапар,....................... , жоокерлердин эң алдында кетип бара жатат

Варианты ответов
  • чарчаган, алсыраган
  • чындыгында
  • аштыгын алга карай сундуруп
  • баракелде
Вопрос 32

Сүйлөмдү атоочтук түрмөк коюп, толукта. Бөлмөнүн төр жагынан ............ Сапарбай экинчи ирет отургандарга кайрылды

Варианты ответов
  • чарчап-чаалыккан
  • баятан көпчүлүктөн кеп-сөз күткөн
  • үнүн араң чыгарып,
  • шашыла, алдастап,
Вопрос 33

Сүйлөмдү киринди созду коюп, толукта................жайлоонун коркүнө чыгып, толукшуп турган кези экен го!

Варианты ответов
  • Чындыгында,
  • Бах, чиркин,
  • Калайык-калк,
  • Баракелде,
Вопрос 34

Татаал сүйлөмдүн составындагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара тең укукта жана маани жактан  көз каранды абалда болгонуна жараша татаал сүйлөмдөр ........... болүнөт. 

Варианты ответов
  • үчкө (тең байланыштагы, себеп багыныңкы, максат багыныңкы)
  • 6га(себеп, максат, шарттуу, мезгил, орун, сыпат)
  • 3кө(аралаш, тең байланыштагы, багыныңкы байланыштагы)
  • 4кө( тике байланыштагы. аралаш, тең байланыштагы, багыныңкы байланыштагы)
Вопрос 35

Сүйлөмдөрдүн түрун көрсөт.1. Жакшылап үрөн себилсе, бул жерге ак буудай жер көтөргүс болор . 2.Тоо боорунда өсүп турган долононун жанына басып барганда, анын мөмөсү жерге ийилип берет.

Варианты ответов
  • сыпат багыныңкы, мезгил багыныңкы татаал сүйлөмдөр
  • бир өңчөй мүчөлүү жана киринди сөздүү жөнөкөй сүйлөмдөр
  • шарттуу багыныңкы, мезгил багыныңкы татаал сүйлөмдор
  • тең байланыштагы татаал сүйлөмдор
Вопрос 36

Туура жоопту белгиле, кайсыга тиешелүү?

1) башка бирөөнүн сөзүнүн мазмуну, лексикалык, грамматикалык өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй, так сакталып берилет; 
2) дайыма кейипкердин өзү тарабынан айтылат; 
3) ар убакта төл сөздүн  коштоосу менен айтылат.

Варианты ответов
  • төл жана бөтон сөзгө
  • тике жана кыйыр сөзгө
  • тике созгө
  • диалогго
Вопрос 37

– лык, - чы, - чылык, - чыл, - ист мүчөлөрү энчилүү аттарга уланса кандай жазылат?

Варианты ответов
  • баш тамга менен кашаага алынып жазылат;
  • - жогорку мүчөлөр энчилүү аттарга уланбайт;
  • жалпы атка өтүп, кичине тамга менен жазылат;
  • кичине тамга менен тырмакчага алынып жазылат.
Вопрос 38

Кыргыздар ак түстөгү атты кантип айтышкан?

Варианты ответов
  • ак ат, аппак ат, тунук ат;
  • туура жообу жок
  • ак боз, ак кула, көк, боз;
  • - тору, карагер, жээрде;
Вопрос 39

Кепте диалектилик жана орой сөздөрдү колдонуу катанын кайсы түрү?

Варианты ответов
  • стилдик;
  • -орфографиялык;
  • пунктуациялык.
  • стилистикалык;
Вопрос 40

Медалдардын аттары кандай жазылат?

Варианты ответов
  • - тырмакчага алынып, баш тамга аркылуу
  • сөздөрү бирге, тырмакчага алынбай
  • тырмакчага алынбай, биринчи сөзү баш тамга менен
  • ар бир сөзү баш тамга менен, тырмакчага алынып
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт