Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  9 класс  /  Кыргыз тили,9-класс

Кыргыз тили,9-класс

Avatar
21.05.2020. Тест. Родной язык и литература, 9 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Өтүлгөн темаларды кайталоо үчүн тестти иштегиле.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Киринди сѳз катышкан сүйлѳмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Массалык маалымат каражаттарында айтылды
  • Жол башчысы жакшы болду.
  • Балам, сен бул ишти кѳрдүң беле?
  • Сѳзсүз, бизге келгиле.
Вопрос 2

Сырдык сѳз катышкан сүйлѳмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Массалык маалымат каражаттарында айтылды.
  • Жол башчысы жакшы болду.
  • Баракелде, сѳзгѳ чечен адам экен.
  • Биринчиден, бизге кайрылгыла.
Вопрос 3

Тыныш белгиси туура коюлган сүйлѳмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Менимче ынтымактуулук ийгиликтин ачкычы болот
  • Менимче ынтымактуулук, ийгиликтин ачкычы болот.
  • Менимче, ынтымактуулук ийгиликтин ачкычы болот.
  • Менимче ынтымактуулук ийгиликтин – ачкычы болот
Вопрос 4

Татаал сүйлѳмдүн курамында канча жѳнѳкѳй сүйлѳм ?

Жылдар жылып кылым ѳттү тоолор урап түз болду кѳлдѳр соолуп боз болду.

Варианты ответов
  • 2
  • 3
  • 4
  • 6
Вопрос 5

Тең байланыштагы татаал сүйлѳмдү белгилениз.

Варианты ответов
  • Адептүү адам болду да, үй-бүлѳсүн уятка калтырган жок.
  • Окумуштуулардын кызыгуусун пайда кылып, эксперимент жүргүзүү башталды
  • Замандаштары келсе, ал абдан кубанмак
  • Уулунун жеңишин кѳрүп, кубанычка батты.
Вопрос 6

Мезгил багыныңкы сүйлѳмдү белгилениз

Варианты ответов
  • Достору келбей калгандыктан, үйүн кѳздѳй кетти
  • Экзаменди жакшы тапшыруу үчүн, жакшы даярдыктарды кѳрдү.
  • Бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин, той башталат.
  • Жай айы келсе, биз каникулга чыгабыз
Вопрос 7

Себеп багыныңкы сүйлѳмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Кар кеткенден кийин, жер жашылданат.
  • Канчалык кѳптү окусаң, ошончолук кѳптү билесиң.
  • Ынтымак бар жерде, ырыс да бар.
  • Эжем менден улуу болгондуктан, мен аны дайыма сыйлайм.
Вопрос 8

Сыпат багыныңкы сүйлѳмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Жер жылыгансып, кар эрий баштады.
  • Жамгыр канчалык кѳп жааса, түшүм ошончолук мол болот
  • Кумурсканын ѳзү кичине болсо да, кайраты тоо аткарат.
  • Бала уктабаса, эне да уктабайт
Вопрос 9

Орун багыныңкы сүйлѳмдү белгилениз.

Варианты ответов
  • Конок келген үчүн, анын кѳңүлү ачык болду
  • Жамгыр кѳп жааса, чѳп тез чыгат.
  • Кыздарды күтпѳстѳн, ѳзү кетип калды
  • Билим кайда болсо, ѳнѳр да ошол жерде болот.
Вопрос 10

Көрсөтүлгөн текст стилдин кайсы түрүнө мүнөздүү?

Таш бакалар. Таш бака башка сойлоочулардан ѳзүнүн түзүлүшүндѳгү ѳзгѳчѳлүктѳрү менен айырмаланып турат.Териси катуу сѳѳккѳ айланган.

Варианты ответов
  • көркөм
  • публицистикалык
  • илимий
  • расмий
Вопрос 11

Мүнѳздѳмѳ, ишеним кат стилдин кайсы түрүнө мүнөздүү?

Варианты ответов
  • көркөм
  • публицистикалык
  • илимий
  • расмий эмес
Вопрос 12

Аныктооч катышкан сүйлѳмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Балам, мүнѳзүңдѳн жазба
  • Азыркы заманда жакшы болду.
  • Кыштын күнү суук болду.
  • Саламдашкан уул-кыз сиздики тура.
Вопрос 13

Бышыктооч катышкан сүйлѳмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Канаттуулардын угуу органдары ѳрчүгѳн.
  • Балдарга майрам уюштурулду
  • От менен ойнобо.
  • Рактар дарыяда жашайт.
Вопрос 14

. Асты сызылган сѳздүн синтаксистик кызматын белгилеңиз.

Балыктар кумурска сымалдардын личинкалары ж.б. менен азыктанышат.

Варианты ответов
  • ээ
  • баяндооч
  • аныктооч
  • толуктооч
Вопрос 15

Төмөндөгү грамматикалык каражаттардын кайсынысы сөз жасай алат?

Варианты ответов
  • –ыл
  • –га
  • –ы
  • –ла
Вопрос 16

ТЕКСТТИ КӨӉҮЛ КОЮП ОКУП, №16-20 ЧЕЙИНКИ ТАПШЫРМАЛАРДЫ ТЕКСТТИН НЕГИЗИНДЕ АТКАРЫӉЫЗ.

Манас айылы

1.Манас айылы Таласта, Кеӊ-Колдун оозунда жайгашкан. 2.Манас айылын экиге бөлүп Кеӊ-Кол суусу агып өтөт. 3.Манас атабыз ошол Кеӊ-Кол өрөөнүндө жайлапкыштап келген. 4.Кеӊ-Кол өрөөнүнүн оозунда Манас атабыздын айтылуу Кароол-Дөбөсү жайгашкан. 5.Мына ушул айылда Манас атабыздын күмбөзү бар. 6.1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы болор алдында Манас атанын күмбөзүн оӊдоп, реставрация кылышкан.

16. Тексттеги энчилүү аттарды белгилеӊиз.

Варианты ответов
  • айыл, оозунда, суу, ата, күмбөз
  • Манас, Талас, Кеӊ-Кол, Кароол-Дөбө, «Манас»
  • мына, ушул, экиге, ошол, бөлүп
  • реставрация, кылышкан, бар, агып өтөт, келген
Вопрос 17

5-сүйлөмдөгү илик жөндөмөсү уланган сөздү белгилеӊиз.

Варианты ответов
  • атабыздын
  • айылда
  • күмбөзү
  • Манас
Вопрос 18

Текстте колдонулган кептин түрүн белгилеӊиз

Варианты ответов
  • оозеки стиль
  • жазуу стили
  • ой жүгүртүү
  • баяндоо
Вопрос 19

4-сүйлөмдө өтмө мааниде колдонулган сөз айкашы:

Варианты ответов
  • оозунда
  • Кароол-Дөбө
  • айтылуу
  • өрөөн
Вопрос 20

Текстте иреттик сан атооч катышкан сүйлөмдү белгилеӊиз.

Варианты ответов
  • 5-сүйлөмдө
  • 2-сүйлөмдө
  • 6-сүйлөмдө
  • 4-сүйлөмдө
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт