Кыргыз тили
Список вопросов теста
Вопрос 1
Кайсы варианттагы сүйлөмдүн биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнүн сыпатын билдирип турат?
Варианты ответов
- Кечээ кар жаады,малинанын мөмөлөрү күбүлүп калыптыр.
- Тапшырмаларды убагында аткарса,сынакка даяр болмок.
- Атасы шаардан келгенден кийин,тынч уктады.
- Бир убакта башы айланып,жүрөгү опкоолжуй түштү.
Вопрос 2
"Буга чейин мынчалык көп жумуш кылган эмессиң,_____________ ден соолугуңду чыңдап анан башта".
Сүйлөмдү төмөндөгү берилген берилген сөздөрдүн кайсынысы менен толуктасак, мааниси туура болот?
Варианты ответов
- анткени
- андыктан
- антсе да
- анткени менен
Вопрос 3
...... окуганымды жакшы түшүнбөйм.
Берилген сүйлөмдү кайсы вариант менен толуктасак, шарт маанисин камтыган сүйлөм түзүлгөн болот?
Варианты ответов
- Сен окуп берчи
- Бирөө айтып бермейинче
- Көпкө чейин талаштык
- текстти кыргызчага которуп берчи
Вопрос 4
Азыр биздин жашообуз жакшы: жумушубуз бар, ден соолугубуз чың». Жогоруда кандай маанидеги сүйлөм берилген?
Варианты ответов
- Салыштырмалуу
- Б) Шарттуу
- В) Божомолдуу
- Г) Түшүндүрмөлүү
Вопрос 5
Кайсы варианттагы сүйлөмдүн биринчи бөлүгү шартты билдирип турат?
Варианты ответов
- Канчалык алыска кетсең да, кайтып келесиң.
- Анын көңүлүн алууга аракеттендим — кечирбеди.
- Бирөөнүн артынан сүйлөбө — жаман көрүнбөйсүң
- Г) Кылганыңа миң өкүн — өзгөртө албайсың.
Вопрос 6
Кайсы варианттагы сүйлөмдүн биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнө каршы мааниде турат?
Варианты ответов
- Ал жумуштан келгиче, түн ортосу боло турган болду.
- Б) Өткөн чакка өкүнгүчө, бүгүнкүгө ыраазы бол.
- Кар эригиче, лыжага барып келели.
- Силер убада бергиче, макулдук бербейм.
Вопрос 7
Кайсы сүйлөмдө сүйлөмдүн биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнүн мезгилин билдирип турат?
Варианты ответов
- Жыйыналыш бүтсө, чогуу чай ичели.
- Ал чын айтса деле, ишенбегендер көп.
- Сен кандай үйрөтсөң, ал ошондой билет.
- Асан айыкса, ата-энеси кубанат.
Вопрос 8
Кайсы сүйлөмдүн биринчи бөлүгү максатты билдирип турат?
Варианты ответов
- Ата-энем менен акылдашсаң, баары жакшы болот..
- Ага аябай таяндык эле, эми өкүнүп отурабыз.
- Баарына убада берип коюп, келбей койду.
- Дагы алдап кетпесин деп, планды айтпай койдук.
Вопрос 9
Кайсы катардагы сүйлөмдүн тутумундагы сүйлөмдөр багыныңкы байланышта турат?
Варианты ответов
- Катаны баары көрөт, чечимди ким көрөт?
- Гүл талаага көрк берсе, акыл адамга көрк берет.
- Сенден өткөн жакыным жок, ойлосоң жүрөгүмдө чок.
- Билбөө уят эмес, үйрөнбөө — уят.
Вопрос 10
«Тапшырыгы жетиш... кал... белеги даяр бол... көңүлү тынчы...» Бош калтырылган жерлерге кайсы варианттагы мүчөлөр катарынан уланса, туура сүйлөм түзүлөт?
Варианты ответов
- -бай, -ып, -бай, -ды
- -ып, -са, -ып, -ба+й+т
- -бай, -са, -ып, -мак
- -ып, -ып, -ып, -ды
Вопрос 11
Аралаш татаал сүйлөмдү табыңыз.
Варианты ответов
- Жалкоолукту таштап, көп изденсек, ийгиликке жетесибиз.
- Телефонду таштап, китеп окусаңар, пайда табасыңар.
- Даярданып отурсам, көзүм илинип кетти, катуу чарчаптырмын.
- Алдануу өлүмдөн жаман, анын жүзүн ары кылсын.
Вопрос 12
Кайсы катардагы сүйлөмдө тыныш белгилерине тиешелүү ката бар?
Варианты ответов
- "Бүгүн жакшы иш кылдык" - деди Бектур.
- Атам: "Үйрөнгөнүң - өзүң үчүн".
- "Качан болот экен?" - деп сурады.
- "Баары туура, - деди мугалим, - азамат!"
Вопрос 13
Кайсы варианттагы тыныш белгисиз сүйлөмдө төл жана тике сөз камтылган?
Варианты ответов
- Бул менин идеям.
- Ал апасына бардыгын айтты.
- Ал апасына сизди сыйлайм деди.
- Ал өзү менен сыймыктанарын айтты.
Вопрос 14
Өмүр бою тоодо жашагысы келгенин белгиледи
Жогорудагы сөздү тике сөзгө айланткыла.
Варианты ответов
- Ал "Өмүрүн тоодо өткөрөм" деди.
- Ал "Буга чейин тоодо жашаганын" айтты.
- "Тоодо жашоону өмүр бою самап келем", - деди.
- Ал "Өмүрүмдү тоодо өткөргүм келет" деп кыйкырды.
Вопрос 15
Кайсы вариантта сүйлөмдөрдүн тыныш белгилери туура коюлган?
Варианты ответов
- Толстой: "Сүйүүсүз жашоо оңой эле, бирок ансыз жашоонун манызы жок", - деп айткан экен.
- «Сүйүүсүз жашоо оңой эле, бирок ансыз жашоонун маңызы жок, - деп айткан экен Толстой»
- Толстой: "Сүйүүсүз жашоо оңой эле, бирок ансыз жашоонун маңызы жок" деп айткан экен.
- "Сүйүүсүз жашоо оңой эле, бирок ансыз жашоонун маңызы жок" - деген экен Толстой.


